Жек Лондон
Мартин Иден
— Жүрөгүмдү мынчалык эзбеңизчи, — онтоп жиберди Руфь. — Менин сизди сүйөрүмдү сиз билесиз, бул жерге бир гана ошончүн келдим.
— Сиз мени туура түшүнбөй калдыңыз окшойт, — деди Мартин жумшак гана. — Сиз мага муну айтсаңыз: эмнеге сиздин мен арып тозуп жүргөн күндөрдө баш тартып кеткенге чечкиндүүлүгүңүз жетти эле, эми андан бетер катуу сүйүп калыпсыз да?
— Анын баарын кечириңиз да унутуңуз! — жалбарып жиберди Руфь. — Мен сизди ар дайым сүйгөн болчумун! Уктуңузбу — ар дайым! Мына ошончүн бул жерге келип, сиздин мойнуңузга асылып турам. .
— Мен азыр эч кимге ишенбей калдым, баарын таразага тартып көрчү болдум. Мына азыр да сиздин сүйүүңүздү тартып көрүп, мунун эмне экенин билгим келет — деди Мартин.
Руфь анын кучагынан шарт бошонуп, боюн жасап түзө, аны тигиле карап калды. Бирдеме дейин деп барып кайра токтоду.
— Менин бул жөнүндө кандай ойлорумду уккуңуз келеби? — сөзүн улантты Мартин. — Мен ушундай эле болчумун, азыр деле аныман жазган жерим жок, өз чөйрөмдөгүлөрдөн башка мени менен иттин да иши жок эле. Китептерим жазылып бүткөндө кол жазмаларымды окуган бирөө да мага бир ооз жылуу сөз айтып койгонго жарабады. Тескерисинче, мени кандайдыр бир уят иш кылыбаткансып, жазып атканым үчүн сөгүп атышты. Баарынын айтканы бир гана сөз болду: бекер жүрбөй, ишке кир, ишке кир дегенден башканы укпадым.
Руфь каршы болгондой козголо берди.
— Ооба, ооба, — деди сөзүн улантып, Мартин, — сиз ырас, иш жөнүндө эмес, «мансап» жөнүндө айтып аттыңыз. «Иш» деген сөз сизге менин жазганым сыяктуу эле жаккан эмес эле. Бул сөз, албетте ороюраак! Бирок ишенсеңиз, менин назарымда мындан он эсе оройлук — тегерегимдегилердин баары мени чектен чыккан кылмышкерди түз жолго салып аткансып, иште деп жанымды сууруп алганы болду. Анан эмне болду? Менин чыгармаларымдын жарык көрө баштаганы жана элдин жактырганы сиздин сезимиңизди өзгөртүптүр да. Менин бардык чыгармаларым ошол кезде эле жазылса да сиз ошондо Мартин Иденге күйөөгө чыккандан баш тартып койдуңуз эле. Сиздин сүйүүңүз ошол кезде ага турмушка чыгууга алсыздык кылган! Эми азыр болсо сиздин сүйүүңүз кайрадан жалындап чыккан экен да? Мындай укмуш фактынын чоо жайын бир гана менин атактуу болуп чыга келгенимден издеш керек го дейм. Менин азыр кирешем жөнүндө айтыбаткан жокмун, мүмкүн сиз деле аны ойлогон эместирсиз, бирок сиздин ата-энеңиз үчүн бул кыязы, негизги мааниге ээ болсо керек. Мунун баары мен үчүн анчалык деле көшөкөрлөнгөндүк эмес! Бирок жаман жери бул мени махабаттан, ыйык махабаттан шек саноого аргасыз кылыбатпайбы! Кантип эле чыныгы махабат да атак менен даңкты санасын? Ошондой окшойт! Мен бул жөнүндө өтө көп ойлондум, башым да айланып калды.
— Бечара башыңыз! — Руфь боору ачыгандай анын чачынан сылап койду. — Эми мындан ары эч качан айланбай эле койсун. Жакшылап эс алсын эми. Мартин, келиңиз, баарын кайра башынан баштайлы! Мен апамын тилине кирип алсыздык кылдым. Мындай кылбашым керек эле. Бирок адам деген кечиримдүү болушу керек деп өзүңүз көп айтчу эмес белеңиз? Мага да кечиримдүү болсоңуз. Мени кечириңиз!
— О, мен кечирем! — деди ал сабыры чыдабай. — Кечире турган нерсе жок болсо, кечириш жеңил! Сиздин кылганыңыз кечиримге муктаж эмес. Сиз өз түшүнүгүңүзгө жараша иш туттуңуз. Мен деле кызматка орношпогонум үчүн сизден кечирим сурасам болмок.
— Бирок мен сизге жакшылык каалаган элем, — деп жиберди ал шашкалактап, — мен сизди сүйгөндөн кийин, жакшылык кааладым да!
— Аныңыз туура, бирок сиз мага жакшылык кылам деп аз жерден мени курутуп коё жаздадыңыз. Ооба! Аз жерден менин талантымды, келечегимди өлтүрүп сала жаздадыңыз! Менин табиятыман реалистмин, буржуазиялык искусство болсо чындыкты көргүсү жок. Буржуазия коркок. Ал турмуштан коркот. Сиз да менин жашоодон коркконумду кааладыңыз. Сиз мени капаска салгыңыз келди. Сиз мени жалган баалуулуктарга баш ийдирүүнү эңсеп, мага шарттуу былжырак моралды таңуулагыңыз келди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.