Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Эгерде ачууланган кезде көнүмүш адаты боюнча өзүнүн сезимтал эриндерин өңүнөн каардуулук, кала берсе, безерилик көрүңгүдөй кылып бекем кымтыбаса, анда анын эриндери деле кадимкидей көрүнмөк. Бул эриндер жоокер менен ашык жигиттики эле. Ээги менен бир аз салмактуу ылдыйкы жаагы анын мүнөзүнүн өктөмдүгүн айтып турат. Бул кайраттуулук сезимталдыгын тең салмактап тургандыктан, ал жандуу кооздукту гана жактырып, жандуу сезимталдыкка гана жооп кайтарчу. Ал эми жылмая караганда эриндеринин арасынан өмүрү тиш догдурга иши түшпөгөн седептей тизилген тиштери жарк эте түшөт. Азыр да күзгүдөн жакшылап карап отуруп, акактай тиштеринин бекем, тегиз отурганын байкады.  Бирок ошол замат эмнегедир уяла түшкөнсүдү. Акыл-эсинин кайсы бир бурчөгүндө айрым адамдардын күн сайын тиштерин тазалап турганы бүдөмүк элестеп чыга келди. Ал адамдар мартабасы жогору чөйрөдөгү, Руфтун чөйрөсүндөгү адамдар болчу. Руфь да күн сайын тиштерин тазалап жууп турат болушу керек. Эгерде ал Мартиндин өмүрү тиш жуубаганын укса эмне деп ойлойт? Ал эртеси эле тиш щетка сатып алып, муну эми такай эреже кылып алмай болду. Кызды бир гана эрдигиң менен багынта албайсың. Ал бардык жагынан өзгөрүшү керек, тиш жуугандан тартып, ага кудум эркинен ажыраткандай сезилсе да, сөзсүз крахмалданган жака тагынып жүрүүгө чейин оңолбосо болбой калды эми.

Мартин колун өйдө көтөрүп сөөмөйү менен алаканынын чорун ушалап сыйрып кирди, кир этине ушунчалык терең сиңип калган экен, щетка менен кырсаң деле кетчү түрү жок. Руфтун алаканычы! Жадагалса, эстегенге да жагымдуу. Роза гүлүнүн желекчесиндей назик; кармасаң салкын, кардын кыпынындай жепжеңил. Мартин аялдын колу ушунчалык жумшак жана назик болорун түк ойлобоптур. Мына ошол колдор эркелетсе кандай лаззатка батыраарын ойлогондо Мартин уялып, кызара түштү. Руфка карата болгон мындай ою өтө эле одоно жана анын жан дүйнөсүнүн сулуулугун кемсинткендей сезилип кетти. Анткени Руфь күнөөсү арбын кара жерден алда канча бийик, алыс мейкиндерде каалгыган караан, куба өңдүү периште эмеспи. Анан да Руфтун жумшак алакандарын эстей берди. Ал оор иштен колдору туурулган фабрикадагы кыздардын жана баш аягы көрүнбөгөн үй тирилигинен белдери бекчейген аялдардын таштай катуу жана чор баскан колдоруна жедеп көнгөн эле. Арийне, алардын колдору эмнеликтен мындай экенин жакшы билчү. Руфтун колдоручу, жумшак, үлбүрөк назик — анткени кара жумуш деген ага жат эмеспи. Жашаш үчүн иштегенге зарылдыгы болбогон адамдар бар экенин ойлоор замат, Руфь экөөнүн ортосундагы туңгуюк айырма кайрадан тереңдей түшкөнсүдү. Ошол замат көз алдына жумуш деген эмне экенинен кабары жок ак сөөктөрдүн образы тартыла калды. Агыш-киргил дубалдын бетине калкып чыга калган бул образ ага кадимки колодон жасалган сүрдүү айкел сымал көрүндү. Мартин эс тарта баштагандан тартып эле, кара жанын карч уруп иштей баштаган; анын бүт үй-бүлөсү да жээр нанын маңдай тери менен таап келген. Мисалы, Гертруданы эле алалычы. Анын кир жууй берип самындан жарылган колдору шишип, сууга кайнаган эттей кызарып кеткен. Же берки эжеси Мэриенчи. Ал консерва жасаган заводдо иштечү, кичинекей назик колдорунда помидор туураган бычактан кесилген жерлери сансыз эле. Анан да өткөн кышта картон жасаган фабрикада иштеп жүргөндө, машинеге эки манжасын алдырып жибергеничи. Анан көз алдына энесинин табытта кайчылашып жаткан туурулган колдору тартыла түштү. Атасы деле өмүр бою кара жанын карч урган иштен бери болгон жок го, анын алаканындагы чордун калыңдыгы беш эли эмес беле. Ал эми Руфтун колдору, анын эле дейсиңби, ага-инилеринин, апасынын колдору да пахтадай жумшак эле.  Аны бөтөнчө айран-таң калтырган мына ушул нерсе болду — бул кыз экөөнүн ортосун асман менен жердей бөлүп турган айырмалыктын далили менен кол тийгис ак сөөктүктүн кашкайган анык белгиси эле.

Мартин кейиштүү жылмая керебетке олтурду да, акырында бутун чечти. Ал акылынан адашкан экен, — аялдын өңүнөн, аялдын назик колдорунан да киши кадимкидей мас болобу, капырай. Аңгыча болбой, көз алдына жаңы көрүнүш тартыла берди. Мына, ал түнкү Лондондун Ист-Энд көчөсүндөгү кебетеси суук, заңкайган үйдүн жанында туру, жанында болсо он бешке келип калган жумушчу кыз Марджи бар. Мартин аны оюн-зооктон кийин үйүнө узатып барса керек эле. Кыз малканадай болгон ушул ыплас үйдө жашачу. Коштошуп жатып Мартин ага колун сунду. Марджи буга жооп кылып эриндерин тосо берди, бирок Мартин аны түк өпкүсү келген жок. Кыз аны эмнеси менендир чочулатып тургансыды. Ошондо шагы сына түшкөн кыз байкуш шашкалактап колун кыскан эле. Мартин анын кичинекей алакандарындагы одуракай чорду сезди да, күтүлбөгөн жерден ичи эңшериле, боору ачып кетти. Ал кыздын жалдыраган көздөрүн, али баланыкындай болсо да, аялдын азырынча уяң мүнөз, бирок ачкөз сокур сезими эчак ойгонгон денесин көрүп турду. Боорукер жаны чыдабай кетип, кучактап, эриндеринен өөп койду. Кызчанын сүйүнө онтоп жибергенин укту да, колтугуна мышыктай жабышып кынала түшкөнүн сезди. Кичинекей алсыз жан бечара десе! Эчак алыста калган ошол элеске Мартин муңайым тиктеп турду. Кыз ага ыктаган ошол минутадагыдай денеси дирт эте түшүп, жүрөгү аянычтан кысылып кетти. Бул бозорогон кунарсыз элес эле: асман ошондо да бозомук эле, таш төшөлгөн кир көчө бетине шыбыргактап төгүп турган жаан да бопбоз эле. Бир оокумда көздү уялткан жарык шоола үйдүн дубалын нурдантып, көзүнө элестеп турган эмелеки көрүнүштөрдү түгөл жууп кеткенсиди, маңдайында алтын чачтан тажы кийген Руфтун ак жуумал жүзү кайрадан кол жеткис жылдыздай жарк этип чыга келди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.