Жек Лондон
Мартин Иден
— Балдарды да бузуп атпайбы бул! — кайра күтүлбөгөн жерден бакырды Хиггинботам, аялынын дым дебей олтурганына жаны кашая. Кээде ал аялынын көбүрөөк каршылык көрсөтүп, тилин тартпай, ажылдаша айтышып турушун каалачу. — Эгерде мындай дагы бир жолу кайталанса, иниң бул үйдөн караанын көрсөтпөй жоголсун. Уктуңбу? Менин бешиктен али бели чыга элек балдарым мунун мас кебетесин күндө көрүп, бузулуп кетишин каалабайм! — Мистер Хиггинботам азыр эле гезиттен окуй калган сөздөрүн пайдаланганды жакшы көрчү. — Ооба, бузулуп кетишин. Башкача айталбайсың муну.
Аялы болсо дагы эле үшкүрүнүп, башын ийкеп коюп, тиккенин уланта берди. Мистер Хиггинботам кайра гезитин колуна алды.
— Өткөн жуманыкын төлөдү беле? — сурады ал гезит окубатып.
Аялы ооба дегендей башын ийкеди.
— Анын азырынча акчасы бар.
— Кемеси кайра качан кетет экен?
— Акчасы түгөнөрү менен эле жөнөшү керек, — деди аялы, — ал кечээ күнү Сан-Франциского барып, ылайыктуу кеме издеп келди. Бирок азырынча акчасы түгөнө элек, ошондуктан туш келген эле кемеге жалданып кете бербейт. Кемелерди ылгаганды Мартин абдан жакшы билет.
— Дагы эмне? Кемеде малай болуп жүргөн бул неме өлалбай атып дагы кеме ылгайт бекен?! — Мистер Хиггинботам кекээр күлүп койду, — Ылгай алат имиш! Карасаң деле!
— Ал кайсы бир жерде катылган кенчти издеп алыс жактарга жөнөгөнү турган кеме жөнүндө айтты эле. Эгер күткөнгө акчасы жетсе, ошону менен кетсемби деген.
— Кишидей болуп биерден эле иштегиси келсе, иниңди өзүмө киречи кылып деле алмакмын, — күңк этти күйөөсү. — Том кеткени жатат.
Аялы чочуй түшүп, кабатырлана суроолуу карап калды.
— Ооба, бошоп кетти. Ал Каррузерстерге барган атат. Тигилер көбүрөөк акы төлөйт экен. Мен аларчалык төлөй албайм.
— Мына, көрдүңбү! — Гертруда кыйкырып жиберди, — сен анын ишине карабай акысын аз төлөчүсүң. Муну мен айткам сага.
— Эмне?! Эй кемпир, — деди Хиггинботам буга заарын чача буркулдап, — мен сага менин ишиме алдыгы мурдуңду тыкпай жүр деп миң жолу айткам. Мындан ары кайталабайм.
— Эмне кылсаң, өзүң билчи, — мыңкылдады аялы, — бирок Том жакшы жигит болчу.
Күйөөсү каарын чыгара жалт карады. Кемпиринин бул айтканы ага болуп көрбөгөндөй одонолук эле.
— Эгерде сенин иниң жатып ичер болбогондо, киречи болуп иштеп кетмек.
— Ал тамагы менен батир акысын үзбөй төлөп атат, — деди кайратын жыйнаган аялы каршы чыга. — Мартин менин иним, сага берчү карызы жокпу, ага киришкениңди кой. Мен да адаммын го, жети жыл сени менен бекерге жашаптырмынбы?
— Сен ага, эгерде түнкүсүн окуй турган болсо, газга да акы төлөй турганын айттың белең?! — дагы корс этти күйөөсү.
Хиггинботам айым үн каткан жок. Ачуусу бат эле тарап, жанаракта жандана түшкөн кайрат-деми талыкшыган денесине кайрадан кирип бекинип алды. Күйөөсүнүн болсо табасы канып, үстөмдүк кылганына маашырлана, майда мончоктой тегерек көздөрүнөн кымыңдаган заардуу сүйүнүч жылт этти. Аялын ушинтип кыңк эттирбей баш ийдирген ага чексиз ырахат тартуулар эле; чынын айтканда, адеп баш кошкондогуга караганда, аялын эми колго алып алган, оозун моминтип заматта жаап салуунун кыйынчылыгы жок; жыл сайын тууй берип, анан да өзү көржеме менен канын иче берип, байкуштун шайын таптакыр оодарып салганы качан.
— Болуптур анда, муну эртең айтып кой, — деди ал, — Баса, унутуп калба: эртең Мэриенди чакырт, балдарды карай турсун. Мен эми Том жок, товарга өзүм барышым керек, сен болсоң менин ордума дүкөндө соода кылып тургун.
— Эртең кир жууй турган күнүм эле, — деди Гертруда жүүнү бош.
— Эртерээк турсаң эле баарына жетишесиң... Мен саат ондон эрте бошой албайм.
Ошентти да кабагын сала гезиттин экинчи бетин шалдырата оодарды да окуганын улантты.
IV ГЛАВА
Мартин Иден караңгы оозгу бөлмө аркылуу өзүнүн болгону бир керебет, бет жуугуч жана табуретка араң баткан тар бөлмөсүнө жеткенде эмеле жездеси менен кагылыша кеткени дагы эле кулагында жаңырып турду. Мистер Хиггинботам кессе кан чыккыс сараң неме эле, аялы иштей алабы, демек кызматчы жалдап кереги не деп койгон. Анүстүнө артыкбаш бир кишилик бөлмөгө экөөнү тыгып салса болот да. Мартин ала келген Суинберн менен Броунингди үстөлгө таштады да, кастүмүн чечип керебетине отура кетти. Денесинин оордугунан керебеттин зымдары кычырап, онтоп ийгендей болуп кетти, ага көңүл да буруп койгон жок. Бутун чечмекке төмөн эңкейе бергенде, бет маңдайындагы дубалдын боорундагы чатырдан агып түшкөн жаандын карарган тактарын көрө коюп ката түштү. Эми булганган дубалдын бетинде көз алдына кайрадан түркүн элестер жылоолонуп, кайрале жоголуп кетип жатты. Батинкесин унутуп, узакка дейре дубалга тигилип калды, анан эриндери кыймылга келип «Руфь!» деп шыбырап жиберди.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.