Жек Лондон
Мартин Иден
Күндүзү ал Руфтун үйүнө жакын жологонго даачу эмес, бирок кеч кирер замат ууру өңдөнүп Морздордун үйүн айланчыктап жүрө берчү, жарык күйүп турган терезелерге алыстан уурдана карап, жадагалса, аларды курчап турган дубалдар да көзүнө жакшы көрүнчү. Ушинтип акмалап жүрүп ал көп жолу байкоосуздан Руфтун бир туугандары менен сүзүшүп да кала жаздаган; бир күнү болсо, жарык көчө менен бараткан мистер Морздун өңүн жакшылап таанып алыш үчүн артынан байкатпай ээрчип жүрүп олтурду, ичинен, кана эми ушу кишиге кимдир бирөөлөр капылет кол салып калса, анан мен чыга калып куткарып калсам деп кудайдан тилеп да баратты. Дагы бир жолу Мартин кокусунан экинчи кабаттын терезесинен Руфту көрүп калды. Анын башы, ийини жана колдору көрүнүп турду. Кыймылына караганда кыз таранып аткан окшоду. Бул бир нече ирмемге гана созулганы менен жаш жигиттин жүрөгүн өрөпкүтүп, мас кылган шарапка айланууга жетишерлик ирмем болгону. Руфь чыны, терезенин пардасын бат эле ылдый түшүрдү, бирок Мартин анын бөлмөсү кайсыл экенин эстеп калды да, ошондон кийин маңдайкы жөлөк жолчонун боюндагы бактын түбүндө улам тамекиден соруп коюп, сааттар бою кыздын терезесин карап тура бергенди адатка айлантты. Дагы бир жолу банктан чыгып келе жаткан Руфтун апасын көрө коюп, өзү менен алардын ортосундагы асман менен жердей айырманы дагы бир жолу сезген. Руфь акчасын банкта кармаган адамдардын катмарына кирет тура.
Муну көргөн соң тимеле моралдык революцияны башынан өткөргөндөй болду. Өзү болсо, башына жүн чыкканы өмүрү банк дегенге кирип көргөн жан эмес, андыктан андай жерге байлыгы ашып ташкан, кудуреттүү адамдар гана барат деп ойлочу. Кыздын периштедей аруулугу жана пакизалыгы ага ушунчалык таасир этти дейсиң, кандай болбосун, мен да ошондой таза болушум керек деп чечти Мартин. Эгерде кыз менен бир абадан дем алганга татыктуу болгусу келсе, анда ал да ошондой таза болууга тийиш. Күн сайын тишин тазалап, дүкөндүн терезесинен тырмак тазалагыч кичинекей щеткачаны көрүп, анын эмнеге керек экенин тапканга чейин, колун идиш жууган щетка менен кызарганга дейре жышып, жууп жүрдү. Көрөр замат жетип барды эле, анын тырмактарын көргөн дүкөнчү тырмак тазалагычты сунуштады, ошентип, анын даарат буюмдарынын саны дагы бир буюмга көбөйдү. Ал китепканадан адамдын жеке тазалыгы жөнүндөгү китепти таап алып, андан күн сайын эртең менен сөзсүз муздак суу куюнуп туруу керек экенин окуду. Бул өнөрү Джимдин кызыгуусун ойготсо, ал эми мистер Хиггинботамдын итиркейин келтирди, мындай апендичиликти жактырбаган жездеси тескерисинче, Мартинден эми суу үчүн өзүнчө акы ала башташ керек деген маселени шак эле кабыргасынан койду. Мартиндин прогресстин жолундагы кезектеги кадамы шымынын тигилиши туурасында кам көргөнү болду. Бул маселеге кызыга баштаган Мартин мүшөктөй көлбөктөгөн жумушчулардын дамбалдары менен мартабалуу таптын адамдары кийишкен кыры бычактын мизиндей шымдардын ортосундагы айырманы бат эле байкады. Мунун сыры эмнеде экенин түшүнгөн соң, Мартин эжесинин ашканасына барды да үтүк менен үтүктөй турган тактайды издеп кирди; бирок алгачкы аракети ордунан чыкпай, шымын күйгүзүп алып, кайра жаңысын сатып алууга чыгаша болду, мындан улам деңизге чыгып кете турган мөөнөтү ого бетер кыскарды.
Бирок иш сырткы кебетени оңдоо менен гана чектелип калган жок. Ал тамекини али таштабаганы менен, ичкиликти биротоло токтотту. Ушул күнгө чейин мас болгонду ал анык эркектердин иши деп эсептеп келген, кала берсе, өзүнүн канча ичсе да көтөрө турганына, бөтөлкөлөш достору мурду менен чочкочо жер сүзүп калганда да өзү бир чым деп койбогонуна маашырланып мактанып калчу. Сан-Францискодо аны менен бир кемеде деңизге сүзгөн достору көп болчу, жолуккан сайын аларды баягыдай эле бапыраган марттыгына салып вино менен сыйлачу, өзүнө болсо, бир кружка гана пиво же башка жеңил ичимдиктен алып ууртап коюп, тигилердин тийишкендерин көтөрүп, жылмая отура берер эле. Ал жолдошторунун улам ичип олтуруп, акырындык менен ылжып мас болуп, айбан кебетесине жеткенин кызыгуу менен назар салып отуруп, өзүнүн сопсоо экенине кубанып калчу болду. Арийне, алардын ар биринин өз кайгы-капасы боло турган, ичимдик болсо аларга мунун баарын жеңилдеткенге, бир аз болсо да унутуп, татуу кыялга чөмүлө кайгысы жок, алыс бир керемет ааламга кирип кеткенге жардам берер эле. Бирок Мартинге эми ичкиликтин таптакыр кереги жок. Анткени ал адамды арак менен вино караганда алда канча тереңирек мас кыла турган махабатка мас эле, өзүн жаңы жаркыган жашоого шыктандырган Руфка, мурда сезип көрбөгөн не бир чексиз каалоолорун ойготкон китептерге мас болучу. Өзүн тазалыгынан улам саламаттыгынын чың экенин ого бетер сездирген, жашоонун сүйүнүчүнөн улам денесин чымыраткан ойлорго мас эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.