Жек Лондон
Мартин Иден
Күндөрдүн биринде Мартин Руфту көрөмбү деген бүдөмүк ой менен театрга барып, чын эле театрдын экинчи кабатынын балконунда отуруп Руфту көрүп калды. Ал Артур, анан көз айнекчен, чачын тикчийтип кыска алдырган бир чоочун жигиттин узатуусунда партер менен өтүп баратыптыр. Жанындагы немеге көзү түшөөрү менен эле кызгануу сезими дүрт этти. Карап туру, ана, Руфь биринчи катарга келип отурду, ошону менен Мартин оюн бүткөнчө анын сымбаттуу ийиндери менен алтындай сары чачын карап гана отургандан башка эч жакты көргөн жок. Бир-эки жолу бурулуп, эки жагына көз жиберди эле, өзүнөн бир нече орун нарыраакта отурган эки кызды байкады, кыздар ага жылмая, ойноктогон көздөрү менен жооп кыла карашты. Мынчалык көңүл бурубатышкан соң жоопсуз калтыруу табиятына жат Мартин мындай учурду жаза кетирбей дароо тааныша калчу. Саал мурдарак болгондо, ал сөзсүз буларга жооп кылып жылмайып коер эле, андан аркы иш нугу менен кетмек. Бирок азыр эч анте албайт. Ошентсе деле тигилерге жооп кыла жылмайып карап койду да, ошол замат кайра бурулуп кетти, башка карабаганга аракет кылды. Катарлаш отурган кыздарды унутуп койгону менен баары бир болбой эле бир нече жолу алар менен көздөрү чагылыша түштү. Адамдын бир эле күндө өзгөрүлүп кетиши кыйын, анүстүнө ал табиятынан эле жароокер, кичи пейил жан эле, ошондуктан гана кыздарга бир нече жолу жылмайып, жөн эле досторчо карап койду. Мунун баары дүйнө жаралгандан бери келаткан эски салт эмеспи. Ал тигилердин жөн эле кылыктанып атышкандарын түшүнүп турду. Бирок ага эми мунун баары башкача. Анткени тетигин биринчи катарда Мартиндин өзү чыккан катмарга таандык бул эки кызга таптакыр окшобогон, болгондо да ченемсиз окшоштугу жок, ал дүйнөдө эңсеген бирден бир ашыгы Руфь олтургандыктан, тиги бечараларга ичинен гана боор тарткандан башкага жараган жок. Мартин бул кыздарга Руфтун жогеле дегенде тырмагынчалык сулуулугун чын дилинен каалап турду. Бирок аларды минтип ачык эле кылыктанып атышкандарына кенедей да күнөөлөгүсү келген жок. Ошол эле маалда мындай кылыктануу ага мурдагыдай жакпады: Мартин эгерде Руфтун чөйрөсүнө таандык болгондо, бул кыздар эч качан ага минтип тийише алмак эмес экенин түшүнүп жатты. Алар караган сайын өзү жашаган ааламдын тарбалаңдаган колдору аны туш-туштан мыкчый кармап, ылдыйга тартып жаткандай сезилип турду.
Мартин акыркы актынын бүтөрүнө бир аз калганда ордунан туруп, Руфь чыгып баратканда дагы бир жолу көрүп калайын деп сыртка эртелеп чыкты. Театрды тегеректеп жүргөн бекерпоздор көп эмеспи, акырын арлашып кетсең сени ким таанымак эле, маселен, кепкасын баса кийип байкатпай Руфтун артынан да узата басса болот. Ошентип элден мурда жанталашып чыга калып, жөөлөшкөндөрдүн арасынан Руфту акмалаганга ыңгайлуу орун тапкан кезде кырсыктай болуп жанагы эки кыз чыга калса болобу. Бул кыздар так өзүн издеп жүргөнүн билип, ошол замат аялдарды ар качан ага желимдей тартып турган касиетине наалат да айтып жиберди. Адегенде алар байкамаксан болуп калышты, бирок бул жөн эле амалдануу экенин Мартин жакшы түшүнүп турду. Алар Мартинге жакындап келишти да басыгын жайлатып калышты, кыздардын бирөө өтүп баратып билмексенге сала ийни менен Мартинди коюп кетимиш болду да, эми гана тааныгандай карап калды. Бул сымбаты келишкен, кара чач, кара көздөрү ойноктогон кыз болчу. Эки кыз Мартинге дагы бир жолу жылмайышты эле, Мартин да аларга жооп кайтара жылмая:
— Салам, — деп койду.
Бул анын мындай учурда дайыма айта жүргөн көнүмүш сөзү эле. Дээринен ак көңүлдүгү, ачыктыгы башкача мамиле кылганга жол бербес эле. Кара көз кыз куунак кылыктана жылмайды да, курбусун чыканактан алды, кыязы токтой турчу дегени го. Курбусу да мейли дегенсип шыңк этип койду. Мартиндин жүрөгү шуу дей түштү: Руфь өтүп бара жатып анын бул кыздар менен сүйлөшүп тургандыгын көрүп калышы ыктымал. Ошондо ал кара көз кызды көздөй бурулуп, анын катарында бараткан кишидей болуп басымыш болуп калды. Азыр эми мындагы сүйлөгөн сөздөрүнөн жана кыймылынан Мартин эч бир тартынбас эле. Бул жерде ал өзүн үйүндө жүргөндөй эркин сезип, керек болсо, оттуу тамашаларынан ыргытып коюп, же калпты чынды койгулай каткырып кете бермек эле. Жүрүп олтуруп, көчөнүн бурчуна жеткенде, алдыга умтулган элден арттыраак калып, чолок көчөнү көздөй бурулуп кирип кеткиси келди эле, бирок кара көз кыз курбусунун кармаган колун коё бербей туруп, Мартинди шак чыканактан алды да кыйкырып жиберди:
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.