Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Кубалаша зымыраган апталарды Мартин элес да алчу эмес, бирок ушул жума ичинде ал жүз жыл жашагандай туюлду — мурдакы жашоосу менен дүйнөгө болгон мурдагы көз карашы эми ушунчалык алыс эле. Бирок ага дайыма даярдыгынын жоктугу кедерги болуп жатты. Ал көп жылдар бою атайын үйрөнүүнү талап кылган китептерге чейин колуна алып жүрдү. Бүгүн көөнө философияны окуса, эртеси эле жаңысына киришип жаткандыктан, ойлорунун баары баш-аламан түшүп чаташып, аралаша жатып калды.  Экономика туурасында окуган китептери деле ошондой эле. Китепкананын бир эле текчесинен Марксты да, Адам Смитти, Рикардону жана Милди таап алды, бирок алардын бирөөсүнүн формулалары экинчисиникин төгүндөп жаткандыктан, эч нерсеге түшүнбөй да калып жатты. Эмне кыларын билбей абдырап калса да, бир эле убакытта экономиканы да, индустрияны да, саясатты да билгиси келгендиктен, алмак-салмак четинен окуй берди. Бир жолу Сити-Холл-Паркты аралап баратып, беш-алты адамды тегеректеп алган топту көрдү, кыязы, алар бирдемени абдан кызуу талашып атышкансыды. Жакыныраак барып турду да ошол жерден алгачкы жолу элдик философтордун өзү угуп көрбөгөн бейтааныш сөздөрүн укту. Алардын бирөө кадимки эле селсаяк, экинчиси — профсоюздун үгүтчүсү, үчүнчүсү — университеттин студенти эле, тегеректеп алгандар болсо  талаш-тартышты угуп кызыгып келген жумушчулар экен. Мартин анархизм, социализм, бирдиктүү салык жана социалдык философиянын бири-биринен айырмалуу, кала берсе кас системасы жөнүндө алгачкы жолу ушулардын оозунан укту. Илимдин тармактарынан өзүнүн маалыматтарынын жарды куржунуна кире элек жүздөгөн жаңы көптөгөн терминдерди да ушул жерден кулагы чалды. Ошондон улам ал талкуунун анан ары жүрүшүнө көз сала алган жок, бирок кылдат сезгичтиги менен бул таңгаларлык сөздөрдүн ичинде кандай ойлор катылып жатканын боолголоп гана түшүнүп турду. Ажылдаша талашып жаткандардын ичинде ресторанда малай болуп иштеген, арбактар менен сүйлөшө билген теософ — кара көз малай, наабайчылардын кесиптик кошуунунун мүчөсү –жашоо бир гана ушул дүйнөдө деген агностик,  тегеректеп тургандардын баарын жаратылыш бул чындык деген шумдук философиясы менен ооздорун ачырган бир чал, анан космос, атом –ата менен атом-эне жөнүндө баш-аягы жок талкуу жүргүзгөн дагы бир карыя бар эле.

Бул талкуулардан Мартиндин башы шишип кеткендей болду, бирок ошол замат китепканага ашыгып, азыр эле уккандары эсинен чыгып кеткичекти алардын маанилерин билип алгысы келди. Кийин китепканадан Блавадская айымдын “Купуя доктрина” деген төрт томдугун, «Прогресс жана жакырчылык», «Социализмдин квинтэссенциясы», «Илим менен диндин согушу» деген олчойгон томдорду колтуктап чыкты. Апкелип кара басып ал «Купуя доктринадан» баштаган экен, андагы сансыз татаал сөз айкаштарынан эси ооду. Окугандан да керебетте отуруп алып сөздүккө көбүрөөк көз жүгүртүп, үңүлүп жатты. Окугандарынын бирин эстеп калса, экинчиси унутуп, анан жанталаша анын маанисин улам сөздүктөн издеп убара тартты. Аргасы кеткенде сөздөрдү дептерге тизмектеп жазып да көрдү, ошентип атып бир маалда караса эки-үч дептерди толтуруп да салыптыр. Канча ынтаа коюп окуганы менен эч нерсе түшүнгөн жок. Тикчие тиктеп окуп атып саатты караса үчтөн ооп кеткен экен; мээси чирип кеткичекти үңүлсө да тексттеги бир да сөздүн маанисин түшүнө алган жок. Башын көтөрдү эле, бөлмөнүн ичи кудум деңиз толкунунда калган кемедей ары-бери чайпалып тургансыды. Сөгүнүп алды да китепти ыргытып жиберип газды өчүрдү. Берки үч китепти да жарытып окуй албай койду. Мунун баары анын мээсинин начарлыгынан же кабыл алуусунун жетишсиздигинен эмес, буга машыкпагандыктан, анан да сөз байлыгынын жардылыгынан эле. Акыры буга акылы жеткенде мындан ары бейтааныш создөрдү толук билип алмайынча бир гана сөздүктү окуп чыгууну чечти. 

Мартиндин бирден бир көңүлүн жубаткан поэзия эле: ал өзүнө ар бир сабы апачык жана түшүнүктүү болгон жөнөкөй акындардын ырларын суктануу менен окуп чыкты. Ал сулуулукту сүйчү, ал эми бул ырларда болсо, андай сулуулук жетишээрлик эле. Поэзия ага музыкадан кем эмес таасир этип, байкалбаган жол менен анын акыл-эсин алдыдагы мындан да оор ишке даярдап жаткандай эле. кыйын иштерге даярдачу. Анын эстутуму азырынча эч нерсе жазылбаган таза барактай эле, андыктан ал эч бир кыйналбай ал жакка ыр саптарын биринин артынан бирин шыкап толтура берди да анан бат эле көлөмдүү ырларды жатка айтып калды.  Бир жолу анын колуна кокусунан Гэйлинин «Классикалык мифтери» менен Бельфинчтин «Жомоктор кылымы» тийип калды. Китеп болбосоң кое кал, тимеле анын караңгы кемпайлыгын жаркыраган күндүн нуру көзөп өткөндөй болуп, анын поэзияга болгон жан ышкысын ого бетер козгоп кетти.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.