Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Китепкананын кире беришинде олтурган адам Мартинди таанып калган, андыктан ал кирип келери менен жан алы калбай жалпаңдап учурашып, ал –жай сураша кетчү. Мындан пайдалангысы келген Мартин бир жолу тобокелге салмай болду. Бир нече китеп алып жатып, китепканачы анын карточкасына белги коюп жатканда акырын мындай деп калды:

— Сизден бир нерсени сурайын дедим эле?

Китепканачы жылмая, сурай бер дегендей башын ийкеди.

— Эгерде сиз бир жаш кыз менен таанышып, анан ал сизди келе кет деп өтүнсө... кыскасы... муну кантип жасаш керек?

Мартин толкунданганынан көйнөгү жонуна жабыша түшкөнүн сезди.

— Менимче, каалаган убакта жолугууга болот, — деди китепканачы.

— Жок, сиз түшүнгөн жоксуз, — деди Мартин, — ал... билесизби...үйүндө болбой да калышы мүмкүн. Университетте окуйт.

— Анда башка күнү деле жолуга бериңиз да.

— Чыны, кеп мында деле эмес, — деди Мартин китепканачыга боор тарта, — көрүп турасыз го, мен карапайым матросмун, анын чөйрөсү менен анчалык кооштугум жок. Ал кыз таптакыр мендей эмес, мен да андай эмесмин... Бирок сиз мени калп эле өлүмүш болубатат деп ойлобоңуз, — деди өз сөзүн өзү бөлүп.

— Жо, жок, -деп жиберди китепканачы шашкалактап, — албетте, сиз сураган нерсе маалымат берүүчү бөлүмдүн иши эмес, ошондой болсо да мен сизге колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылайын.

Мартин аны суктана карап калды.

— Эх, атаңгөрү, мен да ушинтип шыпырылта сүйлөгөндө, иш башкача болмок экен, — деп жиберди ал.

Түшүнбөдүм...

— Эгерде мен да так сиздей куюлуштуруп, маданияттуу сүйлөй алганымда өлө сонун болмок дебатам.

— А! — деди китепканачы, Мартинге боору ачыгандай түр менен.

— Айтсаңыз, кызга качан барсам болот? Күндүзбү? Бирок түшкү тамактын үстүнөн чыгып калсам жаман го? Же кечинде барсамбы? А, мүмкүн, жекшемби күнү барсам кандай болор экен?

— Билесизби мен сизге эмне кеңеш айтам, — деди жылмайган китепканачы — сиз ага адегенде коңгуроо кылып көрүңүз.

Чын эле! — кыйкырып жиберди сүйүнүп кеткен Мартин, китептерин жыйнады да эшикти көздөй шашты.

Босогого жеткенде кайрыла калып дагы сурады:

Баса, жаш кыз менен, маселен, мисс Лиззи Смит аттуу кыз менен таанышып калсаңыз, ага кантип кайрылаар элеңиз: мисс Лиззи деппи, же мисс Смит деппи?

— «Мисс Смит» деңиз, — деди китепканачы биларман түр менен, — абдан жакын таанышканыңызча «мис Смит» дей бериңиз.

Маселе ушинтип чечилди. Ошол эле күнү Мартин кызга алган китептерди качан жеткирип берсем деген тартынчаак шылтоо менен коңгуроо какты:

— Каалаган убактыңызда келе бериңиз. Мен дайыма түштөн кийин үйдө элемин, — деди Руфь.

Мартинди ал өзү тосуп чыкты. Кыздын сынчыл көзү Мартиндеги өзгөрүүнү бир карап эле байкады, шымын кырын чыгара үтүктөптүр, сырткы кебетеси да баягыдай жүдөө эмес, зыңкыйган мырза болуп чыга келиптир. Баарынан да өңү таң каларлык эле, андан ташкындап турган күчтүн толкуну кайрадан Руфту каптап өткөндөй болду. Кыз ага кайра ыктагысы келип, денесинин ысыктыгын сезгиси келип кетти да жигиттин келиши ага мынчалык таасир эткенине кайрадан таңгала түштү. Жигит болсо кыз колун сунганда кайрадан жагымдуу майда дирилдек тула боюн аралай чаап кеткенсиди. Маңдайлаш турган экөөнүн ортосундагы бир гана айырма— кыз сыртынан сыр бербей кебелбегенсип турса, жигит болсо тескерисинче, чачтарынын түбүнө чейин кызарып кетти.

Мартин баягыдай эле олдоксон чайпала басып анын артынан ээрчиди. Алар конок тоскон бөлмөгө келип отурушкан кезде Мартин күтүлбөгөн жерден өзүн эркин сезди. Кыз болсо ого бетер анын эркин отурушун каалап, жан алы калбай аракеттенип жатты, бирок мунун баарын ал табигый сыпайылык жана кылдаттык менен жасагандыктан, Мартиндин көзүнө мурдагыдан жүз эсе сүйкүмдүү көрүнүп турду. Алды менен алар окуган китептери жөнүндө, Мартинди тан калтырган Суинберн, анан ага түшүнүксүз болгон Броунинг жөнүндө кеп кылышты. Руфь аңгеменин нугун багыттап олтурганы менен эки оюнун бири Мартинге кантип жардам берсем дегенде болду. Муну ал абдан самап турду. Ага карата кандайдыр бир аяган, боорукер сезим ойгонду, бирок мында эч кандай жаман ой жок эле: бул кыз буга чейин бир да сезип, башынан өткөрүп көрбөгөн дээрлик энелик сезим болучу. Муну кадыресе эле боор ооругандык деп болорбу, анткени мындай сезимди чакырган бул адамда кыз эркекти сезип турду, анын бир эле жакындаганы кыз жүрөгүн тырпыратып, түшүнүксүз ойлор менен сезимдерден улам катуураак согууга аргасыз кылып жатты. Кайрадан анын мойнунан кучактап алгысы же ийнине башын жөлөгүсү келип кетти. Мындай жабышкак сезим дагы эле аны уялтып турду, бирок ал буга көнө түшкөн. Жаңыдан гана ойгонуп келаткан махабат мына ушундай формага ээ болот деген анын башына да келген жок. Бирок эси-дартын чырмап алган бул сезимди махабат деп атоо да анын оюна келген жок. Мартин аны чексиз мүмкүнчүлүктөрү катылып жаткан өзгөчө адам катары гана кызыктыргандай, өзүн болсо ага жардам берсем деген каалоо гана жетектеп тургандай көрүндү.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.