Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин өмүрүндө бир гана жолу эч-учун жоготкон, азыр болсо дагы ошондой болот го деген ой кетти. Деми кыстыгып, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй түрсүлдөп согуп кирди. Кыз ага эч качан мынчалык жакын келген эмес эле, андыктан экөөнүн ортосун бөлүп турган туңгуюктун көз ирмемге жакындаткан көпүрө орной түшкөнсүдү. Мартиндин өрөпкүгөн сезими ого бетер көкөлөдү. Себеби Руфь ылдыйдагы ага түшүп келген жок, ал өзү булуттан бийикке чыгып, Руфка жакындап барды. Анын айтылбаган махабаты дагы эле диний кастарлоого толо эле. Ага кандайдыр бир ыйык храмдын төрүнө кирип кеткендей сезилди, ошондуктан ага электрдин тогундай таасир эткен бул жакындыктан оолактап, башын акырын тартып алды. Кыз эч нерсени байкаган жок.

 

VIII ГЛАВА

Арадан көп апта зуулдап өтүп кетти, Мартин Иден болсо грамматиканы кунт коё окуп жүрдү, ала чолодо сылык сүйлөө боюнча көрсөтмөлөргө көз жүгүрткөнду да унуткан жок, анан да колуна тийген китепти эле баса калып окучу болду. Ошентип атып өзүнүн мурдагы чөйрөсүнөн биротоло алыстады. Мындан улам «Лотостогу» кыздар Мартинге эмне балекет болуп кеткенин билалбай, кайра –кайра сурай берип Жимди тажатып бүтүрүштү, ал эми башка балдар болсо Мартиндин Райлидеги мелдешке каттабай калганына чексиз курсант эле. Көп өтпөй ал китепкана казынасынан дагы бир баалуу нерсени таап алды. Грамматика ага тилдин негизин ачып берсе, бул жаңы китеп ага поэзиянын негиздерин түшүндүрдү. Ал метрди, форманы жана ырдын түзүлүш мыйзамдарын окуп, өзүн ушунчалык суктандырган сулуулуктун кантип жараларын аныктады. Жаңы бир жыйнак поэзияны сүрөт өнөрү катары карап, андагы теорияда адабияттын эң мыкты үлгүлөрүнө шилтеме берилиптир. Мартин бир дагы романды мынчалык кызыгып окуп чыккан эмес. Анын билимге чаңкап турган жыйырма жаштагы тунук акылы мунун баарын катардагы студентке таандык эмес активдүүлүк жана тездик менен өздөштүрүп жатты.   

Көз чаптырса Мартиндин өзүнө тааныш аалам — алыскы өлкөлөрдүн, деңиздердин, кемелердин, матростор менен эркектей болуп калган аялдардын дүйнөсү мунун баары ага өтө эле майда болуп көрүндү; ал эми өзүнүн кайсы бир кыры менен бет алдынан жаңыдан ачылган чоң дүйнө менен тийишип турду. Анын акылы ар качан бүтүндүккө умтулучу; ошентсе да адегенде бул эки дүйнөнүн өз ара байланышын аныктаганда таң кала түштү. Ал китептен алган көтөрүңкү кыялдары менен сезимдеринен улам эски дүйнөнүн үстүнө чабыттап чыгып кетти. Ал эми жогорку чөйрөгө таандык болгон Руфь, анын үй-бүлөсү, калган аял эркектердин баары тең ушундай көтөрүңкү кыялдары менен өз ара бөлүшүп жана ага ылайык жашаарына ишенди. Буга чейин ал ыпылас баткакта жашап келген тура, эми анын баарынан тазаланып, жогорку чөйрөгө көтөрүлгүсү келип турду. Тээ бала чакта, анан өспүрүм кезде кандайдыр бир бүдөмүк сезимдер анын жанын кыйнап, кээде өрөпкүтүп жиберчү, бирок Руфка кезиккенге дейре өзүнө эмне керек экенин бир да түшүнбөй  жашап келген экен. Эми анын кусадарлыгы ого бетер күчөгөн чакта өзүнүн сулуулукту, акылды жана махабатты күсөп келгенин ачык түшүндү.

Бул жумалар ичинде ал Руфь менен алты жолу жолугушту, аны менен болгон ар бир кездешүү Мартинди шыктандырып жатты. Кыз анын тилин жана сөздү туура айтуусун оңдоп, арифметиканы да үйрөтө баштады. Бирок алардын аңгемелери бир гана окуу менен чектелип калган жок. Мартин турмуштан далайды көргөндүктөн, акылы абдан баамчыл эле, ошондуктан бөлчөктөр, кубдун тамырын чыгаруу, сүйлөмдөрдү баш мүчөлөргө ажыратуу жана этиштин жакталышы сыяктуу нерселер менен гана канаатанып калган жок. Кээде экөөнүн сүйлөшкөнү таптакыр башка темаларга да бурулуп кете турган, — ал азыр эле окуган ырларын жөнүндө айтып кирсе, Руфь болсо таржымалын үйрөнүп жаткан акын жөнүндө кеп салчу. Баарынан да Мартинди чексиз жыргалга бөлөгөнү — Руфтун ага өзү сүйгөн ыр саптарынан окуп бергени болду. Ал эч качан мындай керемет үндү уккан эместир. Руфтун майин добушунан эле анын сүйүүсү гүлдөп жаткандай, ар бир сөзү жан дилин чалкытып турду. Кыздын үнүндө оор басырыктуулук, маданияттын улуу жана бай жемиштерине жана руханий кең пейилдикке ширелишкен музыкадай угумдуулук бар эле. Анын үнүн тыңшап олтуруп, Мартин эрксизден жапайы уруулардын аялдарынын, порттордогу жалаптардын кыйкырчаак орой үндөрүн жана фабрикада иштеген аялдардын уккулуксуз сөздөрүн эстеп кетти. Ага улай эле көз алдынан алар убай-чубай топурап өтүп жатышкандай болду, бирок аларга салыштырганда тегерек атырабынан айымнур балкып тургандай Руфь кол жеткис бийик жана чексиз пакиза эле. Мартин анын үнүнө гана куштарлана тыңшап отурбай, окуп аткандарын Руфтун түшүнүп жана поэтикалык ойлор менен жандуу жуурулушуп жатканына да жетине албай отурду. Ал “Каныкейден” өзгөчө көбүрөөк окугандыктан, кез –кезде көздөрүнүн кычыктарына жаш тегеренип да кетип жатты –бул анын жанда жок сезимталдыгынан жана сулуулукту аяр сезе билгенинен эле. Мындай мүнөттөрдө Мартин  өзүн жараткандын баары жокко назар салган бийиктигине көтөрүлүп бараткандай сезчү; жашоонун маңызын даана көрүп тургандай, анын кол тийгис терең сырларын окуп жаткандай болуп кетер эле. Делбиреген мындай сезимдердин туу чокусуна чыккан Мартин махабат деген мына ушул болорун жана анын дүйнөдө чексиз улуу экенин түшүндү. Анын көз алдынан кайра тынымсыз элестер чубап, жашоонун буга чейин өзү таткан жыргалы — мас кездери, аялдардын эркелете мойнуна оролгондору, кылыктанган оюндар жана төшөктөгү күрөшмөйлөрдүн кызыгы тизмектеше чууруп өткөнсүдү, эми азыр анын баары учурдагы сезимдери менен салыштырып караганда Мартинге чыдап болгус ыпыластык менен пастыктай сезилип кетти.   

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.