Жек Лондон
Мартин Иден
Бул гана эмес. Эң башкысы бул: мен да сиздер жашаган жашоого жетким, мына ушундай үйдө жашагым келет. Жашоо деген жалаң араккечтик менен мушташтан, белиң ийилген оор жумуштан гана турбайт да. Эми мунун баарына кантип жетиш керек деген суроо туулат. Мен эмнеден башташым керек? Жумуштан мен эч качан корккон эмесмин; мынчалык кеп болуп калды, жумуш иштегенде мен кимди болбосун артта калтырып кеталам. Баштап эле алсам болду, күн түн дебей, башымды көтөрбөй иштейт элем. Муну сизге айтып атканыма балким күлкүңүз келип жатпасын? Балким, мен сизге бекер эле кайрылып аткандырмын, кайрылганга башка эч кимим болбосо, кимге кайрылам анан? Артургабы? Мүмкүн ага келишим керек беле? Эгерде мен...
Ал күтүлбөгөн жерден токтоп калды. Артурдан сураш керек эле деген ой келгенде камдап келген планы оңунан чыкпай тургансып кетти. Руфь шак эле жооп бере койгон жок. Анын бүткүл ою Мартиндин байланышы жок, баёо ойлорун көзүнөн окулуп турган каалоолоруна байланыштыруу менен алек болчу. Мындай эбегейсиз күч байкалып турган көздөрдү ал эч качан көргөн эмес. Бул адамдын колунан баары келет –карап турган көздөр ага ушуну айтып турду жана мындай кайраттуулук анын сөз жактан алсыздыгына коошпой турду. Кыздын өзүнүн акылы ушунчалык кылдат жана татаал эле, ошондуктан ал жөнөкөйлүк менен ортозаарлыктын чыныгы айырмасын өзү да ажырата билалбай жатты. Жадагалса кекечтей көрүнгөн ойлордон да күч байкалып атты. Мартин кызга өз чынжырын өзү үзгөнгө жандалбас урган дөөдөй көрүнүп кетти. Ошондуктан ага жооп кайтараарда кыздын жүзүнөн мээрим балкый түштү:
— Сиз өзүңүзгө эмне жетишпей турганын өзүңүз билесиз, — сизге билим жетишпейт. Баарын кайра башынан баштасаңыз болор эле. Адегенде мектепти бүтүрүп, анан — университеттин курсуна өтсөңүз жакшы болмок.
— Ага акча керек да, — Мартин анын сөзүн бөлүп кетти.
— О, — таң кала түшүп Руфь, — мен бул жөнүндө ойлобоптурмун! Бирок туугандарыңыздын эч кимиси сизге жардам кыла албайбы?
Ал башын чайкады.
— Ата-энемдин көзү эчак өтүп кеткен. Бир эжем, бир карындашым бар: бирөө күйөөгө чыккан, экинчиси, менимче жакында турмуш курушу керек. Эркек бир туугандарым толтура, мен кенжесимин, бирок агаларым эч качан эч кимге жардам беришкен эмес. Ар кимиси кара жанынын камын көрүп, ар кайсы жакка тентип кетишкен. Улуу агам Индиядан каза тапкан. Экөө азыр Түштүк Африкада — бирөө кит уулоочу кемеде, экинчиси көчмө цирк менен кыдырып элге оюн көрсөтүп жүрөт, кылган кесиби акробат. Мен деле ошолордун биримин. Апам өлгөндөн кийин он бир жашымдан тарта өз жанымды өзүм багып келатам. Андыктан мында да баарына өз күчүм менен жетишим керек. Бирок муну эмнеден башташ керек, ошону гана билгим келет.
— Сиз биринчиден тилди үйрөнүшүңүз керек. Кээде сөздөрдү («өтө орой» деп айтайын деди эле, бирок карманып калды) туура эмес айтасыз.
Мартиндин чекесинен тери чыга түштү.
— Ооба, кээде ушундай бир сөздөрдү айтып жиберем, аны сиз түшүнбөй да каласыз. Бирок мен жок дегенде ал сөздөрдү кантип туура айтканды билем. Китептен үйрөнгөн кээ бир сөздөрдү сактап турам, бирок мен алардын кандайча айтылышын билбегендиктен айткым келбейт.
— Кеп бул жерде жалаң гана сөздө эмес, жалпы сүйлөм тизмегинде. Сизге ачык эле айта берейинби? Мага таарынбайсызбы?
— Жо, жок! — кыйкырып жиберди Мартин кыздын кең пейилдигине ичи ысый түшүп. — Түк аябаңыз! Мунун баарын башкадан уккандан көрө, сизден укканым жакшы эмеспи!
— Анда угуп туруңуз. Керектүүнүн баарын грамматикадан табасыз. Мен сиз арыла турган бир топ сөздөрүңүздү белгилеп койдум. Грамматиканы болсо азыр эле алып келем.
Руфь ордунан турганда Мартин китептен жаттаган этикет жөнүндө бир эрежени эстей койду да олдоксон козголуп кошо тура калды, ошол замат Руфь аны кеткени жатабы деп ойлобосун деген ойдон чочуй да түштү.
Грамматиканы алып келген кыз өз отургучун Мартинге жакын жылдырып койду, кап, тура калып өзүм жылдырып койсом болмок экен деп калды Мартин ичинен өкүнө. Руфь китепти ачканда экөөнүн башы тийише түштү. Мындай жакындыктан катуу толкунданган Мартин кыздын эмнени түшүндүрүп киргенин да башы жетпей жатты. Руфь этиштин жакталыш сырларын түшүндүрө баштаганда, баары жоктун баарын унутту. Ал мындайды өмүрү уккан эмес, ошондуктан тилдин сырдуу мыйзамдарына таштаган бул алгачкы кадамдан башы тегеренип кеткендей болду. Китепке үңүлө ылдый ийиле берди эле, кокусунан кыздын чачтары жаагына тийип кетти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.