Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Мартин ичинен Олнинин пикирин туура көрүп унчукпай отурду, бирок анын Руфту урматтабаган мамилесин жактырган жок. Бул талаштын жүрүшүндө анын оюнда махабат жөнүндө жаңы көз караштар төрөлгөндөй болду. Акыл-эс сүйүү ишине аралашпоого тийиш. Сүйгөн кызың бир нерсени туура түшүнөбү же туура түшүнбөйбү, кеп анда эмес. Сүйүү акылдан күчтүү. Руфь бул учурда Мартин үчүн мансаптын мынчалык маанилүү экендигин» туюнбаса да мындан сулуулугу кемий түшкөн жок. Руфь чүрөктөй кыз эле бирок азыр анын ойлоп турганы буга эч кандай тиешеси жок болчу.

Эмне дедиңиз? — деди Мартин өзүнүн оюн күтүлбөгөн жерден бөлүп жиберген Олниге бурулуп.

— Мен, балким, сиз латын тилин үйрөнгүңүз келбейт ко дебатам.

— Латын тили, — деди Руфь Олнинин сөзүн бөлүп, — маданиятка гана жеткирбестен, акылды да машыктырат.

— Демек, кандай дейсиз, Мартин, латын тилин үйрөнөсүзбү? — такып калды Олни.

Мартин ыңгайсыз абалда калды. Анын үстүнө Руфь да чыдамсыздык менен жооп күтүп турган эле.

— Менин убактым жетишпейби деп корком, — деди Мартин акырында. — Үйрөнөр элем, бирок менин убактым жетишпейт.

— Түшүндүңүзбү эми, Мартинге сиздин «жалпы маданиятыңыздын» таптакыр кереги жок! — деди Олни. — Ал өзүнө эмне керек экенин жакшы билет жана ошого жетишет.

Ооба, бирок бул акылды машыктыруу жана тартип эмеспи! Латын тили акылды тартипке салат! — бул сөздөрдү айткан Руфь кеп нугун өзгөртсөңчү дегендей Мартинге карап калды. — Сиз оюнчулардын мелдеш башталаар алдынан машыккандарын көрдүңүз беле? Латын тили да ойчулдар үчүн дал ошондой машыгуу болуп эсептелет.

Былжыр кеп! Бизге муну бала чактан башыбызга куюп коюшкан! Бирок бизге өз убагында айтканды унутуп калышкан бир чындык бар, — деди Олни, ошол замат айткандарым кандай таасир этип атат дегендей, бир саамга токтой түштү да, анан салтанаттуу түрдө мындай деди: — Латын тилин жентельмен үйрөнүүгө тийиш, бирок аны билүү ага шарт эмес.

— Бул туура эмес! — кыйкырып жиберди Руфь. — Сиздин бардык кепти тамашага айландырып жиберериңизди билгем.

— Бирок ии десеңиз, менин тамашам куйкумдуу бекен! — деди Олни маанай көтөрүлө түшүп, — анүстүнө бул чындыкка жараша тамаша, латын тилин билгендер — булар аптекачылар, адвокаттар анан латын тилинин мугалимдери гана. Эгерде Мартин ушулардын бири болгусу келсе, анда мен сөзүмдү кайра алайын. Бирок мында Герберт Спенсердин кандай тиешеси бар? Мартин болсо Спенсерди жаңы эле ачып, болуп көрбөгөндөй суктанып алыптыр. Себеп? Себеби Спенсер ага бирдеме берди да. Ал эми Спенсер сизге да, мага да эч нерсе бере албайт. Себеби, бизге эч нерсенин кереги жок. Сиз болсоңуз бир күнү күйөөгө чыгып кете бересиз, менин болсо кыларга ишим жок калат, себеби менин ишимди түрдүү агенттер аткарышат, алар кала берсе, атамдан калчу байлыктын да камын көрүп коюшат.

Муну айткан Олни эшикке чыгып бара жатып босогодон токтой калды да акыркы огун атып калды:

— Руфь, Мартинди жайына койгулачы. Өзүнө эмне керек экенин ал жакшы билет. Караңызчы, ал эмнеге жетише алды. Кээде анын кайраты мени уялганга аргасыз кылат. Ал азыр дүйнө, жашоо-турмуш жана адамдын орду, максаты жөнүндө Артур менен Норманга, сиз же мага караганда, маданияттуу, тил билген биздин баарыбызга караганда алда канча көбүрөөк билет.

— Бирок Руфь менин мугалимим, — деди мырзалыкка сала Мартин, — мен эмнени билсем, анүчүн Руфка милдеттүүмүн.

Болбогон кеп! — Олни Руфту жактырбагансып бурула карады. — Мүмкүн сиз мага Спенсерди да Руфтун кеңеши менен окудум дээрсиз. Руфь чынында, Дарвин менен эволюция жөнүндө мен Соломон падышанын алмаз кени жөнүндө канча билсем, ошончо гана билет. Эсиңиздеби, бир нече күн мурун сиз бизди Спенсердин бүдөмүктүк, байкалбастык жана бир кылкалуулук туурасындагы айтканын чечмелеп берип баарыбыздын оозубузду ачырдыңыз эле го. Мына ошону азыр Руфка түшүндүрүп көрүңүзчү, ал сизди түшүнөр бекен, же түшүнбөс бекен? Көрбөйсүзбү, бул «маданият» эмес да! Ээ-э! Уксаң Мартин, эгерде сиз латын тилин жаттап кирчү болсоңуз, анда менин сизге карата болгон урматым жокко чыгат.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.