Жек Лондон
Мартин Иден
Көңүл чөгөргөн бул жооп каттар деле ошол машинеге окшошуп турду. Булар сыртына автордун менен аңгеменин аты гана коюла турган стандарттуу басма кагазы эле. Мартин мындай каттардын кеминде жүзүн алды окшойт. Аны күйгүзгөнү, каттарда жок дегенде, өзүнө карата айтылган бир ооз жылуу сөз болсочу. Бир да редактор тирүү адамга окшоп жооп берип койгонго жараган жок. Акыры үмүтү үзүлгөн Мартин бечара бул дүйнөдө дегеле редактор атмай болбой, жалаң гана жакшылап майланып, өз ишин кынтыксыз аткарган автоматтар гана бар экен деген ойго келди.
Мартин кайраттуу жана чыдамкай жан болгондуктан, бул жансыз машинелерди узак жылдар бою кагаз камсыз кылып турууга эрки жетишээр эле. Ал майданда жарадар болуп кансыраган жоокердей эле, ошондуктан иштин тагдырын жылдар эмес, жумалар гана чечмек. Апталык батир акысы анын таптакыр сызга отура турган учурун жакындатып келатты, ага почтого кетип жаткан чыгымдар да кошул-ташыл болуп жатты. Ал эми китеп сатып ала албай деле калды, туш тарабынан кысмактап келген жашоосун бир азга болсо да жеңилдетиш үчүн эптеп майда-бараттан акча үнөмдөгөнгө өттү; бирок үнөмдөө дегенди түк билбеген жаны эжеси Мериенге көйнөк сатып берем деп беш долларынан кол жууду да, каптап келаткан кыяматты бир жумага тездетти.
Ушинтип өз шоруна өзү кайнаган Мартин кыйынчылыктар менен жападан жалгыз кармашып жатты, кеңеш берип, жылуу сөзү менен колдогон кишиси жок эле; тескерисинче айланасындагылар тегиз жабыла анын кайратын мокотууга биригип алышкандай эле. Алтургай, Гертруда да ага сыртын сала баштады: адегенде бир боор эжедей анын жазам дегенин элес албай, муну балалык макоолугу деп сезди, анан кайра эле бир бооруна күйгөн киши катары тынчы кете баштады. Ага Мартиндин тентектиги ашынып бараткандай көрүндү. Мартин анын кооптоно караганын байкап жатты, бирок бул ага мистер Хиггинботамдын жанга тийген шылдыңынан да катуу тийип жатты. Өз күчүнө ишенгени менен, мындай ишеним жалгыз өзүндө гана болчу. Кала берсе, Руфь да анын ишенимин бөлүшкөн жок. Анын адабиятка болгон ышкысын Руфь эч качан ачык сындап, колдоого да албаганы менен анын өз алдынча окуу менен гана алектенүүсүн каалар эле.
Мартин жазгандарынын бирин да ага көрсөткөн эмес. Аны өзүндөгү кандайдыр бир өзгөчө кыйкымчылдык токтотуп турду; мындан тышкары, университеттен бошобогон кыздын убактысын алып, окуусунан алаксыткысы келбеди. Кудай жалгап, сынактарын тапшырып бүтүп, даража алган соң Руфь андан жазган чыгармаларыңды көрсөт деп өзү суранып калбаспы. Мартин кубанып да, сүрдөп да кетти. Руфь анын накта сынчысы эле. Анткени ал искусствонун бакалавры деген наам албадыбы. Адабиятты килейген профессорлордун жетекчилигинде үйрөндү. Мүмкүн редакторлор деле тажрийбалуу сынчылардыр, бирок Руфь анын чыгармачылыгына башкача мамиле кылат да. Руфь ага басуудан баш тартылды деген бланканы карматпайт, аңгемелериңиздин баары сонун жазылыптыр, бирок тилекке каршы, бул басылмага чыгарганга ылайык келбеди деген кепти айтпайт. Ал анын жаазгандарына кадимки тирүү кишидей мамиле кылып өз оюн айтат, эң маанилүүсү — чыныгы Мартин Идендин ким экенин таанып, билет. Жок дегенде, Руфь анын жан дүйнөсүнүн аялуу сырларын төгүп жазган чыгармаларында ал эмнелереди кыялданганын түшүнөөр, анда катылып жаткан күчтү сезээр.
Мартин өзүнүн бир нече кыска аңгемелерин тандап алып, аларга «Деңиз ырларын» да кошуп койду. Ошентип июндун ысык күндөрүнүн биринде Руфь экөө велосипед минип алып, шаар четиндеги өзүлөрү жакшы көргөн дөңсөөлөрдү көздөй жол тартышты. Бул алардын экинчи жолку сейили. Күндүн ысык илебин кайтара соккон деңиздин салкын шамалын жиреп, зыпылдап баратып Мартин жашаган дүйнө менен махабаттын кандай керемет экенин бүткүл жүрөгү менен терең сезип жатты. Анан велосипеддерин жолдун жээгине жөлөп коюшуп, экөө күнгө күйүп калган чөптүн кургак, буруксуган жыты жетип турган дөңсөөнүн чокусуна чыгып кетишти.
— Бул өз милдетин аткарды, — деди Мартин, экөөбү жаңы эле жетип, Руфь анын күрмөсүнө, өзү болсо түз эле ысык жерге отуруп атышканда.
Ал башты эңги-деңги кылган ширелүү жыттын илеби урган абадан жыттап, көнгөн адатынча жекече ойлордон дүйнөлүк маселелерди талкуулаганга өттү.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.