Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Мына бул чөп өзүнүн милдеттерин өтөдү, — деди ал куурап саргайган чөпкө тигиле, — кыштагы калың кардын нымы менен сугарылып, жазгы катуу шамалдар менен кармашып, гүл ачып, курт-кумурскаларды жана аарыларды тамактандырып, өзүнүн уругун чачып, мына эми болсо жаратылыштын алдындагы милдетин аткарып бүттү...

— Сиз эмне үчүн баарына кандайдыр бир практикалык көз менен карайсыз? — деди Руфь анын сөзүн бөлүп.

— Бул балким менин эволюциянын теориясын үйрөнүп жаткандыгымдан болсо керек. Чынын айтсам, баары нерсенин чыныгы түсүн жакындан бери эле көрө баштадым.

Мындай практикалык мамиле менен сулуулукту түшүнө албайсыз го дейм. Сиз көпөлөктү мыжыгып ойногон жаша бала сыяктуу сулуулукту жок кылып жатасыз.

Ал андай эмес дегендей башын чайкады:

— Сулуулуктун да өзүнчө мааниси бар дечи, бирок мен ушул убакка чейин муну сезе элекмин. Мага кооз нерсе кооз болгону үчүн гана жага турган. Мен сулуулуктун маңызын түшүнгөн эмес экемин. Муну эми гана түшүнүп жатам, тагыраагы, түшүнгөнгө аракет кылыбатам. Бул чөп мага азыр алда канча кооз болуп көрүнөт, анткени анын бул дөбөдө өсүп чыгышы үчүн күндүн, жаандын жана топурактын химиялык таасири тийгенин билип атам да. Бир сабак чөптүн деле тарыхында романтика бар эмеспи, анткени ал көп окуяларды башынан өткөрдү. Ушул ойдун өзү эле мени шыктандырат. Күч менен материянын кубулуштары жана жашоонун өзү улуу күрөш экенин ойлогондо мен ушул чөп жөнүндө эле бир канча поэмаларды жазгым да келип кетет.

— Кандай сонун сүйлөйсүз, — деди көңүлү бир нерсеге алагды Руфь, бирок Мартин анын сынагандай көз карашын байкап калды.

Ал оңтойсуздана түшүп, кызарып кетти.

— Сүйлөгөндү акыры үйрөнгөнүмө кубанычтамын, — деди ал, — менде айта турган далай нерселер жатат. Бирок алар ушунчалык зор нерселер, андыктан кантип айтканга сөз таппайм. Кээде мага бүт дүйнө, бүт жашоо, ар бир тал чөп биз үчүн сүйлө дегенсип талап кылыбаткандай болот. Мен муну сезип турам — эми муну канткенде айтып бере алам? — баарынын улуулугун сезип турам, бирок айта келгенде эле аным баланын балдыраганындай болуп калат. Өз оюң менен сезимиңди сөзгө айландырыш, сөз кылып жазганда да алар угарман менен окурмандын сезимин козгоп, ошондой эле сезим менен ойду жараткыдай кылыш — бул абдан зор маселе. Болгондо да бул эч нерсе тең келе албаган укмуш милдет. Мына, караңыз, мен көмкөрөмөн түшүп алып чөптү жыттап жатам, мен дем алып аткан бул жыт кыялымда миңдеген ойлор менен элестерди ойготконсуйт. Анткени мен ааламдын жытын жыттап атпаймынбы? Кулагыма ыр менен күлкү угулат, кайгы менен муңду, күрөштү, ажалды көрүп турам. Кыялымда жылоолонгон чексиз көрүнүштөрдү сизге жана бүт ааламга билдиргим келет! Бирок муну кантип жасашым керек? Тилим кыска. Мына ушул чөптүн атыр жытын жыттап жатып, эмне сезсем ошонун баарын сизге айтып берсем дегем, бирок бул колуман келбеди. Болбогон эле маңызы жок бирдемелерди айткан болдум. Эч бир байланышы жок эле сөз болуп калды... а мен ушунчалык сүйлөгүм келди эле. О...— деди ал улам -улам манжаларын бүктөп, — бирок бул мүмкүн эмес! Айта албайм! Айтып жеткирүү мүмкүн эмес!

— Бирок сиз сопсонун эле сүйлөп жатсыз го, — деди Руфь, — ушунчалык кыска убакыт ичинде сүйлөгөндү кантип үйрөнүп алганыңыз таң каларлык. Мистер Бэтлер — элге таанымал оратор. Штаттын комитети аны дайыма шайлоо алдындагы өнөктүктө сөз сүйлөп берүүгө чакырып турат. Баягыда түшкү тамак учурунда сиз андан кем калышкан жоксуз. Ал сизге караганда саал токтороок. Сиз өтө кызууланып кетесиз, бирок бул бара-бара өтүп кетет. Сизден мыкты оратор чыгышы мүмкүн. Эгерде чындап кааласаңыз... алыска кетер элеңиз. Сизде күч бар. Башкаларды артыңыздан ээрчитип кете аласыңар, буга көзүм жетип турат. Сиз алдыңыздан чыккан кандай кыйынчылык болбосун, грамматиканы жеңгендей эле жеңип кетесиз. Таанымал адвокат же саясий ишмер болуп кетишиңер да ыктымал. Силерге мистер Бэтлер жеткен ийгиликтерге жетишүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Болгондо да ашказаныңызды оорутпай эле жетесиз,жылмая кошумчалап койду Руфь.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.