Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Бирок негизги мазмууну кандай экен? — Мартин ошол замат сурап жиберди да кайра өзү түшүндүрүп кирди: — Бул ааламдык жана дүйнөлүк идея. Аңгемени так ушул идея менен байытсамбы дегем. Негизи аңгеме ушул идеянын сырткы гана кабыкчасы. Мен туура жолго түшкөнүм менен милдетти аткарууга келгенде кыйналып калдым. Айтайын деген оюмду ачык бералбай калганым көрүнүп турат. Мүмкүн бара-бара үйрөнүп кетермин.

Руфь анын сөзүн уккан жок. Ал кылдат искусствонун бакалавры болгону менен Мартиндин ойлорун түшүнө албады. Бирок муну Мартиндин өз оюн жеткиликтүү бере албагандыгы деп билди.

— Сизде абдан эле көп сөздүү экенсиз, деди ал кайталап, — бирок мунун кээ бир жерлери абдан мыкты.

Анын үнү Мартинге тээ бир алыстан жетип жаткансыды, анткени так ушул учурда Руфка «Деңиз ырларын» окуп берсемби же бербесемби деп ыргылжың болуп турган чагы эле. Ал аргасыздыктан супсуну сууп, чалкасынан түшкөн бойдон жата берди, кыз болсо дагы эле ага тигилип, жанагы жанын жай алдырбаган нике туурасындагы оюнан арыла албай турду.  

— Сиз атактуу болгуңуз келеби? — сурап калды Руфь.

— Ооба, ошондой болсо керек, — макул болду Мартин, бирок бул эң башкы нерсе эмес. Мени азыр даңк жөнүндөгү ой эмес, ошол атакка жетүүнүн жолу көбүрөөк ойлондуруп турат. Андан тышкары, даңк мага башка нерсе үчүн керек. Мен атактуу болууну каалаганымдын себеби бар.

Ал «сиз үчүн» деп айтып жибере жаздады, эгерде Руфь анын чыгармаларына ысыгыраак көз карашта болгондо айтып да жибермек.  

Бирок кыз бул тапта анын келечеги жөнүндө терең ойго батып турду, ошондуктан Мартинден эмнеге ишара кылыбатканын сураган да жок. Анын адабий карьера жасай аларына Руфь дегеле ишенбейт. Ал муну үстүртөн, баёо жазылган чыгармалары менен азыр эле далилдеп койбодубу. Мартин сүйлөгөндү билгени менен адабий стили жок. Ал аны Теннисон, Броунинг жана өзүнүн эң эле сүйүктүү прозаиктери менен салыштырып көрдү, — бул салыштыруу ого бетер эп келишпей турду. Бирок Руфь Мартинге эмне деп ойлогондорунун баарын эле айткан жок. Мартин козгогон түшүнүксүз азгырык кызыгуу кызды ага карата жумшагыраак болууга мажбурлап турду. Чындап келсе, Мартиндин жазуучулукка ынтаасы анын бираз эле чабалдыгы эмеспи, ошондуктан бул бара-бара өзүнөн өзү жоголуп кетээр. Ошондо ал өз күчүн сөзсүз башка бир олуттуу нерселерде сынайт чыгаар да ийгиликке жетишер. Руфь буга бөркүндөй ишенет. Мартин кайраты ашып ташкан жигит, ошондуктан турмушта эмнени көздөсө, ошого жетет... бирок жазганын эле эртерээк таштаса болду деп ойлоп турду кыз.

— Жазгандарыңыздын баарын мага окуп берсеңиз деп каалап турам, мистер Иден, — деди Руфь.

Мартин кубанганынан терисине батпай калды. Көрсө, Руфь анын чыгармаларына чындап кызыгып калган тура. Негизи Руфь анын чыгармаларын таптакыр жараксыз деген жок да. Айрым бир жерлерин өтө сонун чыгыптыр дебатпайбы.

— Жарайт, -деди ал көөнү көтөрүлө түшүп, — эми менин сизге берер убадам мисс Морз, келечекте сөзсүз мыкты жазуучу болом буюрса. Мен алыс жактан келгендигимди билем, алдымда дагы баса турган узак жол жатат, бирок мен төрт аяктасам да аны басып өтүшүм керек, — деди ал Руфка аңгемелердин таңгагын сунуп атып:

— Мына бул «Деңиз ырлары». Үйгө ала кетип убактыңыз болгондо окуп чыгарсыз. Бирок анан өз пикириңизди жашырбастан айтсаңыз э. Мен абдан сынга муктажмын! Мархамат, болгонун болгондой айтсаңыз экен!

— Мен эч нерсени жашырбайм, — убада кылды Руфь, ичинде бул жолу ага ачык айта албаганын билип турду, бирок мындан кийин да чечилип сүйлөшө аларын билбей турду.

 

XV ГЛАВА

— Алгачкы кармаш болуп өттү окшойт, -деди Мартин он чакты күндөн кийин күзгүнүн жанында туруп, — бирок эми экинчи, үчүнчү кармашуу болот, ушинтип отуруп...

Ал сөзүн бүтпөстөн, өзүнүн кунарсыз бөлмөсүн кыдырата карап, анын бир бурчунда додолонуп жаткан сүйрү конверттердеги кол жазмаларына көзү түштү. Буларды жаңы даректерге салып жибергенге акчасы жок эле, ошондуктан апта ичинде кол жазмалар көбөйүп үйүлүп кетти.  Кол жазмалар эми ушинтип күн сайын кайра катарылып келе берет, ошентип отуруп баары кайтып келет окшойт. Аларды мындан ары жөнөтүүгө алы жок эле. Ижарага алган машинкенин акчасын бир айдан бери төлөй элек, төлөй да алмак эмес, анткени акчасы эептеп жанын багып турганга, анан ортомчу кеңсенин мүчөлүк акысына гана араң жетип атты.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.