Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Отурду да үстөлүнүн бетине тигилип калды. Андагы сыянын тагын көрүп, күтүлбөгөн жерден эреркеп кетти.

— Менин байкуш эски үстөлүм, -деди ал, — далай бактылуу мүнөттөрдү сенде отуруп өткөрдүм, сен чыныгы досум болдуң эле. Эч качан мени көкүрөккө түртүп, эч качан ыгы жок баш тартып, мени таарынтадың, иштин ооруна бир да жолу кайгырган эмес элең.

Үстөлгө башын коюп, колдору менен бетин басты. Кирпиктери нымдала түшүп, көзүнөн жаш атып кеткени араң турду. Эсине алгачкы жолу мушташканы түштү, анда алты гана жаштагы балакай эле, өзүнөн эки жаш улуу бала менен чабыша кетип, көзүнөн жашы чубуруп турса да тигинин эси оогончо токмоктогунан качпай, өлармандана жанталашып каршылык көрсөткөнү элестей түштү. Чуулдаган балдар аларды тегеректеп алышкан эле, мурдунан атып кеткен каны муштум тийген көзүнөн аккан жашына аралашып, жерге жыгылып түшкөн учурун даана көргөндөй болду.

— Байкуш балакай, — деди ал өзүнө өзү, — мына, сени эми кайра сабап кетишти. Сабаганда да ордуңан туралгыс кылып жанчып кетишти.

Ошол алгачкы салгылаш жөнүндөгү эскерүү жоголуп кетпей, анын артынан кийинки мушташкандары чубурду. Жарым жылдан кийин жанагы Тултук Бет (балдар ушундай деп аташчу) деген неме ага дагы бир жолу кол салды. Бирок бул жолу Мартин анын көзүн көгөртө сокту. Бул эми башка иш эле! Экөөнүн согушкандары биринин артынан бири эсине түшө берди. Тултук Бет дайыма ага үстөмдүк кылып койчу. Ошенткени менен Мартин бир да жолу андан качкан эмес. Ушуну ойлогон сайын эдиреңдеп эрдемсип калар эле. Келтектин айынан жаны ооруп, жабыркап турса да Мартин акыр аягына чейин көгөрө салгылаша берчү. Тултук Бет колунан баары келген карамүртөз жоо болуп, эч кимди аёо дегенди билчү эмес. Бирок Мартин дайыма аягына чейин туруштук берчү!

Кийин Мартин үстү оюлуп, жыгачтары көрүнүп калган чалдыбар үйлөр турган чолок көчөнү эстеди. Көчөнүн этегиндеги кыштан салынган бир кабат үйдөн «Жарчы» деп аталган гезиттин күндүзгү санын басып жаткан машинкелердин бир калыптагы гүүлдөгү угулуп турчу. Мартин анда он бирде, Тултук Бет болсо он үч жашта эле, экөө тең гезит таратып сатышчу. Күн сайын таң заардан экөө басмакананын ачылышын күтүп, анын дарбазасынын түбүнөн кездешишчү. Тултук Бет Мартинге тийишмейинче тура алчу эмес, анан экөө чарпыша кетишчү, бирок саат төрткө туура он беш мүнөт калганда дарбаза ачылып, кармаш дароо токточу да, топурап турушкан балдар гезитти көздөй чуркашчу.

— Сенин мурдуңду эртең талкалайм, — деп убада берди ошондо Тултук Бет, Мартин болсо ыйлап калтыраган үнү менен эртең дал ушул жерде болорун айтты.

Эртеси Мартин мектептен качып чыгып, кармашуучу жерге Тултук Бетке караганда эртерээк келип турду. Чогулуп калган балдар Мартинди макташып, кантип согушуш керек экенин айтып, чурулдаша кеңеш берип жатышты. Ушундай эле кеңешин балдар Тултук Бетке деле беришчү.  Бир тыйын төлөбөй бул балдар канча жыргашты дейсиң алардын кармашына! Ушуну эстегенде Мартин токтой калды да ошондо балдардын кандай кумар кандырышканын ойлоп, аларга эрксизден суктанып да кетти. Кармаш башталып, басмаканын дарбазасы ачылганга чейинки жарым саат бою уланды.

Мартин кайра-кайра күн сайын мектептен басмакананы көздөй шашып чуркаган балакайды — өзүн көрө берди. Катуу чуркай алчу эмес. Тынымсыз мушташтардан улам дайыма капталына кыйрайып, аксап басчу. Колдорунун тамтыгы кетип, көгөрбөгөн жери жок, денесинин соо жери калбай, жаракат алган жерлери ириңдеп да кетчү. Буттары, колдору, желкеси, бүт денеси сыздап ооручу; коргошун куюп койгондой башы салмактанып, ичинде туман тургансыдай эле. Балдар менен куушуп ойной албагандан кийин окууну деле таштап салды. Күн бою партада отурган ага өлүм эле. Күн сайын боло турган бул мушташтар башталгандан бери тимеле кылым өткөндөй; убакыт болсо улам бир кагылышууну тынбай күтүү менен ордунда катып калгансып жатты. «Тултук Бетти эмнеге сабап салууга болбойт?» деп ойлоду ал. Эгерде ушинте турган болсо, анда бардык азаптан кутулмак эле. Бирок эч качан сырын алдырып, Тултук Беттин өзүнөн күчтүү экенине моюн сунуп, ага багынып бериш түк оюна келген эмес.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.