Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Макул, — деди Мартин Джо менен кол алышып. — Бирок мага бышмана акча берип турсаңыз жакшы болор эле. Жолго, башка чыгымдарга акчам жок.

— Кап, баарын жоготуп салбадым беле, — деди Джо кабагын сала, чекесин дагы сылап, — кайра кеткендей гана тыйыным калды.

— Мен акыркы центке чейин жатакана акысын төлөшүм керек эле.

Түкүрүп сал, энесин урайын, — кеңеш берди Джо.

— Анте албайм. Себеби бир тууган эжекеме карызмын.           

Джо ишиң чатак экен дегендей созолонто ышкырып койду да, терең ойго бата түшкөнсүдү.

Жанымда жарым бөтөлкөгө жеткидей бар. Жүрү, бирдеме кыларбыз.

Мартин бул сунуштан баш тартты.

— Ичпейсиңби? — деди Джо.

Мартин башын чайкады, Джо болсо супсуну сууй түшүп мындай деди:

— Мен болсом ичпей тура албайм, сен жакшы экенсиң. Кантесиң, жума бою эшек сыяктуу белиң майышканча иштейсиң, анан аракканага барбаска чараң жок. Эгерде мен ичпесем, анда кудай урсун, же ишкананы өрттөп, же кекиртегимди эчак кыя кесип салмакмын. Бирок сенин ичпеген кишилерден экениң абдан жакшы болду. Ичпей эле кой, энесин урайын.

Мартин өзү менен бул адамдын ортосунда китептер жараткан түпсүз туңгуюк жатканын көрүп турду, бирок аны менен дароо эле ымала табыша кетти. Өмүр бою өзү карапайым турмушта жашабадыбы, кара таман эмгектин кишилери карата тилектештик сезими анын экинчи мүнөзү болуп калган эле. Джонун шишип турган башы жетпеген аны көчүрүп келүү маселесин Мартин бат эле чечип койду. Чамаданын Джонун белети менен салып жиберип, өзү «Кайнар Булакка» велесепет менен келмей болду. Ал аралыгы жетимиш миль (112 км.) келген «Кайнар Булакка» жекшемби күнү жетсе, дүйшөмбү күнү ишке киришет. Азыр үйүнө барып, буюмдарын жыйнайт. Коштошоор деле эч кимиси жок, Руфь болсо үйүндөгүлөр менен Сиеррге, Тэхо көлүнө кетишкен.

Мартин абдан чарчап, бети-башы бозала чаң болуп «Кайнар Булакка» жекшемби күнү кечинде жетип келди. Джо аны барбалаңдап кубанып тосуп алды. Башын ным ак сүлгү менен таңып алыптыр, себеби керели кечке иштеген эле.

— Баягы мен сени жалдаганы баргандагычы, — деди ал, — өткөн жумадан бир топ кир калган болчу. Сенин чамаданың жетип келди. Бөлмөңө алып барып койдум. Оорун айтпа, тимеле, эмне салып койгонсуң ичине? Алтындын куймаларыбы?

Мартин чамаданын ачып буюмдарын чыгарганча Джо анын керебетинин кырына келип отура калды. Муну эми чамадан деп деле айтканга ооз барбас эле, мистер Хиггинботамга жарым доллар берип сатып алган кадимки эле консерванын жащигин алып туруп, жиптен кармагыч жасап, чамаданга окшоштуруп жасатып алган. Джонун көздөрү бирин-экин ич кийимдерден кийин чамадандан түгөнбөгөн китептер чыга баштаганын көрүп чанагынан чыга түштү.   

Койчу эй! Ушунун баары китеппи?

Мартин ооба дегендей башын ийкеп, китептерди кол жуугуч орнотулган үстөлгө чыгарып кое баштады.

Укмушсуң го!

Джо ойлонуп калды, кыязы, башында кандайдыр бир ой пайда боло түштү окшойт. Анан ошол оюн курады окшойт, минтти:

— Айтсаң, кыздар жагына сен кандайсың? Мыктысыңбы? сурады ал.

— Жок, — деп жооп берди Мартин, — мурдараак, китепке көп кызыга электе анча-мынча бара койчу элем. Эми ага убактым жок.

— Бирок бул жерде сенде китепке деле чолоң тийбейт. Иш менен эле уйку болуп калат.

Мартин өзүнүн беш сааттык уйкусун эстеп жылмайып койду. Анын бөлмөсү кир жуугучкананын үстү жагында орношуп, бөлмөлөргө жарык берип, сууну айдап чыгарган кир жуугуч бөлмөдөгү машинелерди кыймылга келтирген мотор да ушул эле жерде экен. Мартин менен таанышканы кире калган кошуна монтёр узун зымга лампичкени ыңгайлуу кылып илип берди. Эми лампичкени керебетке чейин жакындатып алса болот.  

Эртеси күнү Мартин саат алтыдан жыйырма беш мүнөт өткөндө турду — эртең мененки тамак ушул убакта берилет деп айтышкан. Үйдүн ичинде кызматкерлер үчүн атайын ванна бар экен, Мартин муздак сууга жуунуп Джону таң калтырды.;

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.