Жек Лондон
Мартин Иден
— Мына, азамат болбосоң коё кал! — деп жиберди Джо тамакка отурганда.
Дасторкон үстүндө экөө, анан монтёр, багбан, анын жардамчысы жана эки-үч ат багар чогуу отурушту. Кабактарынан кар жаагансыган булар ара-чолодо күң-мыңк этип бидемени айткандары болбосо, унчукпай алдыдагы тамакты апа-супа ичип атышты. Мартин алардын кобурашканын угуп отуруп, булардан канчалык ыраактап кеткенин түшүнүп турду. Алардын түшүнүгүнүн чектүүлүгү, айткандарынын түккө тургус маанисинин жоктугу Мартиндин чыдамын кетирди, ошондуктан булар качан ичип бүтүп туруп кетишер экен деп ичинен тилеп отурду. Акыры чыдамы түгөнгөндө муздак, даамы билинбеген супсак боткону алардан озуп, арыдан бери түгөтө салды да сыртка, таза абага атып чыкты.
Чакан киржуугуч көптөгөн ишти аткара турган жаңы машинелер менен мыкты жабдылыптыр. Мартин Джодон кыскача насаат алып, дөбө болуп үйүлгөн кирлерди иргеп кирди. Джо болсо бул учурда машинаны ишке киргизип, курамы химиялык жегич заттардан турган самынды сууга эзе баштады. Ал бул заттардын организмге зыяндуу таасиринен сактаныш үчүн көздөрү менен мурдун сүлгү менен таңып алгандыктан, кебетеси мунияга окшоп калды. Кирлерди иргеп бүтүп, Мартин эми жуулгандарын сыга баштады. Бул иш секундасына бир нече миң жолу айланып, кирди кургата турган өзгөчө машине менен жасалчу. Анан Мартин кир кургаткан машинеден сыга турган машинеге чуркап, ал ортодо байпактарды да иргенгенге үлгүрүп жатты. Экөө түшкү тамактан кийин үтүктөр ысыганча байпактарды басышты. Кечки алтыга чейин ич кийимдерди үтүктөп жатып, Джо шектене башын чайкады.
— Балээни да бүтө албайбыз, — деди ал, — ужинден кийин да иштей турган болуп калдык.
Ошентип алар кечки тамактан кийин да көз талдырган электрдин жарыгында эртең ээлерине таратыла турган эң акыркы жуп ич кийим үтүктөлүп бүткөнчө түнкү онго чейин тынбай иштешти. Сыртта Калифорниянын үп түнү өкүм сүрүп турат, болгон терезенин баары аңырайып ачык турса да ысык үтүктөр менен темир мештердин деминен бөлмө ичи киши чыдагыс үп болуп турду. Бел кырчоого чейин жылаңачтанып чечинип алышкан Мартин менен Джо алка-шалка кара терге чөмүлүп, араң дем алыбатышты.
— Тимеле тропикалык портто жүк түршүрүп аткандай экен, — деди Мартин, тепкич менен өйдө бөлмөлөрүнө чыгып бара жатышканда.
— Жарайсың, — деди Джо. — Мыкты иштейт турбайсыңбы. Эгер мындан ары ушинтип иштесең, эмки айдан тарта эле кырк доллардан ала баштайсың. Бирок сенин мурда үтүк баспаганыңа ишенбей турам, мени алдай албайсың.
— Кудай урсун, өмүрүмдө алакандай да чүпүрөктү үтүктөгөн эмесмин.
Мартин он төрт саат катары менен тынбай иштегенин унутуп, өзүнүн чарчаганына таң калды. Будильниктин коңгуроосун алтыга коюп, уйкунун беш саатын эсептен чыгарып таштап, түнкү бирге чейин китеп окууну чечти. Бутун эс алдырмакка тапичкесин чечип, үстөлгө отурду да, тегерете жайып алган китептерине үңүлдү. Фисктин эки күн мурун окуп баштап токтотуп койгон жерин атчы. Башы зыңылдап, начар иштегендиктен, бир эле сапты эки-үч жолу кайталап окууга туура келди. Анан шишип чыккан булчуңдарынын зырылдап ооруганынан жана ачык терезеден соккон тоонун муздак желинен үргүлөп кеткен көздөрү ачыла түштү. Саатты караса түнкү эки болуптур. Демек, төрт гана саат эс алуу калыптыр. Ушуну ойлоду да башы жаздыкка тиер замат катуу уйкуга кетти.
Шейшемби да ушундай эле оор жумуш менен өттү. Баарынан да Мартинди суктандырганы Джонун иштеги чапчаңдыгы болду. Джо шайтандан бетер чарчабай иштейт экен. Иштебатканда бир мүнөтүн да текке кетирбей, болгон дитин ишке буруп, анүстүнө Мартинге үйрөткөнгө да жетишип, беш кыймылдай турган жерде үч жолу, ал эми үч кыймылдаган жерде эки жолу кыймылдап жатты.
Муну көргөн Мартин да көңүл буруп, андан үлгү алууга аракеттенди. Дегеле ал дээринен элпек, шамдагай, иштин көзүн билген кызматчы боло турган, көп учурда иштеген жагынан астына киши салдырбай иштей аларына өзү да ыраазы эле. Азыр деле бүт көңүлүн ишке буруп, Джонун айткан насаат-кеңештерин так орундатууга аракет кылып атты. Үтүктөгөн кезде көөп калган жерлери болбос үчүн Мартин жеңдин учтары менен жакаларындагы крахмалды эптүүлүк менен ушалап тургандыгы үчүн Джонун мактоосуна татыктуу болду.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.