Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бул түнү да Мартин эч нерсе окуй алган жок.  Бир жумадан бери гезит бетин караган жок, карагысы да келбей турганына өзү да таң.  Жаңылыктардын ага кызыгы да жок эле. Суй жыгылганча иштеген адамдын эмнеге көңүлү келмек, ошентсе да ишемби күнү велесепет менен Оклендге барып келейин деди. Жолдун ыраактыгы — барышы жүз он эки чакырым, келишиң да ошончо, башкача айтканда, таптакыр эс албайт, андайбы, демек, келерки жумага күч-кубат топтой албайт. Поюзга түшө калса деле эки жарым доллар менен барып келмек дечи, бирок Мартин бир тыйын болсо да үнөмдөп, акча чогултууну бекем чечкен.  

 

XVII ГЛАВА

Мында иштегени Мартин кыйла жаңы иш көндүмдөрүн үйрөндү. Биринчи жумада Джо экөө бир эле күндүн ичинде эки жүз ак көйнөктү жууп, үтүктөп чыгышты. Джо машиненин басымын жөнгө сала турган темирдин учуна үтүктү илип коюп, андан көйнөктөрдүн крахмалдуу бөлүгүн үтүктөн өткөрүп, Мартинге ыргытып турду, тиги болсо аларды тактайга жайып алып, калган жактарын үтүктөп жатты.  

Бул узак саатка тынымсыз созулган, адамдын жанын сууруп алгандай оор жумуш эле. Кир жуугучтун терезесинен көрүнгөн конок үйүнүн верандасында болсо апакай кийимчен мырзалар менен айымдар көңүл ачып, ары-бери серүүндөп басышып же үстөлдөргө отуруп алып, муздак суусундуктардан ууртап коюп эс алып отурушту. Бул жерде тозоктун төрүндөгүдөй ысык жана дем кыстыктырган үп болуп турат. Эрип кетчүдөй болуп кызарган плитадан лапылдаган ысыктын илеби уруп, ным кирлерди бышылдата баскан үтүктөрдөн буу бүркүлөт. Бул үтүктөр үйдөгү кожейкелер колдонгон үтүктөрдөй эмес, булар алда канча жогору температурага жеткенге чейин ысытылат. Ысыгын кадимки эле колуңду шилекейлеп же бетине түкүрүп текшерип көрчү үтүктөр Мартин менен Джого али ысый элек үтүктөр болор эле. Бул жердеги үтүктөрдүн ысыгын алар жаагына жакын такап туруп аныкташчу. Мында кандайдыр бир өзгөчө сезгичтик болоор эле, муну Мартин адегенде түшүнбөй жүрдү. Үтүк абдан ысып кеткенде анын бетин муздак сууга бир малып алышчу. Бул иш да эпчилдикти талап кылган иш болчу. Үтүктүн бетин музак сууга бир секундага кармап туруп дароо кайра ала коюш керек; Мартин бул оор кыймылды ушунчалык эпчилдик менен автомат сыяктуу аткарганына өзү да таң калып жүрдү.

Бирок минтип укмуш турбаймынбы деп отурганга убакыт жок болчу. Болгон дитин ишке койгон. Тыным албастан иштей берип, бара-бара тирүү машинедей эле болуп калды, мындай иш адамды соо коебу, анын болгон күч-кубатын өзүнө соруп алып атты. Башында баягыдай дүйнөнүн, жашоонун табышмактары жөнүндө ойлогонго жер калган жок. Мээсиндеги бардык кенен, мейкин жерлер чапталып, жабылгандай эле. Акыл-эси колуна, манжаларына үтүктү тигиндей карма, жеңдерди, көйнөктөрдүн этектерин, өңүрлөрүн, капталдарын тигинтип үтүктө, үтүктөлгөн көйнөктөрдүн бүктөөсүн жазба деген сыяктуу буйруктарды гана берип турган тар, кичинекей штурмандык рубкага айлангандай. 

Мээси бир көйнөктү аяктап, экинчисине кам уруу менен гана алек эле. Ушинтип тыным албай алпурушкан узак сааттар Калифорниянын аптаптуу ысыгынан сырттагы дүйнөнүн кыбыр эткен кыймылы токтоп калганга дейре уланаар эле. Иш бир гана кир жууган жерде токточу эмес, анткени конок үйүндөгү сылаңкороз тургундарга таза кийимдер ар убакта керек болчу.

Мартинден тер суудай агып турду. Сууну чакалап ичип атса да, ысыктын катуулугунан денесинен шорголоа акпаган жер жок. Деңизде матрос болуп жүргөндө Мартин өз убактысына өзү кожоюн эле, бул жерде болсо кир жуугучтун ээси анын оюна да кожоюн болчу. Анткени жанын да, оюн да кыйнаган иштен башканы ойлогонго чамасы келбей калып атты. Башка ой деле жок эле. Жадагалса, Руфту да сүйөрүн унутуп калды. Тынымсыз оор иштен талкаланып, шалдырап бүткөн Мартиндин бирдемени эскерүүгө да шайы жок эле, бир гана төшөккө жатаарда же эртең мененки тамакты жеп отурганда анын бүдөмүктөгөн элеси эсине түшүп калып жатты.

— Тозоктон да жаман экенби э? — деп сурады күнү Джо.

Мартин ооба дегендей башын ийкеди да, күтүлбөгөн жерден жин келе түштү. Мунун себеби айтпаса деле түшүнүктүү болчу. Алар эч качан иш үстүндө сүйлөшчү эмес. Кеп ишке жолтоо болгондуктан азыр да Мартин Джонун суроосуна алаксый түшүп, эки жолу артыкбаш кыймыл жасап жиберди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.