Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин тынымсыз, өзгөрүп кубулуп турган түркүн-түс ааламды кезип жүрүп, бейтааныш оюнга аралашканда эч качан озуна биринчи болуп жүрүш жасаба деген даанышман бир эрежени өздөштүргөн. Бул эреже кийинки жашоосунда бир да жолу аны осол кылган эмес, алтургай, анын байкагычтыгын өстүрдү. Мартин туура багыт алганды, атаандаштын чабал жери байкалганча өз күчүн тең салмактап көргөндү үйрөндү. Мушташканда деле ал эң алды менен каршылашынын чабал жактарын көрүүгө умтулаар эле. Ошондо тажрийбасы аны мерчеген жерге сокку урууга, урганда да жазбай урууга көндүргөн.
Эми мына, Руфка өзүнүн сүйүүсүн айтайын деп турат, бирок айтканга шашкан жок. Кызды капа кылып аламбы деп өзүнө ишенбей турду. Бирок өзү байкабаганы менен түшкөн жолу туура болчу. Махабат адамзатка тил бүткөнгө чейин эле жаралып, кийин эч качан унутуп болгус ыкма усулдар менен толукталып жүрүп отурган. Мартин Руфтун көңүлүн алганга так ошо байыркы ыкмалар менен жетишмек. Муну ал оболу билбей жасады, өзүнүн кылык-жоругун кийин гана мойнуна алып, акыйкатты түшүндү. Анын колунун кыздын колуна тийип кеткени эле ар кандай сөздөн артык болчу, анын күчүн сезүү саптар менен уйкаштыктарга, ашыктардын жүздөгөн муундарынын жалын бүрккөн сөздөрүнө караганда алда канча күчтүү эле. Сөз менен айтып түшүндүргөндө бул эң алды менен Руфтун акыл-эсин козгомок, ал эми колунун кокустан тийишип кеткени, кыз менен көз ирмемге жакындашуу болсо анда катылып жаткан аялдын табигый сезимине түздөн-түз таасир этмек. Кыздын акылы да анын өзүндөй жапжаш болучу. Бирок табигый сезими адамзат сыяктуу эле, балким, андан да эски эле. Адамзатка ыроолонгон бул сезим махабат жаралганда кошо жаралып, анын көөнө даанышмандыгынын кудурети кийинки кылымдардын болгон айла-амалдары менен кылдаттыгын өзүнө багындырып алган эмеспи. Руфтун акыл-эси ушундан улам унчукпай аткандыр. Кыз өзүнүн сүйүүдөн мөгдөгөн жүрөгүнө Мартиндин тийгизген сыйкыр таасирин өзү аңдабай талдабай туруп, ага өзү биринчи болуп кол суналбай турду. Мартиндин аны сүйөөрү чыгып баткан күндөй шексиз эле, ошондуктан Руфь мына ушул махабаттын көрүнүшүнөн — анын көздөрүнөн чагылган оттон, колдорунун титирегенинен, анын кызарып сүрдөгөнүнөн гана ыракат ала берди. Бир туруп Руфь аны атайын жалынга түрткөндөй, бирок муну абдан кылдаттык менен байкоостон баёо жасайт, аны өзү да, Мартин да сезбейт. Ал өзүнүн аялдык кудуретин сезгенине жетине албай кетет жана Умай эне сыяктуу аны менен ойногонуна, делебесин козгоп атканына ыракаттана берет.
Мартин болсо унучукпайт, анткени не дээрин билбейт, анткени анын дилин балкыткан сезимдердин ташкынынан тил ооздон калгандай, ошондуктан унчукпастан, бирок кызга жакындашуунун тартынчаак, өтүмсүз жолдорун издей берди. Анын колунун тийип кеткени эле кызга ушунчалык жагымдуу дейсиң. Мартин муну билбейт, бирок кызга жагып атканын өзү сезет. Чынында алар бири биринин колун учурашканда же коштошоордо гана кысышчу, велесипетти кармашканда, китеп беришкенде же чогуу барактаганда да манжалары дайыма жабыша калат. Бир нече жолу кыздын чачтары да жаагына тийип кеткен же китептеги жаккан жерге үңүлө калганда бир ирмемге ийнине кыналыша да калган. Мындай кезде чырмап алган сезимдерге Руфь өзү да ичинен күлүп калчу: маселен, кээде ал Мартиндин чачтарын уйпалагысы келип кетер эле, тил катпаган Мартин болсо ичинде окугандан чарчаганда анын тизесине башын коюп, көздөрүн жуумп алып келечек туурасында кыялдансам деп самачу. Мурда жекшембилик сейилдердин маалында ал нечен ирет башын башка кыздардын тизесине койчу да камырабай уктап кетер эле, кыздар болсо аны күндөн калкалап, чачынан сылап, махабатка болгон кайдыгерлигине таң кала телмире тиктеп коюп башында отура беришчү. Кыздын тизесине башын койгон Мартин үчүн бул дүйнөдөгү эң эле жеңил иш эле ошол кездерде, эми Руфка карап туруп анткенге таптакыр мүмкүн эместиги, анткендин кереги да жоктугун түшүнүп турат. Бирок так ушу мүмкүн эмес нерсени түшүнгөнү жана андан улам өзүн токтоо кармап турганы өзүнө байкалбай, Мартинди көздөгөн максатын көздөй алып баратты. Мындай токтоолугунан улам бир да жолу Руфту кабатырланткан жок. Тажрийбасы жок, башы ката элек ийменчээк кыз алардын жолугушуулары экөөнү барган сайын кандай опуртал багытка бурулуп баратканын байкаган да жок. бай турду. Аны оюна койбогон сезим Мартинге тартып турду, ал болсо улам күчөп бараткан жакындыкты сезген менен кызды каалап турса да даай албай жүрөт.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.