Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Бул кыз үчүн акылга сыйбас иш эле, бирок бул туурасында ал ойлонгусу да келбеди. Ал эми мрдакы Руфь эмес, кадимки эле эркектин таянычына муктаж аял заты эле, Мартинге бир аз гана кынала калса да каалоосу канааттандырылгансып калды. Чарчаганынын изи да калган жок. Мартин унчукпай отурду. Ал мындай керемет жакындыкты жоготуп албайын деп чочулап турду. Анын токтоолугу менен тартынчаактыгы ага унчукпай отурганга жардам кылып атты, бирок башы таттуу тегеренип, ойлору сапырылып кетти. Эмне болуп кеткенин эч бир түшүнө албай турду. Бул ушунчалык керемет иш эле, өңүндө мындай болмогу мүмкүн эмес эле. Кайыкты башкарганды таштап салып, кызды кучагына бекем кысып жибергенден өзүн араң кармап токтотуп жатты. Бирок анткенде иштин ойрону чыгаарын ал ички туюму менен туюп турду, ошондуктан колдорунун бош эмес экенине тагдырына ыраазы да болуп кетти. Ошентсе да парусту ылдайлата түшүрүп, кайыктын жүрүшүн атайлап акырындатты да кайыкты жайлатып, шамалдан тетири буруп койду. Шамалдын агымы катуулап кетсе орун которуштуруп отурууга туура келерин, бул болсо экөөнүн кыналыша отурушкан калыбын бузуп жиберерин ал жакшы билчү. Бул иштин баарын ал артта отуруп алып талашып аткандардын шегин түк жаратпай, тажрийбалуу колу менен жасап койду. Муну менен ал деңизди, кайыкты, шамалды эркине багындырууну үйрөткөн матростук оор тагдырына азыр дагы бир ирет ыраазы болуп турду. Эми бул ага керемети сыйкыр айлуу түндө ашыгы менен болгон жакындыкты узартууга мүмкүнчүлүк бериа жатты.

Өйдөлөп кеткен күмүш табактай айдын нуру аларга бермет жарыгын төккөндө Руфь Мартинден боюн оолактатып бери жыла берип, Мартин да ары боло калганын сезди. Бул экөөнө сыр бойдон калышы керек. Бети албырган Руфь эмне болуп кеткенин биле албай коркуп кетип эми четте отурду, Эмне кылганын агаларына да, Олниге да айталбас эле. Мындайга ал кантип барды экен? Айлуу түндөрдө буга чейин кыз жигиттер менен кайыкта көбеле жүргөнү менен башынан эч качан мындай өткөн эмес. Мындай каалоо дегеле болгон эмес эле. Ошондуктан ойгонуп келе жаткан аялдык сезиминен уялып да, чочулап да турду. Акырын адыртан Мартинди караса, ал кайыкты буруу менен алектенип калган экен, ушу тапта өзүн ушундай ойлонбогон, уят ишке барганына аргасыз кылгандыгы үчүн аны — Мартин Иденди жек көрүүгө даяр эле! Балким апасынын айтканы туура чыгар, алар чынында эле бат-баттан көрүшүп атышат, мындан ары эми мындай окуя эч качан кайталанбай турганын жана аны менен азыраак көрүшөрүн бекем чечти. Башына дагы бир жиндидей ой келе түштү, ыгы келгенде Мартинге ай чыгаардын алдында кайыкта отуруп, көңүлү караңгылап, өзүн начар сезгенин да айтып койсомбу деп да ойлоду. Бирок ал ай көтөрүлүп кетери менен алардын бетин ачып, биринен бири ары жылышып отура калышканын эстей калып, андай ойго Мартиндин ишенбей турганын түшүндү.

Кийинки күндөрү Руфь жанын коерго жер таппай жүрдү; өзүнүн сезимин талдай албай, эмне болубатканын, аны эмне күтүп турганын ойлогонду токтотуп, эркин бирде жүрөгүн түшүргөн, бирде делөөрүтө азгырган жаратылыштын табигый чакырыгына таштап, кулак түрө берди. Бирок ичинде бекем бышыктап алган бир ою бар эле: Мартинге эч качан махабат туурасында сүйлөгөнгө жол бербеш керек деди. Азырынча ал унчукпай турабы, демек, иш ордунда. Анүстүнө бир нече күндөн кийин деңизге да чыгып кетет. Баса, ал сүйүүсүн айткан күндө деле эч нерсе болуп кетпейт. Анткени ал аны сүйбөйт эмеспи. Арийне, бул көп болсо аны жарым саатка кыйнайт чыгаар, алгачкы жолу сүйөөрүн билдирип аткандан кийин анын өзү деле бир аз кыйын абалга тушугаар. Мына ушуну ойлоор замат кыздын муштай жүрөгү сүйүнүчтөн түрсүлдөп сокту. Ал чыныгы аял затына айланып, эркек анын колун сурап турбайбы. Аялдык болгон турпаты азыр мындай чакырыкка жооп берүүгө даяр эле. Тула бою чымырап, башында отко айланчыктаган көпөлөктөй болуп бир эле ой чимириле берди, көз алдына Мартин анын колун сурап атканы элестеп кетти, айта турган сөздөрүн Руфь  өзү анын оозуна салып, өзү болсо бир нече жолу баш тартаарын кайталады, Мартиндин адамкерчилик кайраттуулугун эске алганда, муну мүмкүн болушунча жумшагыраак айтышы керек. Эң оболу ал тамеки тартканын таштасын. Муну ал катуу талап кылат. Баса, жок, ага сүйүү жөнүндө айтканга эч качан уруксат бербейт. Бул анын колунан келет, апасына да бул туурасында убада берген. Кызарып калтырап чыккан Руфь ишке ашкыс бул кыялдарды өкүнүч менен алыска кубалады. Алгачкы жолу өзүнүн махабатын билдирүүнү ыңгайлуу учур жана татыктуураак талапкер менен жолугушканга чейин коё турууну чечти.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.