Жек Лондон
Мартин Иден
XXI ГЛАВА
Эрте күздүн Калифорнияда бат-бат кайталанчу мээрими көлбүгөн, жанды жыргалга батырган керемет күндөрү келип турду. Күн жука түтүн менен курчалгандай, шамалдын алсыз соккон илеби ойго чөккөндөй тымтырс каткан абаны араңдан зорго термеп тургансыйт. Түркүн-түс жиптерден согулгандай жеңил кызгылтым туман дөңсөөлөрдүн этегинде жаткансыйт, алардын чокуларында болсо түтүндүү темгилдер өңдөнүп Сан-Франциско калаасы жайыла чалкып жатат. Ортодо болсо эритилген темирдин тилкесиндей болуп булуң жалтылдайт, анын бетинин кээ бир жеринде токтоп турган же агым менен жай жылжып бараткан кемелердин парустары агарат. Тээ алыста, күмүш тумандардын арасынан асман тиреген Тамалпайс заңкаят, батып бара жаткан күндүн шооласында ичке жөлөк жолчодой болуп Алтын Дарбаза созулуп туру, алардын артында болсо туман чулгаган, учу-кыйыры жок, горизонттогу келаткан кыштын кабарчылары — коюу ак булуттар менен кыргакталган Улуу мухит көгөрөт.
Жайдын кайтаар маалы келип калган эле. Бирок ал кайтканга шашылбайт, дөңсөөлөрдүн арасында, өрөөндөрдүн кочкул мала боёкторун улам коюуландырып, чарчоо менен чегине жеткен ыракаттын мунарык кепинин астында жашаганына жана жашоосу үзүрлүү болгонуна акырын жана мемирей кубанып, жайбаракаттык менен өлүп баратты. Мына ушундай күзгү дөңсөөлөрдүн арасында бири бирине кыналыша, бир китепке үңүлүп Мартин менен Руфь отурушат; үн чыгарып окуп аткан Мартин, Руфь болсо, Броунингди чексиз сүйгөн аял жазган сүйүү ырларын жан дилин бере угуп отурат, мындай ырды жазса, саналуу гана аялдар жазаар.
Китеп окуу жай жүрүп жатты. Жаратылыштын өңү өчүп бараткан кооздугунун керемети укмуш эле. Алтындай бул учур кандай жашаса, так ошондой — айыбына тобо келтирбеген сулуудай өлүп баратты, жадагалса, абанын өзү да таттуу эскерүүлөрдү эңсөө менен сугарылгандай болуп турду. Бул эңсөөлөр Мартин менен Руфтун канына кирип, алардын эркинен ажырата, акыл-эси менен руханий эрежелерин өрөпкүгөн үмүттөрдүн туманына чырмап алгансыды. Мартин мас кылып бараткан алсыздыкка багынып, кан тамырларынан от аралай чаап өтүп жаткансыды. Экөөнүн баштары тийишип, кокусунан желп эткен шамалдан Руфтун чачтары жаагына тийип кеткенде, саптар мунарыктап көзүнө көрүнбөй калды.
— Менимче, сиз окуп атканыңызды өзүңүз укпай атасыз го дейм, — деди Руфь Мартин окуп жаткан жеринен күтүлбөгөн жерден адашып кеткенде.
Мартин балбылдаган көздөрү менен Руфту жалт бир карап алды, бирок сыр алдырбастан:
— Сиз деле уккан жоксуз го. Кана, акыркы сонетте эмне жөнүндө айтылды?
— Билбейм, — күлүп жиберди Руфь. — Унутуп калдым. Эми окубай эле коюңуз. Карачы, күн кандай сонун болуп турат!
— Биз эми көпкө сейилдей албайбыз, — деди Мартин олуттуу, — көрдүңүзбү, тээтетиякта, горизонтто бороон көтөрүлүп келатат.
Жабылган китеби анын колунан жылмышып түшүп, Руфь экөө үн катпастан, үргүлөп бараткан океандын кооз булуңун көпкө чейин кыялдана карап отуруп калышты. Руфь астыртан Мартиндин мойнуна кайрадан карап койду. Ошол замат кандайдыр белгисиз, тартылуу мыйзамынан да алда канча өкүмү зор, тагдырдын дал өзүндөй кудурет күч аны капылеттен азгырып кетти. Ал кыңая калып Мартиндин ийнине колун тийгизиш үчүн болгону сөөм аралык бар эле, андыктан болор иш эркине багына албай болуп кетти. Кыз колун ага көпөлөк гүлгө конгондой жеңил гана тийгизди да, ошол замат жигиттин ийни да ага кынала калып, бүткүл денесинен дирилдек чаап өткөнүн сезди. Так ушул ирмемде кыз өзүн кармашы керек эле. Бирок ал эркине багына алган жок. Эмне кылыбатса да эркинен тыш өзүнөн өзү болуп жатты, кубанычтан өзүн жоготкон кыз эми бир нерсени ойлоого да чамасы келбей калды.
Мартиндин колу акырын сунулуп барып анын белинен кучактады. Кыз жан азабына түшө күтө берди, эмнени күтүп атканын өзү да боолголой албады; эриндери өрттөнүп, жүрөгү туйлап чыкты, каны улам катуу айланып баратыры. Мартин кызды акырын, абайлап өзүнө тартты да кучагына бекемирек кысты. Кыз чыдап туралган жок. Кыңкыстап онтоп жиберди да башын жигиттин көкүрөгүнө таштап жиберди. Мартин ошол замат эңкейди да, экөөнүн эриндери бири бирине жабыша калды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.