Жек Лондон
Мартин Иден
Руфь энесинин туура айтып жатканын түшүнүп, унчукпай калды.
— Аның бирдемелерди жазымыш болуп убактысынын көбүн ошого коротот, ошонусу менен жадагалса, өзгөчө таланты бар, жогорку билимдүү адамдар чанда жеткен нерселерге жетишкенди каалайт экен. Үйлөнө турган адам мындай кадамга даярдыгы болушу керек да. Муну ал ойлоп да койбойт. Мен сага айтпадымбы, анда жоопкерчилик сезими жок деп, сен буга кошуларсың дейм. Жоопкерчилик анда кайдан болмок эле? Матрос атмайдын баары эле ушу да. Аның эч качан сарамжал жана токтоо болууга көнгөн эмес. Тапканын эле чачып жиберип отуруп калат экен, канына сиңген да бул. Арийне, бул анын күнөөсү эмес дечи, бирок бул иштин жагдайын өзгөртпөйт. А сен анын буга чейинки көрүнгөн жерде бытпылдык аткан чаржайыт, аягы суюк жашоосу туурасында ойлодуңбу — ал башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Айланайын кызым, сен деги турмуш куруу деген эмне экенин билесиңби?
Руфь селт эте түшүп, энесине жабышка калды.
— Мен ойлогом...— Руфь керектүү сөздү издеп көпкө ойлонуп калды. — Бул албетте, абдан жаман. Бул жөнүндө ойлоо мага өтө оор. Менин сүйүүм — чоң бактысыздык экенин түшүнүп турам, бирок азыр өзүмө алым келбей турат. Сен атамды сүйбөй коё алат белең? Мен да ошондой болуп турам. Анда да, менде да бири бирибизге тарткан бир нерсе бар сыяктанат — муну ушул кезге чейин билген эмесмин — мени сүйүүгө мажбурлаган нерсе мен да бар. Аны жактырып калам деп дегеле ойлогон эмесмин, бирок эми сүйүп калдым,— деди ал сөзүнө салтанаттын шаанисин кошо.
Бул майнапсыз сөз көпкө чейин созулду, акырында алар эч нерсе кылбай, дагы бир азга күтө турууну чечишти.
Бир саат өткөндөн кийин куулугу күтүлбөгөн натыйжа бергенин аялы өзү айтып мойнуна алган соң, мындай чечимге мистер Морз да макул болду.
— Башкача болушу да мүмкүн эмес эле, — деди мистер Морз, — себеби кызың бул орой матростон башка эркек атмайга жолоп көрбөсө эмне кылсын. Эртедир, кечтир, анда аялдык сезим ойгонушу керек эле, ана ойгонуптур, эми кубана бер, жанында болсо мобереки неме туруп калыптыр, эмне кылалык эми... Кызың ошол замат аны жактырып калганы түшүнүктүү да, же мээси айланып ошентип ойлоп алгандыр, эми кандай болсо да баары бир эмеспи.
Миссис Морз күйөөсүнө Руфтун каалоосуна шак эле каршы чыкпастан, акырын билгизбей кыйыр жолдор менен таасир этиш керек деген кеңешин айтты. Буга убакыт да жетишээрлик, анткени — Мартиндин деле азыр үйлөнө коёюн деген ою болбосо керек.
— Мейли анда, канча жолугам десе жолуга берсин, — деген чечимин айтты мистер Морз. — Ал канчалык аны жакындан билген сайын, көңүлү ошончолук бат муздайт. Анысын башка бирөөлөр менен салыштырып көргөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Демек, үйгө жаштарды кыздарды, биздин чөйрөнүн маданияттуу, таалимдүү, чыныгы жентелмендерин көбүрөөк чакырып туруш керек. Алардын жанында ал таптакыр башкача көрүнөт. Ошондо кызың анын кандай неме экенин даана көрөт. Анан калса — аныңар али жаш бала. Жыйырма бирге келиптир араң эле. Руфь деле таптакыр бала. Бул деген жөн эле балалык сүйүү, бара— бара өтөт да кетет.
Экөө ушундай чечимге келишти. Үй-бүлө Мартин менен Руфту турмуш курганга убадалары бекиген деп эсептеп, бирок муну ачыкка чыгарууга шашкан жок. Ата-энеси мунун кереги деле болбой калар деп ичтеринен эңсеп турушту. Албетте, бекиген убаданын ишке ашышы абдан узакка созулары турулуу иш болчу. Мартинге жүрүшүңдү оңдо, жашооңду өзгөрт, жазганыңды токтотуп, пайдасы чыгаар бир ишти карма деп эч ким айтып, кеңеш берген да жок. Айтор, Мартинди жашоодо ийгиликтерге жетишине таасир этүү жагы үй-бүлөнүн планына кирген жок. Мартин болсо өзүнө ниети бузуктардын чырагына май тамызып, түзүгүрөөк бир иш издөө туурасында ойлоп да койбой жүрө берди.
-Сиз менин демилгемди жактырасызбы же жокпу, билбейм, — деди Мартин бир нече күндөн кийин Руфка. — Мага эжемдикинде турганга акчам жетпей калды, бир жерге өз алдымча тургум келет. Түндүк Оклендден бир батир таптым, тынч үй экен, кересин мешче да сатып алдым, тамакты өзүм жасап ичмей болдум.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.