Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Сиз аларды сата албагандан кийин мындай чыныгы нерселерди, шедеврлерди жазгандан не пайда? — деп сурады Руфь. 

— Айтпаңыз...— деп баштады эле, Руфь анын сөзүн бөлүп кетти:

— Сиз азыр эле санап, өзүмө абдан жагат деген чыгармаларыңыздын бир да сабын алиге сата албапсыз. Экөөбүз сиздин эч ким сатып албаган чыгармаларыңызга ишенип үйлөнө албайбыз да.

— Андай болсо, баары сатып ала турган куплеттеримдин эсебинен үйлөнөбүз, — деп Мартин өжөрлөндү да Руфту кучактады. Бирок Руфь бул жолу эркелегенге көңүлү келбей турган.

— Мына, уксаңыз, — деди кара күчкө куунак болумуш эткен Мартин, — бул искусство эмес, бирок доллар:

Үйдө мен жок элем,

Келгенде менин таанышым.

Кирген экен шам сурап,

Үйдө мен жок элем.

Анан менин таанышым,

Мага болду эң капа.

Келдим азыр үйгө мен,

Бирок менин таанышым

Кетип калган ал жана.

Ырдын куунак, ойноктогон ыргагы анын ындыны өчүп, сумсайып бараткан жүзүнө коошпой турду. Руфь жылмайып да койбоду. Ал Мартинге түнөрө карап турду.  

— Мүмкүн буга берсе бир доллар берер, — деди Руфь, — бирок бул доллар кайырчыга берген садагадан көп эмес. Сиз кантип түшүнбөйсүз Мартин, өзүңүздү кордоп жатпайсызбы. Мен өзүм сүйүп кадырлаган адамым кайдагы бир тантыраган уйкаш ырларды жазгандын ордуна олуттуураак жана татыктуураак иш менен алектенишин каалар элем.

— Сиз менин мистер Бэтлерге окшош болушумду каалар белеңиз? — сурады Мартин.

— Билем, — деди Руфь. — Мистер Бэтлер сизге жакпайт.

— Мистер Бэтлер абдан сонун адам, — деди ал. — Анын ашказанынын бузуктугу эле болбосо, калган жагынын баары абдан мыкты. Мен да түшүнөм, мекеме кагаздарына жүргүз менен машинке баскандан эмнеге куплеттерди жазган жаман болушу керек? Анысы да, мунусу да максатка жетүүнүн каражаты эмеспи. Сиз мени китептерди тешилип окуп, акырында бир адвокат же коммерсант болсо дейсизби? А мен адегенде майда гезиттик иштен баштап, андан соң чоң жазуучу болгум келет.

— Мында айырма болуп атпайбы, — деди Руфь такып.

— Кандай?

Айырма сиз жок дегенде, өзүңүз мыкты деп эсептеген чыгармаларыңызды сата албай отурганыңызда.  Сиз канча жолу аракет кылсаңыз деле редакторлор эч нерсени сатып албай атышат ко.

— Мага убакыт бериңизчи, жаным? — деди Мартин жалбарып жиберди. — Бул иштин башталышы гана. Мага эки жыл убакыт бериңизчи. Бул эки жылдын ичинде мен ийгиликке жетишем, бардык чыгармаларымды колдон буттан жулуп кетишет. Мен эмне деп атканымды билип турам. Өз күчүмө ишенем жана эмнеге жөндөмдүү экенимди эң сонун билем. Мен адабият деген эмне экенин билем, гезит журналдар кайдагы бир жарыбаган жазмакерлердин акыр-чикирине толуп кеткенин да билем. Эки жылдан кийин менен ийгилик менен атактын даңгыр жолуна түшө аларыма ишенем. Кызмат жагынан мен эч качан карьера жасабайм. Анткени ага жүрөгүм чаппайт. Кызмат мага тажатма, майда, дөөпөрөстүн ишиндей көрүнөт. Канткенде да мындай иш мага туура келбейт. Мен эч качан катардагы кызматчыдан ары кете албайм, андыктан экөөбүз кеңсенин жарыбаган айлыгына жашап бактылуу боло алабызбы? Мен  сиз үчүн бул дүйнөдөгү эң мыкты нерселерге жетишким келет, төбөм менен жер казсам да буга жетем. Жетем! Өзүнүн тапканы менен атактуу жазуучу мистер Бэтлер өңдүүлөрдүн онун артка таштайт. Сиз элге алынган китеп авторго элүү же толук жүз миң долларды алып келерине ишенсизби? Кээде көбүрөөк же азыраак болуп калышы ыктымал, бирок орточо алганда мына ушундай.

Руфь унчуккан жок. Анын маанайы абдан пас эле, анысын жашырган да жок.  

— Эмне, жаманбы? — сурады Мартин.

— Менин үмүтүм, пландарым таптакыр башкача болчу. Мен мурда да ушинтип эсептегем, азыр да сизге эң пайдалуусу — машинке басканды деги билесиз — стенография жазганды үйрөнүп, атамдын кеңсесине жумушка орношсоңуз жакшы болмок беле деп эсептейм. Сиздин абдан жөндөмдүүсүз, ошондуктан сизден мыкты юрист чыгаарына ишенем.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.