РАСУЛ ГАМЗАТОВ
МЕНИН ДАГЕСТАНЫМ
А эмен болсо кебелбей: «Ошол төмөндө чуркап жүрө бергиле, кыларга ишиңер жок болсо, кийимиңерди алмаштыргыла. Менин тагдырым башка – мен күн нурун шимирем, ошол нурларды чертсе даңкылдаган сөңгөккө, өзүмдөй кубаттуу эмен болуп өсө турган урукка айлантам. Менин маңдайыма жазылган нерсе ушул», – деп адамдарга айтып тургансыды.
Тоолуктарда: «Кийим жаманды жакшы кылат, жакшы ат коркокту эр кылат», – деген кеп бар. Бул минтип шаңдуу айтылганы менен мага саал жете бербейт. Баатыр сөзсүз эле жолборс терисин жамыныш керек бекен. Кээде көк сооттун ары жагында коркок жүрөк түрсүлдөп жүргөнү жалганбы?
АНТКЕНИМ, сыртынан көз жоосун алып турганынан улам сатып алган дарбызым сойгондо ичи аппак чыгып, далай ирет желкеми кашыгам.
АНТКЕНИМ, бир окуя болгон. Унцукулдук бирөө бир жолу кементайга ороп, сүйгөн кызын ала качып келип, ачса эле кыздын ордунда кемшейген чоң энеси жатат дейт.
Абуталиб бир айтты эле. Бир жолу аны алыскы бир айылга үйлөнүү тойго чакырышып, барып зурна тартып берген экен. Тойдун даңкы алыс кетти дейт. Үч күн катары менен айылдын алдындагы түзөңдө зурна үнү какылдап, барабан дүңкүлдөп, чоордун үнү бүтө турган болуп, кыяк жан-алы калбай, ыр суудай агып… Дагстандыктар айткандай, аерде «дам-дам» да, «чам-чам» да болуптур, мындайча айтканда, жесең аш даяр, уксаң ыр даяр. Айыл түп көтөрө тойго келип, карысынан жашына чейин бийлебегени калган жок дейт.
Үчүнчү күнү той башкаруучунун айтуусу боюнча жарчы азыр аянтка кыз, күйөө чыгып бийлешет деп, жар салып калды дейт. Күйөөнү болсо эл үч күндөн бери көрүп жүрүшүптүр, кыз ошого чейин жүзүн көрсөтпөй, бетине үлбүрөгөн чүмбөт тартынып олтурган экен. Үч күн бою Абуталиб анын келишкен кийимдерине кадала тиктеп… Анан калса, анын кийиминин асеми да кудум эле кавказ поэзиясынын антологиясынын мукабасын эске түшүргүдөй болсо керек ко.
Колукту ордунан туруп, аянтты көздөй басканда анын тулку бою Абуталибди саал шекшинте түшүптүр. Жоон-жолпулугу жагынан Гослитиздатта басылган кыргыз эпосу «Манаска» салыштырса болчудай имиш. Аңгыча колукту бетиндегисин ары, аркасын көздөй серпип таштамай болуп калды дейт. Баары шырп этпей, Абуталиб да дем какпай туруп калыптыр. Мына, колукту бетине түшкөн жоолукту ача берип, үч күн бою күткөн учур келиптир. Караса эле кыздын бир көзү Хунзахты, бир көзү Ботлихти тиктеп турат дейт. Ошол бири-бири менен урушкансып тетири карап кеткен көздөрдүн ортосунда колжоюп келип, эптеп жайланышкан мурун картөшкөдөй болуп салаңдап турган имиш…
Абуталибдин көңүлү чөгө түшүптүр. Эми ал баягысындай зурнасын да тарткысы келбейт, тамак да жүрөгүнө баспайт, тойдон кеткиси эле келет.
Билбейм, мүмкүн, Абуталиб бул окуяны айтып жатып, апыртса саал апыртып койгондур.
ОШЕНТСЕ ДА, канчалык жасалгаланбасын, жаман китеп жаман эле бойдон калат. Аны туура баалоо үчүн, бетиндеги чүмбөтүн сыйрып таштап, анан кароо керек.
АНТКЕНИМЕ ДА БИР СЕБЕП БАР. Тоолук аялдардын абалы жана аларга болгон эркектердин мамилеси туурасындагы маселе тийиштүү деңгээлге, күн тартибинин «чокусуна» коюлган бир жыл болгон. Бул жылы эркектер аялына тик багып бир сөз айтат деген болбой калган. Үйдөгү кыжың-кужуң сөз үчүн райкомго чакырып, сөгүш берип таштачу. Илгери-кийин жеме угуп калбас үчүн элден мурун райкомдун аппаратындагы бардык кызматчыларга бирден сөгүш берилген. Ошо жылы кайра-кайра тоолук аялдардын съезди чакырылып, сүйлөнгөн сөз деген эме селдей аккан, анчалык сөз ошого чейин өткөрүлгөн бүткүл съезддерде да болбосо керек.
Ошол жылы жекшемби күндөрү базарда уруксат берилбеген ар түркүн товарлар менен соода кылган бир килейген аял пайда болот. Милиционер болсо тоолук аялдын эркиндик-теңдигине шек келтирип албайын деп, анын жанына жологондон коркот. Ошентсе да, үчүнчү жекшембиде ал жүрөксүнүп жатып, баягы аялды эскертип өтөт. Ага болбогондон кийин, бешинчи жекшембиде башка салганды көрөрмүн деп кармап, милицияга алып барууну чечет.
Милиционер соодагер аялды көчө менен алып баратса, элдин быякта туруп эле эси чыгып, таң калбаганы жок дейт. Оңойбу, укугу колунда, эркиндик-теңдикке чыккан тоолук аялды кармап, жетелеп жөнөөгө батыныш!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.