Лао Ма

«Сүйүү жараткан» бир юань жана беш мао

Лао Ма

Аңгеме

Университетти бүткөнүбүздүн жыйырма жылдык мааракесине бирге окугандар чогулуп келдик. Салтанаттуу жыйындын алып баруучусу студенттик жылдардагы кызыктуу окуясын айтып бериши үчүн бир кишини сахнага чыгарууну чечти. Анан капысынан эле менин атым аталып, баардыгы кол чаап жиберишти.


Мен дароо көпчүлүк жөн гана көңүл ачкысы келип жатканын түшүндүм. Анткени мындагылардын баары менин эл алдына чыкканда өзүмдү жоготуп алактап каларымды жана сөзгө жоктугумдан улам ар кайсыны тантып айтарымды жакшы билишчү.


Сахнага чыгышымды талап кыла кол чаап күүлдөгөн көпчүлүк мени катуу толкундантты. Буттарым шилтөөдөн калып, бүткөн боюм калчылдап чыкты. Эс-акылым тумандай түштү. Безгек тийген немече ордумда титиреп турдум.


— Кана-а, бизге сүйлөп берчи!


— Бол, элдин алдына чык!


— Бутуң тушалып, тилиңди жутуп алдыңбы? — деген сыяктуу кыйкырыктар, ышкырык аралаш ызы-чуулар мага жаңы жыл алдындагы Чуньцзие темир жол бекетин эсиме салды.


— Мен, мен, мен, менин эң эстен чыкпаган окуям темир жол бекетинде болгон…


— Бизге темир жол бекетиндеги ишиңдин кереги жок, — деп кыйкырды элдин ичинен кимдир бирөө.


Капысынан эле мен өзүмдөгү күч-кубатты сезе калдым дагы үн күчөткүчкө эңкейе берип катуу кыйкырдым:


— Оозуңарды жапкыла! Бул мени менен жыйырма жылдан бери жашап келаткан сүйүү окуясы! Эми болсо мени кунт коюу менен уккула!


Бир заматта зал ичине мүрзөдөгүдөй жымжырттык орной түштү. Ички күчтүү сезимдеримден улам жүзүм албырып чыкты. Үнүм басыңкысына тартканы менен ишенимдүү чыга баштады:


— Өзүңөр билгендей, төртүнчү курста тартынчаактыгымдан жана түнттүгүмдөн эч кимге кошула албай жалгыз басар элем. Мындайлыгым үчүн эл мени шылдыңдап күлчү. Анын үстүнө менин боюм кодо, кебетем куник жана жардылыгымдан улам жупуну жүрчүмүн. Бирок азыр эми жашоо-турмушум оңолду, боюм дагы он сантиметрден ашык өстү. Дүйнөдө ушундай бир кереметтер болот экен, шайтан алгырдыкы!..
Капысынан эле эл дуулдап күлө баштады.


— Мен, мен, мен… Кү-күлбөгүлө, мен кекечтенип атам…


— Биз угуп атабыз, жакшы кекечтенет экенсиң, ха-ха-ха! — кайрадан бирөө тамаша ыргытты.


— Эмне күлөсүңөр, менин кебетем силердикиндей эле болуп турбайбы! Баарыбыз бир курактабыз, эч кимибиз бетибиздеги бырыштарды жашыра албайбыз. Чачыбыз агарган, түшкөн, курсагыбыз чыккан, тишибиз калбаган…


— Сен андан көрө бизге сүйүү тарыхыңды айтып бер! — деп кыйкырды группалаштарымдын бири тура калып.


— Болуптур анда, мен дароо эле эң негизгисинен баштайын. Так ошол университетти бүтүп, үйүмө кайтмакчы болгонумда мени эч ким узаткан эмес. Мен жалгыз элем. Ошол эле күнү эмес, бүткүл студенттик күндөрүмдө жалгыз жүргөнүмдү билесиңер. Темир жол бекетинде туруп жок эле дегенде бир тааныш жүздү көрүүнү эңседим. Мага ошол эле жетиштүү болмок. Сокур сымал кайдадыр агылган элдин шары менен кете бергим келди. Ошентсе дагы акыры поюздун тепкичине бут койгонумда бир керемет иш болуп кетти… Менин ысымымды айтып чакырган кандайдыр бир кыздын шыңгыр кооз үнү кулагыма угулду. Эки жагыма элеңдей карап, калың элдин арасынан аны издей баштадым. Ал кире бериштеги белет текшерилчү жерде туруптур. Биздин ортобузду адамдар эле эмес, темир тосмо бөлүп турду. Ал дагы бир жолу менин атымды айтып кол булгалады. Мен ал тургай, ал кыздын атын дагы билчү эмесмин. Мага болгону аны менен бир курста окуганым белгилүү болучу. Кызды бир нече жолу китепканадан жана ашканадан көргөн болчумун. Ал абдан сулуу жана төрөпейил кыз эле. Жигиттер кыздын кагып салуусунан коркушуп мамиле түзмөк тургай, жакындай алышчу эмес. Ушул учурда ал мен сыяктуу эле жалгызсырап турса керек. Өзүмдүн тартынчаактыгымдан улам ага азыр дагы жакындай албай турдум. Ушул учурда кыздын атын билбегеним үчүн абдан өкүндүм. Төрт жыл ичинде эч бир кыздын көңүл буруусуна арзыбаган мен азыр кайтып баратканымда курстагы эң сулуу кыз алдымдан чыгып кол булгалап, атымды айтып жатканына такыр эле түшүнө албадым. Ошентсе да биз экөөбүз бири-бирибизден көзүбүздү тарта албай турдук. Менин жүрөгүм бирөө кубалап келаткансып дүпүрөй согуп, көзүмө жаш толуп чыкты. Бирдеме дейин дегеним менен оозума сөз келбеди. Кол булгалагандан башка эч нерсе кылууга эрким жетпей койду. Мына, жыйырма жыл убакыт өттү, мен дале болсо анын ошондогу шыңгыр үнү менен жаркын көз карашын унута албай келем. Өз жериме келип жумушка орношкондон кийин эч талыкпастан аны издей баштадым. Бирок кыздын аты-жөнүн билбегенимден кийин бул аракеттеримден эч кандай майнап чыккан жок. Мунумду байкаган тааныштарым менин акыл-эсим орунда экенинен шектенишип, шылдыңдап күлүп жүрүштү. Анткени менин издөө салганымдагы сүрөттөөм боюнча ал кыз периштеге окшош болучу. Мен акыры тааныштарымдын кеңешин угуп, дарыгерлерге көрүнө баштадым. Кызды унутуш үчүн дары да ичип көрдүм. Азыр ушул сахнада туруп өзүмдүн өтө көңүлсүз сүйүү тарыхымды силерге айтып берип атып, мен дагы бир жолу анын кандайдыр көзгө көрүнүп жоголгон закым эмес экенине, биз менен бирге окуган кадимки эле кыз экенине ишенгим келет. Же чындап эле акылымдан айныганмынбы? — деп мен үнүмдү көтөрүңкү чыгарып зал ичине көз жүгүрттүм.

07.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.