Лао Ма
«Сүйүү жараткан» бир юань жана беш мао
— Жок, сенин акыл-эсиң ордунда эле! — деген аялдын шаңдуу үнү капысынан көпчүлүктүн арасынан чыгып, аял ордунан тура калды. — Мына менмин, сен ошол жыйырма жыл бою издеген кыз!
Курсташтар шатырата кол чабышып, аялдын сахнага чыгуусун сурана башташты. Алып баруучу өз милдетин унутпастан мени сүйдүрүп коюп, жыйырма жыл издеткен аялды сахнага алып чыкты.
Шаң күсөп араң отурган көрүүчүлөргө табыла бербей калды, алар залды баштарына көтөрүп, шатыра-шатман түшө шатырата кол чаап киришти.
— Жок! Бул ал эмес! Ал эмес! — деп кыйкырып жибердим сахнага дагдаңдай басып чыгып, алып баруучунун колунан үн күчөткүчтү алган толук аялды көрүп жүрөгүм түшүп.
— Ооба, бул менмин! Жыйырма жыл мурда сенин жүрөгүңдүн тынчтыгын уурдап кеткен кыздын өзүмүн! Эмне, коркуп кеттиңби? Мени алдагындай жаман көзүң менен карабагын! Мага мунуң жакпайт! — деген ал мени көздөй умтулду.
Көрүүчүлөр катуу каткырып, ышкыра башташты.
— Жок, жок, жок! Сен эмес болчусуң! Сен минтип тамашалаба!- деп араңдан зорго оозумду кыбыраттым.
— Сенин уятың да, жүрөгүң да жок экен, ХХХ! — деп ал менин атымды атап кайрылып, анан мындан жыйырма жыл мурунку окуяны айта баштады:
— Ооба, мындан жыйырма жыл мурда мен темир жол бекетинде атыңдан айтып чакырып, кол булгалаганым чын. Бирок мен буга башка максатта барганмын. Чынымды айтсам, элге сеникинен башка чындыкты айтып маанайыңды түшүргүм келген эмес. Ошентсе да андагы менин максатым сен ойлогондой эмес эле. Менин максатым — окууну бүтүп, жериңе кайтып бараткан сенден 1 юань жана 5 мао акчамды алып калуу болчу. Балким, сенин эсиңде бар чыгар, бир жолу ашканада тамактын кезегинде турсак, сен капчыгыңды унутуп калганыңды айтып калдың. Мен ойлонуп турбастан, сага карызга 1юань 5 мао акча карызга бердим. Сен мага ыраазычылыгыңды жакшылап билдиргениң менен акчамды кайтарып берген жоксуң! Акыры бүтүрүү кечебиз болгон күнү чыгынып өз акчамды сенден доолап, кайрып алмай болдум. Жатаканаңа барсам жаңы эле жолго чыгып кетипсиң, түз эле артыңан темир жол бекетин карай жөнөдүм. Бир нече мүнөткө гана кечиккенимден, жүргүнчүлөргө өткөрбөй коюшту. Мени досторум абдан сараңсың деп шылдыңдап жүрүшөт. Бирок кеп акчада эмес, кептин баары айтылган сөздүн аткарылышында. Сен мага акчаңды кайрып берем деп убада кылып коюп аныңды аткарган жоксуң!
Муну укканда жети өмүрүм жерге кирип кете жаздады. Капысынан көздөрүм караңгылап, көңүлүм айнып кетти. Өз боюм өзүмө баш ийбей калгансыды.
Ошол кечте мен өзүмдүн “сүйгөнүмө” 1 юань жана 5 мао акчасын кайтарып бердим.
Ал кыздын каякта, эмне кылып жашап жүргөнүнөн кабарым жок, эмдигиче ысымын да билбеймин. Миң алакетке салып өмүр бою коштоп жүргөн темир жол бекетиндеги жаркын элес ушинтип бир заматта эле аңгыраган боштукка таштап кеткени катуу тийди. Азыркыга чейин дал ошол кыздын айынан же аялдан, же баладан жок жалгыз жашап келатам.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ