АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Торунун басмайылын тартып миндим да, тайганды узун байлап жетелеп алдым, антпесе жыт алып жүрүп кетет, кийикти үркүтөт. Бетегеге тойгон тору бат эле кайрадан бышылдай баштады, улам-улам тезек таштап баратты. Аны кыйнабадым, эрки менен бастырып өйдөлөй бердим.

Мен машыккан деле мергенчи эмесмин. Жөн гана тоого чыкканды жакшы көрөм. Анын үстүнө көптөн бери келбегенге сагынып калыпмын. Дайым шаардан келген сайын бир чыгып кетпесем, кайра кайтканда бирдемем унут калгансып эңшерилип кетем.

Шаардан кече эле келдим. Шаардан жардамга келдим, биротоло көчүп келдим. Таарынып десем болор эле, кимге таарынам? Тагдырга деш болбойт, анткени тагдыр деген өзү болбогон эле нерсе окшойт. Турмушка десем болор эле, бирок турмуштун ээси адам өзү дешет. Демек, ага таарыныч макоолук болор. Анда ким калат? Өзүм. Эмесе, ушинтип айтсам тагыраак болор: өзүмө таарынып, өзүмөн жадап, өзүмөн качып келдим.

Үй-жайымды жарым ай мурун көчүрүп жибергем. Иштерими өткөрүп жүрүп, өзүм кече бошоп чыктым.

Мен шаарга жашай албайт экем, шаарлык боло албайт экем. Институтту бүткөндөн кийин үй-жай куруп, шаарда турганыма быйыл үч жылга аяк баскан. Жүрө берсең, эптеп күн өтө берчүдөй, ошентип көргөн күн курусун. Үмүттүн да чеги бар. Турмушубуз эртең оңолор, бүрсүгүнү оңолор деген үмүт аялым экөөбүздү үч жыл шаарда кармап келди. Акыры үмүт да чарчады, убадасын аткара албаган немече мен да шылкыйдым. Анан айыл кайдасың деп жолго салдык.

Ушундан улам болуш керек, кече жолдо келатып, улам айылга жакындаган сайын эмнегедир зааркана бердим, кысына бердим. Эртең менен жолдошум автовокзалга узатып келип, аны менен коштошуп жатканда, анан автобус шаардын четки тамдарын артка таштап, биротоло жайыкка чыгып баратканда мен эч кандай өкүнүч сезбедим, кайра шаарды табалагым келип, аны чанып бараткандай ызаланткым келди. Ошентет белем – эгер менин кетишим менен шаар эңшерилип, катуу кейиште калары чын болсо. Кайдыгер гана жөнөп кете бергем. Анан айылга жакындап жолугар тууган-туушкандарыма кантип учурашарымды, алардын суроолоруна эмне деп жооп береримди ойлоп, мен өзүмдү түлкү кууп жетпей, кайра ээсине күнөөлүү шыйпаңдап кайткан тайгандай сездим, ошого заарканып келаттым.

Аялым оорукчал эле. Баягүнү шаардан көчүп жөнөгөндө ал ыйлап кеткен. Айылга кетүүнү бирге кеңешип, бир макулдашканда эчтеме дебеген аялым анан көчкөндө ыйлаганын көрүп, анын мага чыккандагы үмүтүн актабаганым үчүн өзүмдү айыптагам. Айыптаганда аргам кайсы, көөдөнүмдү ачуу зарна ачыштырып кала бергем. Эми үйгө жакындаган сайын аялымын унчукпаган, бирок таарынычтуу көз карашын элестетип, аны көрүүдөн ого бетер заарканып келаттым...

Улам өйдөлөгөн сайын тору ат кыйнала баштады. Кулак түбүн гана тер басканы менен энтиккени катуу, тизелери араң бүгүлүп, араң жазылып, айылдан такалатып чыккан курч туяктары мерчемдүү жерине жетпей кыр ташты жаза басат да, мүдүрүлүп кете жаздайт. Түшүп жетелеп алдым. Кыйнабай өтөккө таштап, жөө деле чыгат болчумун, эгер кайра артыма кайтар болсом. Кайра кайтпайм, бу тик бетти кыялап, нары Төө-Карынга өтүшүм керек. Жанараак айттымбы-жокпу, бу жолу мен тоого үч-төрт күнгө чыктым. Кыдырар жерим бир далай...

Дагы бир топ чыгып барган соң, жаткан төөнүн жумгагындай корум таштар көбөйүп, бет ого бетер тикеленди. Атты ошерге таштадым да, тайганды жетелеп, андан өйдө жөө жөнөдүм. Улам өйдөлөгөн сайын менин да тизем бүгүлүп, көкүрөгүм ачышып чыкты. Жүрөк катуу кагып, он кадам тырмышып басам да, дем алам. Муундарым калтырап, араң таканчыктап турам. Тайган улам тумшугун көтөрүп, аба жыттайт. Кыязы, кийиктин жыты искелбей жатат окшойт, болбосо кыңшылап жулунмак.

«Мергенчи жанын жейт, үйдөгүлөр майын жейт». Муну да менден бетер күйүгүп баратканда бирөө айткан белем. Анан калса акактаган иттей оозуң менен дем алып, кыйналганың жанга батат. Ойлойсуң: «Эмне азап мынча кыйналып?.. Кийиги да курусун, же алар мага тийген жырткыч беле өчөшүп сүрө куугудай, же тиги чокуга чыксаң таалайыңы табасың деди беле?» Жеткен бийигиңен кайра кайткың келет. Токтой калганда өпкөңү кагып артыңа калчайсаң, те алыскы төмөндө, желеленген боздун астында айылың, кече эле, эрте менен эле бейкапар жүргөн тынчтыгың калган. Бирок кичине тура түшсөң эс алып каласың. Ошондо эртеден бери кыйналып чыгып келаткан мээнетиңди кыйбайсың, кайткың келбейт. Жогору чокунун түбүнө, эшилген мөңгүнүн алкымына аз эле калды. Дагы тырмышып жөнөдүм.

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.