АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

УЛУУ ТОО

АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВ

Мен жалакаймын. Биздин айылда Абайыл деген мергенчи жигит бар; далай жолу тоого бир чыктым, катар басышып да көрдүм. Чендетпейт. Чарчабайбы десең, ал деле кара-көк болуп түтөп, энтигип басат. Бирок өжөр, жогорудан бир белгини көздөп коёт да, ошого жетмейинче дем албайт. Аерге бир аз эс ала коюп, андан өйдө дагы ошентип жөнөйт. Ал ортодо мен эки-үч токтойм. Же алчылап майда кыялап тик өйдөлөбөй, боорлоп кыркып кетем. Ал чокуга жетип, кадимкидей эс алганда гана мен араң чыгып барам. Андан нары дагы бийигирээк чоку көрүнөт: «Эчки-теке тиги чокунун аскаларында, жүр, эрте күндү кеч кылбай», – деп ал дагы жөнөп берет. Анчалык эс алып үлгүрө элек мен ошентип уттуруп коём...

Эгер табият биздин шыбагабызды чоку-чокуга бөлүштүрүп койгон болсо, мен дайыма куру кол калмак экем.

Сыягы, ошондой болсо керек.

* * *

Чарчап барып, тик бетке, чоң таштын таза ным топурак жыттанган коңулуна башты салып коюп, чалкаңан түшүп жатсаң, бул өзү бир ырахат. Акырындап энтиккениң басылып, жердин сызына далың муздап, күн тийген көкүрөгүң кийим астында ысып, көздү жумуп, колу-бутту сунуп таштап, бир кеңирсийсиң. Үстүңдө ысыктан бозомук тарткан асман, жаныңда акактап тайган жатат. Ал салаңдаган тилин жутуп, бир азга тынч боло калса, бетегени тараган жел кулак учунда шуулдап, дүйнө адепки жаңы жаралгандагы ээн, жапайы кейпинде тургандай сезилет. Шаардын кулак-мээнин кужурун алган машиналары, күнгө күйгөн асфальт менен бензиндин жыты, кошоматчылык, көзкарандылык, куулук-шумдуктар, тыгылышкан жашоо, кыжылдашкан кезек күтмөйлөр, автобус-троллейбустарда автомат кассага бир тыйынды ашык салгысы келбей майда сурап акыйгандар, жакшы идеалдар, жаман адамдар көңүлгө алууга арзыбангандай жийиркеничтүү, маанисин жоготкондой майда көрүнүп, өзүңдү андан бийик сезесиң. Адам өмүрүндө бир жолу бийиктикти сезе албаса, кунарсыздыгы да!..

Үйлөнгөн жылдан баштап аялым экөөбүз бирөөнүн үйүндө акы төлөп, орусча айткандай, частная квартирада туруп калдык. Ээси алтымыш ашып калган эткээл, сары чийкил, тумшугунун үстү тарам-тарам кызылданган киши эле. Багыбызга, жакшы киши болчу, ыраматылык. «Үй издебей кожоюн изде» деген макал сөз бар, шаарда. Биздин кожоюнубуз эс тартканы турмуштун шары катуу жерлеринде жүрүп, жакшы-жаманды көргөн, нечен жооптуу кызматтарда иштеген, пенсияга чыкканына эки жыл болгон түшүнүктүү адам экен. Менчик «волгасы» бар. Тамды да келиштирип салыптыр, кыргызча айтканда он, орусча айтканда алты бөлмө. Балдары эр жетип, иштешет экен, кийин чогулуп бир турсак, баткыдай болсун деп салган окшойт. Азырынча ээн турганда не кажет, аялы экөө үч бөлмөнү ээлеп, калган үч бөлмөгө эки түтүн жан кирдик: бир бөлмөгө – мен аялым менен, экинчисин – бизден бир жыл мурун окууну бүткөн жигит аялы менен; ортодогу бөлмө бир орток далис.

Иван Карпович (кожоюнубуз) ачык-айрым киши, граждандык согуштун учурунда эле Кыргызстанга келип, түштүктөгү басмачыларга каршы күрөшкөн адам, кыргыздын үрп-адат, жол-жосунун билет, кыргызча суудай сүйлөйт. Сүйлөшкөндү жакшы көрөт. Басмачылар менен урушуп жүргөн окуяларды айтып отурса, өзүнчө узун сабак сөз. Кечкурун, өзү айткандай, муруттун астына (муруту деле жок) эки жүз граммды бастырып койсо, чечилип сүйлөп берет. Элүү ашып калган, көкүрөктүү, колу балбырап жумшак, мүнөзү да колуна окшош Александра Васильевна – аялы. Кийинки жылдары оорукчал болуп кетиптир. Короо-жайын зымылдатып кармаган, чачылганын жыйнап-термеген ошол. Иван Карпович эриккенде гана багын аралап, мөмө бербеген, өзү айткандай, бойдок калган бутактарын кайчы менен кыркып койгону болбосо (көп жылдар бою кызматта жүрүп суук кол болуп калса керек) көбүнесе «волгасын» айдап алып, эртеден-кечке балык уулайт. Балык уулоону кумар туткан адамдар көп эмеспи.

– Жыргал эле ушунуку,– деп калат кээде Кадыралы «волганы» тегерене басып. – Биз качан жетер экенбиз...

Кадыралы – алиги ирегелеш коңшум.

Аны укканда Иван Карповичтин көп кайталап айткан сөздөрү эске түшөт:

 – Ээ, балдар, башыңар жаш. Бирок азыртан эске тутуп алгыла, турмушта тандаган жолуңар түз болсун, ишиңер ак болсун, а дүйнө деген, кыргыздар айткандай, алтын баш аман болсо табылат.

11.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.