Кеңешбек Асаналиев
Жол башы

Эгерде кимдир бирөө менден: “андай болбой, башкача жетилип, башкача өсүп-өркүндөсөң, (маселен Сорбоннодогудай, Кембридждегидей билим алып…), анда тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберет белең” деп сураса, ага мындайча жооп берер элем. Кеп, жалгыз менин керт башымда эмес. Маселенин түйүнү, бир эле мен эмес, мага окшогон бир нече муун бирдей жашап, бирдей тартипке көнүп, бирдей жол-жобого баш ийип, ал турмак бирдей ойлонуп, (айрыкча коомдук турмуш маселелери боюнча), бири-бирибизге коендой окшош болуп өскөнүбүздө. Натыйжада, канчалык деңгээлде бирдей ойлонуп, канчалык деңгээлде бири- бирибизге окшош болгонубузду улуттук мартаба, жалпы элдик сыймык маанисинде түшүндүк. Кийин бул жөнүндө төмөнкүдөй формуланы окудум:” Бизде бир гана максат – коммунизм, бир гана философия – марксизм, бир гана искусство – социалисттик реализм”. Бул формуланын автору андан ары советтик жазуучу В.Ильенковдун “Чоң жол” романынан үзүндү келтирет: “Адамдар миң жылдар бою ар башкача ойлонуудан кор болуп келди. Эми биз, советтик адамдар өз арабызда макулдаштык, бардыгыбызга түшүнүктүү бир гана тилде сүйлөшөбүз, турмуштун эң негизгиси жөнүндө бир өңчөй ойлонобуз…” (“Цена метафоры или преступление и наказание Синявского и Даниэля” М.СП “Юнона” 1999, стр.439). Бир проблема боюнча бирдей мааниде жазылган эки жыйынтыктын авторлору: биринчиси, Москвадагы ИМЛИнин (Институт Мировой литературы) илимий кызматкери, диссидент, кийин Сорбонно университетинин профессору В.Синявский, экинчиси, орус совет жазуучусу, Сталиндик сыйлыктын лауреаты В.Ильенков бул окшош тезистерди диаметралдуу карама-каршы позицияда талкуулашат. В.Синявский “бир максатты”, “бир философияны”, “бир искусствону” совет элинин келечегинин маданий жардыланышы, өнүгүү процессинин токтолушу, бир калыптуу сенекке айлануу маанисинде караса, В.Ильенков бир тилде сүйлөп, бирдей ойлонууну коммунизмдин жаркыраган келечеги, салтанаты катарында эсептейт. Орус окумуштуусу жана жазуучусу Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки совет турмушунун чындыгын ар башка көз карашта карап, ар башкача жыйынтык чыгарса, бул алардын өз проблемасы болчу. Ал эми биз болсок, социалисттик идеология барган сайын күчүнө кирип, өркүндөгөн социализмди карай бет алып турганда, кыргыз интеллигенциясынын согуштан кийинки мууну капарына эч нерсе албай, кандай көрсөтмө, жол-жобо жарыяланса, аны дал ошол туруш-турпаты менен кабыл алып, эч каршылык көрсөтпөй, ар бир тамгасы, ар бир сөзү, ар бир фразасы кынтыксыз экенине ишенип, кынтыксыз кабыл алып турдук. Чынында адам катарында өзүнчө ойлонуу жөндөмүнөн, адамдын адамдык эң негизги касиетинен кемип, бөксөрүп баратканыбызды байкаган эмеспиз.
Ошондой болсо да өз мезгилинин чен-өлчөмү менен караганда Пединституттан (мен бүткөн 1950-ж. университетке айланды) дурус эле билим алып чыккандай болдук. Буга себеп, согуштун кесепетинен окубай калгандар, окууга дилгир болуп, “суусап” келгендер бөтөнчө бир демилге, ынтызарлык менен киришип жатышты. Ырас, арабызда илең-салаң жүргөндөрү да бар болчу, бирок басымдуу көпчүлүгүбүз бир бирибизге кадимкидей эрегишип, атаандашып окудук. Анткени, биринчи курска келип киргендер жаш жагынан да, турмуштук тажрыйба жагынан да ар түрдүү болчу, орто мектепти жаңыдан бүткөндөрдөн тартып аскерге барып келгендер, же согуш мезгилинде кызматта жүргөндөргө чейин бар болчу. Албетте билим алууга кызыккандардын жекече иш аракети, демилгеси бир жөн го, бирок аларга туура жол көрсөтүп, ориентация бере турган мугалимдердин бул иште мааниси өзгөчө экени талашсыз. Ушул ыңгайдан алганда тил илимине көбүрөөк ыңгайлашып, көбүрөөк жөндөмү барларга “Кудай жалгагандай” эле болуптур. Анткени алардын бактысына, бул эч апыртуусуз айтылган сөз, кыргыз филологиясынын көрүнүктүү окумуштуулары Х.Карасаев, К.Сартбаев, бир аз кийинчерээк К.К.Юдахин, жаш мугалимдер Ы.Жакыпов, Б.Уметалиева ж.б. буйруптур. Ал эми адабиятка багыт алгандардын “жолу болбой” калды дегенге жакын эле. Адабияттан сабак берген Сарманова Илий эже, Тайгүрөңов Абдылдабек агай жан дили менен берилип, иштешкени ачык эле байкалчу, бирок алардын түпкү, негиздүү даярдыгы тилчи мугалимдердикиндей экени сезилбей койчу эмес. Көрсө, Абдылдабек агай өзү физматты бүтүп, тил жана адабиятты сырттан окуптур, адабиятка жаңыдан киришип жүргөн чагы экен, мен муну кийин-кийин билдим. Илий эжебиз деле ошондой окшойт. Бирок бактыбызга жараша орус жана дүйнөлүк адабият боюнча бийик квалификациялуу мугалимдерге туш келдик. Алардын көпчүлүгү согуш жылдарында Москва, Ленинграддан эвакуацияланып, Фрунзеде жашап калган ар тараптуу билимдүү, тажрыйбалуу каныккан мугалимдер экен.