Кеңешбек Асаналиев
Жол башы

Бирок, кантсе да филологиялык даярдыгыбыз өтө эле жупуну, тайкы экенин Ленинградга аспирантурага келгенде ачык сездим. Биринчи эле күндөн баштап… Бул жерде студенттик жылдарымды “аттап” кеткенимдин жөнү бар, анткени өмүрүмдүн ошол тилкеси, кийинки мезгилге түздөн-түз байланыштуу болгондуктан, ошондуктан ал учурга ретроспекция катарында кайрылууга тyypa келди. А ырасын айтсам, аспирантурага калуу максаты оюмда да жок эле. Ансыз да апамды “алдап”, беш жыл окудум. Окугум келсе да, апамды эми алдай албайт болчумун. Бирок чын эле тагдыр деген бар экен. Мен бул “сюжеттик” окуянын башталышын башкача айталбайм. Анткени ал “сюжет” таптакыр менин оюма келбегендей башталды, мен өзүм дегеле күтпөгөндөй, жогортодон бирөө көрсөтмө берип жаткандай, өзүнөн-өзү уланып отурду. Карап көрөлүчү. Ошентип, Сталиндик стипендия (ал кезде эң мыкты студенттерге берилчү эң жогорку айлык) менен окугандардын арасынан (мен да ошолордун бири болчумун) бирөө гана, Кудайбергенов Сарыбай гана (кийин тил илиминин доктору болду) аспирантурага калуу жөнүндө ачык максат коюп жүрдү. Калгандарыбыз ар түрдүү кызматка кеттик. Мени СССР илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын алдындагы “ИЯЛИ” деп коюшчу, бул орусча аббревиатуранын кыргызчасы, тил, адабият, тарых институтунун кенже илимий кызматкери кылып чектешти. Жайында өз айлымда акыркы студенттик каникулду өткөрүп, биринчи сентябрда кадимки окууга келгендей, кызматка келдим. Көрсө, мени менен кошо Коротенко деген орус жигити да орношуптур. Ал дагы мени менен бир катар орус филологиясын бүткөн, Шульц деген эски славян тилинен сабак берген мугалим бар эле, окууну бүтөр менен ошого үйлөнүп алган. Кийин билбейм, тагдыры кандай болгонун, экөөнү тең көрбөй калдым. Кыскасы Коротенко экөөбүз маңдай-тескей болуп, бир кабинетке отуруп калдык. Төрдө бир орун бош, ээси келбейт. Арадан эки-үч күн өттү. Ай деген ажо, кой деген кожо жок. Эмне кыларым билбейм. Зериге баштадым. Бүткөн окууңдун натыйжасы ушул болсо деп, айнып да кете жаздадым. Башкалардай эле мугалим болуп кете берсем, конкреттүү кызматым болмок.
Дал ушундай абалда отурганда, бир күнү түштөн кийин толугураак келген, жапалдаш, сол бутунан сылтып баскан, таякчан бир киши кирип келди да, баягы бош орунга барып отурду. Биз жөнүндө кабары бар окшойт, кайдыгер эле “отурасыңарбы” деп койду. Бул сөзгө кандай маани берди түшүнгөн жокпуз. А балким биздин жетекчибиздин жаңы кызматкерлери менен саламдашканыдыр. Башын көтөрбөй, алдыртан караганы башкача, өзгөчө мага. Мен болсом, ичимен божомолдоп, “ошо киши” болсо керек деп таанып турам. Биз менен таанышкан да жок, өзү жөнүндө да эч нерсе айтпады. Эмне үчүндүр суз, ачуулуу көрүндү. Балким жаңылышармын, “бирдеме” жутуп алгандай, өңү-түсү кызаргансып турду. “Бул жерде ушундай, ар түрдүү кагаздарды эле эптеп толтурмай, бийлик менде болсо, ар бириңерге бирден тема берип, макала жаздырат болчумун” деди да көп узабай эле чыгып кетти. Көрсө, мен болжоп тааныган ушул сектордун жетекчиси Жээнбай Самаганов деген киши экен. Бул менин биринчи бетме-бет кездешүүм. Кийинчерээк мен жолуккан турмуштун күтүлбөгөн кыйчалыштарында ушул киши менен бир кыйла жагынан тагдырлаш да, сырдаш да, ал турмак муңдаш да болорум оюма да келген эмес. Болгондо да Жээнбай Самаганов бийлик чөйрөсүнө, бийликтин эң жакындарына “жексур” болуп турган учурунда. Ал эми анда болсо, жаш кызматкер абалында менин бет маңдайымда кандайдыр бир ачуусунан жанбаган кыжырлуу, татаал адам турду. Пединституттун 2-курсунда окуп жүргөндө “Советтик Кыргызстан” журналына жарыяланган “Тар жол, тайкы багыт” деген макаланын автору ушундай гана адам болот деп ойлодум: Бул макалада (макаланын маани-маңызы жөнүндө башка эпизоддо кеңири айтылат) ошол мезгилде да, кийин да кыргыз совет поэзиясынын эң бийик мартабалуу акындарынын бири Кубанычбек Маликовдун согуш мезгилинде жараткан ыр жыйнактарынын негизги пафосун, поэтикалык өзгөчөлүгүн, ошол учурдун түшүнүгү менен айтканда “ташын талкан” кылганы менен бизди, студенттерди таң калтырган болчу. Таң калтырганда да, ошол мезгилдеги биздин кабылдообуз боюнча, өзүнүн далилдүүлүгү, майтарылгыс ишенимдүүлүгү менен… Эми ошол адам менин биринчи кызматым боюнча жетекчим аппачык түрдө теңине албагандай, сүйлөшүп таанышпай эле чыгып кетер менен эле менин денемде ичкериден кандайдыр бир түшүнүксүз коркунуч сезими пайда болду. Бул киши менен кантип иштешем, кантип жалпы тил табыша алам деген түпөйүл ой бүтүндөй аң-сезимимди бийлеп алды.