Касым Каимов: Атай
Зарыктырган үмүт
Бул шаттуу жана тамашалуу күү. Муну укканда оорулуу жигит жылмайды.
- Кежир серке! Келесоо серке! — ойлойт Абдыракман.
– Бактыңын босогосуна келип токтолгуң бар... Босогону аттоо керек эле. Аттадың... А мен сендей да боло албадым. Мен өйүздө калдым...
Күүнүн дабышы менен үй-бүлө бүт ойгонгон. Субан менен Зуура уккан кулагы менен көргөн көзүнө ишене алышпады. Кубанычынан бакыргылары, баласына жалынгылары келишти. Бирок ашык үн чыгаруудан, кыймылдоодон чочушту. Азыр ал үйдө күүдөн башканын баары ашык эле.
Күү токтолгондо гана Субан менен Зуура баш көтөрүштү. Жакаларын кармап, кудайга тобо кылышты.
Энеси Абдыракманга обдулду:
- Садагаң болоюнум! Берекем!
Көзү ачык жаткан баладан үн болбоду. Анын көңүлүн айнытып албайын дегенсип, эне унчукпай калды.
Комуз черткен бала эмне кыларын билбей, ал да момуюп отурат. Бир маалда Абдыракмандан үн чыкты:
- Черт!
Баланын колундагы комуздун кылдары жүрөктү сайгылап дирилдей баштады.
Бул убакта бирин-сериндеп келген кишилер үйгө толуп калган эле. Ыры менен кошулуп чертилчү бу күү жалгыз гана Тыныбектин айлы эмес, бут Талас өрөөнүнө белгилүү боло баштаган. Ырдын аты аталбаганы менен, чалынган күүдөн армандуу жаштын боздогону угулат:
Кең-Каракол четинди
Керкимдин мизи кетилди.
Керилип барып бир өпсөм,
Ак Зыйнат, кебезден аппак бетиңди.
Көчкөндө миндиң сур атты,
Көркөмгө миндиң сур атты.
Көрөр күнүм бар бекен
Көңүлдөш сулуу Зыйнатты?
Карагер минсең чаң жетпейт,
Карасам сага жан жетпейт.
Кайындашып алууга
Кантейин, калыныңа мал жетпейт.
Карача каймал жетелеп,
Калбаны өрдөп көчөсүң,
Кара көзүм жайнатып,
Ак Зыйнат, каякка таштап кетесиң....
Жакшы ыр, жакшы күү кулактын курчун кандырат, көңүлдүн жарпын жазып, өмүрдү шаттандырат. Отургандардын көңүлү азыр ушундай эле. Бардыгы «Ак Зыйнатты» ышкылуу боз балдардын оозунан угуп кумары канып, «Субандын уулу өлбөсө, жакшы ырчы болот» экен деп коюшчу. Боз балдар жаштыктын оту чалдыкканда күйгөн менен секетпайды ушинтип сызгырылтат эмеспи. Бирок бул ырды эч кимиси Абдыракмандын өз оозунан угушпаган. Ал эл арасында далай күүлөрдү чертип, ырларды таңшытса да, өз ашыгына арнаган жүрөк сырын элдин көзүнчө аткаруудан айбыгып, жылкыда жүргөндө курбуларынын арасында кусалыгын таратуу үчүн созолонтчу.
Мына ошол ыр, ошол күү. Бул ашыктыктан, кусалыктан гана чыккан ыр эмес, автордун бүткүл өмүрү, жаштыгы, максаты, келечеги ушунда эле....
Абдыракман ушул эле айылдагы Кожокенин кызы Зыйнатка ашык болот. Бул айылдан ага ашык болбогон жигит аз эле. Зыйнат ошол жигиттердин ичинен жалгыз гана Абдыракманды сүйө турган.
Абдыракмандын ырынан кийин Кожокенин кызы Ак Зыйнат атыгып кеткен.
Кыздын сулуулугу жана атагынын алыска кетиши өзү үчүн да, башкалар үчүн да кымбатка турду.
Бойго жеткен кызды бир балаага учурай электе, аманэсен колго алуу үчүн кайындап койгон жери Кожокени кыса баштады. Кыздын атасынын абалы кыйындайт: бир жактан сүйгөн кызын ыйлаткысы келбейт, экинчи жактан, кудалыктын антын буза албайт. Ары ойлоп, бери ойлоп, акыры субанга сөз салат: «Балдардын тилегине каргаша болбоо үчүн, кудай алдында күнөөмдү мойнума алып, кудам менен болгон батамды бузайын. Эгер сен да менчилеп балдардын тилегин орундатууга даяр болсоң, кызымдын башын ачып ал».
Баталашуу, кудалашуунун гүлдөп турган шартында Кожокенин мындай чечимге келиши шарият жактан да, чоң эрдик эле. Аны күтүп кудалар жактан да жаманчылык турган. Ошондой болсо да, Абдаракманды жана эки жаштын махабатын билишкен кишилер ыраазы Кожокеге болушкан. Айрыкча жаштар «кайната болсун» – дешип ушундай тамшанышкан.
Эмки кеп Субанда эле. Бул кабар аны сүйүндүрөт жана күйүндүрөт. Сүйүнгөнү – Кожокенин чоң адамкерчилиги башкасын эрдиги, күйүнгөнү — кудалуу кыздын башын ачуу үчүн, айтпаганда элүүдөн ири кара керек эле. Аны, кайдан табат? Субандын кудурети, баш аягын чогултканда, үч каралык. Же ага жардам берер тууганы, белдүү жек-жааты жок. Өзүнүн аялы Зуураны да Тыныбек байдын шарапаты менен алган. Анын мурунку күйөөсү дүйнөдөн кайтканда, аркасында калган жесирге ээ болор эч кимиси болбогон соң, Тыныбек адал кызматы үчүн аны Субанга никелеп койгон. Зуура менен Субандын алдында да бир мудаалуу, асыл максат бар эле. Эптеп мал жыйып, эл катарына кошулганда байдан боштондук сурап, өз алдынча жан сактоого өтүшмөк. Бул максат Зууранын мурунку күйөөсүнөн калган ыйык осуят эле. Ал тилегине жетпей өлдү. «Эми биз тилегибизге жеткей элек» деп, эрди-катын ак эткенден так этишчү.