Касым Каимов: Атай
Зарыктырган үмүт
Мына ошентип жүргөндө Ак Зыйнаттын тамашасы башталды. Субан менен аялынын акылы айран. Ал бүктүшүп калды. Абдыракман менен Зыйнат, бүтүн айылдаштары да Субандын жообун чыдамсыздык менен күтүшөт. Бирок кыздын кайын-журту аны күтпөдү. Калган-каткан калыңын күдүрөтүп айдап келип, Кожокенин айласын кетирди. Субандан оң жооп болбогон соң Кожоке эмне демек. Кыз аттанаар түнү Абдыракман жылкыда эле...
Күн бүркөлүп, ууру менен бөрү күчөп турган учурда ал жылкысын талаага таштай албай, атасына нааразы болуп, түңүлүп, жайыттын четинде турганда бир топ ууру каптап келип чабыш болот. Албеттүү жаш жигит бирөөнү башка чаап, аттан түшүрөт, калганын билбейт, өзүнө чокмор тийип, анан көк келтектерге жанчылат....
Жигит армандуу көз карашын атасына, анан үйдө отургандарга айландырып чыгат. «Мына менин зарымды уктуңар, мурун да уккансыңар, эгер ага кана элек болсоңор дагы жакшылап угуп алгыла. Мен арманда кеттим. Тагдырыма, таалайы жок тагдырыма армандамын. Мага сараңдык кылган атама армандамын. Колунан келбесе эмне үчүн мага ачык айтпайт? Анда мен башкача айла табат элем го. Аттиң! Эл, мен силерге да армандамын. Эмне үчүн эч кимиңер мага жардам бере албадыңар? Мен силерди сүйчү элем, сыйлачу элем. Силер мага эч болбосо, бир ооз кеңешиңерди бере албадыңар го». Анын бечара көзүнөн ушул ойлору окулуп турду. Аны менен тиктешкендин баары көзүн ала качып, тике карай алышпады.
Мунусу алардын алсыздыгын моюнга алышы, «өткөнгө өкүнгөн менен айла жок» дешкен жообу сыяктанды.
Жалаң ал эмес, кишилерди жалтанткан нерсе – ажалга кырчын өмүрү кыйылып бараткан кишинин үрөйү.
Комуз эбак токтолуп, баары дем тартпай отурушту. Бул отуруш жакшы көргөн киши менен керез-мурасын айтышып, акыркы жолу коштошууга окшоду.
Абдыракманга чукул отурган Султаналы тынчтыкты бузуп, сөз салды:
- Акыш! Садагасы, баарын түшүнөбүз. Эр жигит мындайда майтарылчу эмес. Башың аман болсо, баары ордуна келет.
Абдыракман эрдин кесе тиштеп, тунжурады. Мунусу кеч болуп калды дегендей туюлду.
Субан баласынын алдына чөгөлөп:
-Балам, мен акмакка эмне десең да эп. Мен.... Күнөөлүү мен гана. Чымын жаның калса болду! Мени кечир кагылайын! Мен эл кыдырып, чоң табып издейин.
Абдыракман кескин түрдө башын чайкап:
- Кечтим... Мага табып керек эмес.
Анан ал бала тарапка мойнун буруп:
- Атай! Комуз сеники... - Ал дагы бир нерсе айтмакчы болуп, бирок ага дарамети жетпей жаздыгына кыйшайды. Бою сунала түштү...
***
Бизге тааныш Көк-Кашаттын четинде, арыктын боюнда соройгон жалгыз бака терек жана жанаша тигилген эки боз үй бар. Алардын бири аппак, экинчиси сагызгандын канатындай ала-була. Ошол эки боз үйдүн жанында бастырмалуу чоң короо. Сыртынан караган кишиге да, эки үйдүн ортосундагы бир короо алардын ынтымактуулугун, энчилештигин жана бир ичип, бир жей турганын далилдейт. Мындан үч жыл мурда бул боз үйлөрдүн саны үчөө эле. Мында Абеилденин үч уулу:
Султаналы, Огонбай жана Тууганбай жашай турган. Үч жыл мурда Огонбай дүйнөдөн кайтты. Күйөөсү өлгөнүнө үч ай болгондо анын аялы Күңөтөй да көз жумат. Алардын уулу Атай мурун эле Султаналыга бала болуп кеткен, бешикте калган үч айлык ымыркайды Тууганбай асырап алат. Султаналы инисинен калган боз үйдү да эң кичүү бир тууганы Тууганбайга берет. Тууганбай менен аялы Барча эки боз үйдүн жабууларын тандап, бир үй жасаганда, кийиздери эски-жаңы болуп, ала-була көрүнүп калат.
Ал эми бутактары тарбайган тиги бака терек эмне үчүн жалгыз болуп калганын жана аны ким тиккени эч киминин эсинде жок. Балким, ал өзүнчө чыккандыр же ата-бабасынан калгандыр. Эмнеси болсо да, айылдан окчун эки үйгө ушул терек көрк да, караан да болгонсуйт.
Жакын жерде мындан башка жыгач болбогондуктан, айылды пааналаган чымчык, чөкө таан, түрдүү сайроочу куштар буга конбой өтүшпөйт. Үпүп, күкүк жана булбулдардын келиши менен бака теректин багы ачылат.
Комузду кучактай кармаган Атай ушу терекке сүйөнүп турду. Үйдүн тегереги жымжырт. Жалгыз гана чоң үйдөн түтүн булап, кобураган үн угулат. Токой тараптан салпылдап учуп келаткан сасык үпүп тарбагай бутактын бирине коно калып, кыш-кыш этип, тажысын үрпөйтүп, тумшугун ийкеңдетип, сайрай баштады. Бала комузун бооруна кыскан калыбында тура берди.