Казат Акматов: Архат

ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

 Алдындагы кете турган жол өтө узак көрүнгөнү менен, анын кылкылдап тээ алыска созулган кылда учу бат эле кыскарып кеткенсиди.

Өтмөк улам ылдыйлап отуруп бир кезде демди кыскан муздака туш болушту. Муздак, бул-терендиктин белгиси эле. «Жердин түпкүрүнө кирип баратабызбы» деп ойлоду Мани Ясо ичинде. Тигил адамдан сурайын дейт, батынбайт. Анын үстүнө бул өтмөктүн ичи адамдар сүйлөшө турган жер эмес экендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп баратты.

Аңгычакты бурулуш пайда болду, бурулуштан кийин көзгө жарк этип Потала ордосарайы чыга түштү. Ордосарайдын каптал тушунда аскадан кесип жасалган сыяктуу оор дарбаза бар экен, ошол кыйч этип ачылды да экөө караңгы өтмөккө киришти. Өтмөктүн ичи көзгө сайса көрүнгүс. Мани Ясонун билегин кармаган адам бош колу менен бир кыймыл жасады эле, тутамында факел пайда болду. Экөө мындан ары эми факелдин жарыгы менен жүрүп отурушту. Бираз барган соң өтмөк бүтөлүп, алдыда чоң алтын эшик көрүндү. Факелдин нуруна чагылышат. Эшик оңойлук менен ачылбай жатып араң ачылды. Ал жакка кирген соң факелин тигил адам май чыракка алмаштырып алды. Май чырактар өтмөктүн эки тарабында тең үлпүлдөп күйүп турат.

 Аңгычакты бир жарчанын бетинде «Өмүр айлампасынын» тегерек символу тартылып турганын көрдү Мани Ясо. Ошол жерде майчырактар көбүрөөк, айлана жарыгыраак экен. Саамга Мани Ясонун башы тегерене түшүп, «Өмүр айлампасынын» символу да кошо айланып кеткенсиди.

Өтмөк дагы да тереңдеп кетип барат. Майчырактар даана жарык кылган аска таштардын бетинен Мани Ясо эми алтындын жылтылдаган ичке салааларын байкап баратты. Алтын Тибетте байлык эмес, жөн гана ыйык деп эсептелет. Ошон үчүн бул жерликтер алтындын артынан эт бетинен кетип кубалабастан, болгонун болгон жерде, турганын турган жерде кол тийгизбей сактоого аракет кылышат.

Дагы биртоп басышкан соң жана бир алтын каптаган каалгага туш болушту. Каалгалар канча кылымдар ачылбай турганы белгисиз, айтору ар бири ушул гана сапар эң биринчи жолу ачылып жаткан сымал желимдей чапталышып, тарамыштай тырышып жатып араңдан зорго келген экөөнө жол берүүдө. Бул сапаркы каалганын ары жагы шыбы өтө бийик обологон, туш-тарабы кенен кесири оюлган кадимкидей чоң зал болуп чыкты. Буга чейинки өтмөк жолдор табигый болсо, ал эми бул жер адам колунан жаралганы көрүнүп турду. Туш тараптагы жар таштардын боорлорунда адам таңкалаарлык символдор, диаграммалар, сүрөттөр түшүрүлгөн. Эң маңдайда жылдыздарга толгон асмандын сүрөтү ташка чөгөрүлгөн экен. Мани Ясо ошол сүрөттү карап туруп калды. Себеби ал асман Мани Ясо көргөн, ал билген асманга окшобогон, башка бир табышмактуу ааламдын көрүнүшү эле.

Кенен үңкүрдүн дал ортосунда кара граниттен жасалган узун-узун үч табыт турганын байкады Мани Ясо. Берилеп басып, табытка жакындаганда бүткөн бою дүр дей түштү.

Анткени табыттардын ичинде тирүү кишилер жаткан сыяктуу көрүнүп кетти. Болгондо да эки эркек, бир аялдын беттери ачык, а денелери алтын кабыр менен капталган. Эркектердин боюнун узундугу беш, ал эми аялдыкы үч чарчыдан кем эмес. Манектей болгон сүйрү баштары эле ар бири эмдиги бир кишидей, узун ээктери алдыга чыгып, ооздору анча чоң эмес, эриндери жука, мурундары кырдач. Кыскасы Мани Ясо көп көргөн фантастикалык кинолордогу дөөлөрдүн өзү.

Жүргүндөр табыттарды жандап өтүп кетишти да, нары барган соң кайрадан бир каалгадан чыгышып, кайрадан ылдыйлай башташты. Мындан аркы жол эми кадим чакмак таштан төшөлгөн, өзүнчө бир ажайып храмдын ичине кирип бараткандай. Туш-туштан шырылдап, жар боорунан агып түшкөн биликтей алтын суулардын, капыстан чыккан шылдыр үнү угулуп селт эттирет. Мани Ясонун эсине «Шамбала» кылт этти. Балким адамзаат таппай издеп жүргөн дүйнөнүн Рух борбору дал ушул жерде болуп жүрбөсүн? Жигит туш тарабын айланта карап өтө кызыкдар.

Билеги али да болсо жетелеген адамдын колунда тутулуу. Өз алдынча бош койсо Мани Ясо бир кадам да шилтей албачудай сезилет. Анткени айлана бүт табышмактуу сырга баткан.

Аздан кийин Мани Ясонун билегин кармаган шадылар капыстан кысыла түштү да экөө тең эбегейсиз зор айкелдин алдына келип токтоп калышты. Айкел өтө бийик болгондуктан май чырактардын жарыгы анын белкырчоосуна дейре эле жарык кылып турат. Көрсө, ал айкелдин жүзүн көрүш үчүн каптал жактагы атайын секичеге чыгуу керек экен. Экөө ал жакка чыгып барган кезде гана Мани Ясону ээрчитип келген Адам жигиттин колун коё берип, үч жолу айкелге жүгүнүп сейде кылды. Мани Ясо аны так өзүндөй кылып туурады.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.