Казат Акматов: Архат

ОН АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

Мына минтип капыстан сөзгө аралашкан жигитти Миларепа ийинден сүйө кучактап, экөө тең Будданын жообун чыдамсыз күтүп турушту.

- Ага барчу жолдун бири Жерде болчу, уулум. Бирок адамдар пейилин оңой албай келет. Кечигип жатат. Эми ал жолго түшүш кыйындап баратат. Бул ишти аткаруу менин да, мага окшогондордун да колунан келбеди. Буга менден бир жарым миң жыл кийин дүйнөгө келген ыйык Миларепа, сиз өзүңүз күбөсүз, туурабы!..

Кудурети улук Саки Муни ушуну айтып алып унчукпай көз жашына муунуп, оор кайгыга төнүп калгансыды. Ошол эле учурда балбылдап күйүп турган жүздөгөн майчырактардын нуру өчө баштады окшойт, айлана түнөрүп, күүгүмдөп барат.

 - Мына ушул Сизге суроо тарткан жигиттин ишеними бар, үмүтү бар! Кишилерден үмүтү бар! Сүкүтүнө Идам болуп бериңиз, кудурети улук Саки Муни Будда! - деди шашып калган Миларепанын үнү кенен үңкүрдүн ичинде чайылдап.

- Анда эмесе шашылгын уулум. Шамбаланын үнүн тыңша. Аны «Калагия» дейт, белгиси санскриттин беш тамгасы – «Манас». Жылына бир гана жолу, күн менен түн теңелген саатта, сүкүткө отуруп сөздү 108 жолу ичиңден кайырганда кулагына доош угулат. Шамбаланын айтаар сөзү ошол үндө. Бала кезинде селкинчектин, дарбазанын кыйчылдаганын тыңшап жүрчү элең го. Эми ошол темирге бийик жаңырган Калагиянын жандырмагын тыңша, уулум!

- Ушул насаатын айтып болуп Будданын алтын жүзү караңгыга улам батып баратты. Көздөрү болсо бакырайып апачык эле.

 

17.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.