Казат Акматов: Архат

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

- Отура бериңиз. Жазып алып анан мага кириңиз, - деди жанынан өтүп бараткан Далай лама офицерди ийнинен басып. Ошентти да иш бөлмөсүнө кирип терезенин оор пардасын силкип ачты.

 Кадимкидей жаз жадырап калган экен. Чын жери Тибеттин жазын тибеттиктер өзүлөрү эле даана байкабаса башка жерден келгендер оңойлук менен көрө албайт жазды. Анткени бутка оролуп чыккан тулаң чөп, же болбосо адыр-адырды, ой-кырды кызыл-тазыл кылып каптаган кыраң гүлдөр жок, кара шагыл куюлган тоо этектеринде, кызыл жошолуу чаптардын жылгаларында көзгө оңойлук менен илине койбогон жапыз бетеге, бозоргон шыбак чөптөр. Ал эми кыяк чөп, кендир, алабата, шыралжын, эрмен, бака жалбырак, уйгак өңдөнгөн отоо чөптөр арпа, таруу себилген аңыздардын чеке-белинде, суулардын, булактардын бойлорунда сербейет.

Далай лама бийик аскадан караган сымал Потала Ордосарайынын эң үстүңкү кабатынан туруп, Тибеттин жазгы талааларын көпкө дейре ыраазылык менен карап турду.

Атаганат эл деген эл. Ар ким өз талаасын бучкактай ала калтырбастан айдап, тырмап, сээп, тыпыйтып койгон. Быйыл жазда жалаң ушул Мани Ясо деген жубарымбектин айынан, чынын айтыш керек, Далай лама дыйкандарынын жазгы талаа жумуштарына көп чыга алган жок. Болгону айыл чарба департамент башынын отчётторун угуп, сураганын берип турду.

- Улуу даражалуу өкүмдар! Кылмышкер Мани Ясо кармалды! - деди аңгычакты кезмекчи офицер эшиктен кирип келип.

- Кагазды мага бериңиз, - деди Далай лама офицерге кайдыгер кол сунуп.

Офицер чыгып кеткенден кийин ал иш ордуна барып отурду да ТККнын башчысы эми эле өзү жиберген маалыматка көз жүгүрттү. «Кылмышкер колу-буту байланып, контейнерге бекилди. Бүгүн кечте, саат тогуздар чамасында ал ордосарайга жеткирилет» деп аяктаптыр билдирүү.

«Кылмышкер» деди Далай лама ичинен ушул сөздү жактыра бербей кайталап. Ордодарай эмне, кылмышкерлерди жеткирчү жай беле? Кандай деп атасам ушул каргыш тийген баланы. «Кылмышкер» деген көп жарашпай турат. Баса, «качкын» эле деш керек да. Ким муну «кылмышкер» деп күчөтүп отурат? Кашка баш да! Башы иштебеген кашка баш!..

Дал ошол тушта Далай лама арка жагындагы калың көшөгө кандайдыр жумшак шуудур эткенсигенин байкады да бул эмнеси дегендей башын бурду. Чочугандан Далай ламанын көзү чакчая түштү. Себеби аны көздөй Мани Ясо басып келаткан.

Жигит эч нерсе болбогондой үч мерте жүгүндү да, күнөөлүү жылмайып туруп мындай деди:

- Сизден көптөн-көп кечирим сурайм, улуу урматтуу таксыр. Бир жыл бою сүкүттө отурууга туура келди. Далай лама Мани Ясо тараптан коркунуч жокпу дегендей адегенде жигиттин колу-башын бир карап алды да саал кекечтенип сүйлөдү:

- Бул жерге кандайча? - деди ал сөөмөйү менен полду көрсөтүп, сөзүнүн аягына чыкпай.

- Аны сурап кереги жоктур, улуу урматтуу таксыр. Жаратылыш ушундай жаратып койсо ага мен эмне деп жооп берет элем. Албетте, капыстан кирип келгеним үчүн дагы бир ирет кечирим сурайм. Мани Ясо ушуну айтып болуп аргасыздан күлүп жиберди, себеби ал Далай ламанын жүзүнөн анын эмне ойлоп турганын окуп койгон болчу:

 «Бул азезилди контейнерге байлап-матап келатабыз деген кашка баш эмнени айтып былжырап атат?» деген күдүк турду Далай ламанын оюнда.

- Менин түгөйлөрүм көп. Сиздин кашка башыңыз ошолордун бирөөнү кармап келатса керек, улуу урматтуу таксыр. Чочубаңыз. Канчалык эсин жоготуп турса да муну угаар менен Далай лама өзүн колуна алды да Мани Ясодон жүзүн буруп кетти.

Атаганат саамга унута түшкөн экен...

- Сизди ким сүкүткө отур деди? Быякта кызматыңыз калып атпайбы?! Далай лама бара-бара өзүнө келе баштады окшойт.

Мани Ясодон эми коркпостон, баягы эле адатынча, капталын салган тейде суроосуна жооп күтүп калды.

- Жохан храмындагы окуу программам боюнча мен бул сүкүткө сөзсүз отурушум керек эле, улуу урматтуу таксыр.

- Сиз баягы эле («алжыган» деген сөздү айтайын деп баратып айтпай кетти) Лама Цунун торунан чыкпай жүрөсүзбү, мырза Ясо? Ушуга менин таңым бар. Ал этап небак өтпөдүбү, кетпедиби. Качанка дейре чыланасыз ал эски чылага?

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.