Казат Акматов: Архат

ОН ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

- Биринчиден, – деди ал болбой эле долулана, - биринчиден мен андай деп ойлогон жокмун. Ар нерсени оюңуздан чыгара бербеңиз. Экинчиден, ал балдардын мага да, сизге да дооматы жок. Барып өздөрү менен сүйлөшсөңүз болот.

- Сүйлөшөм, улуу урматтуу таксыр. Эми болсо өзүбүздүн маселени чечели. Ак сыйкырдын нускамасы менен иштешелиби же жокпу?

- Ал эмне деген ак сыйкыр экен?

- Аты эле айтып турбайбы улуу урматтуу таксыр. Ак сыйкырдын адам пейилине пайдадан башка зыяны жок. Тибет жергесинде бул нускаманы эң биринчи болуп сиздин улуу урматыңыз пайдаланса элиңизде бейпилдик, өлкөңүздө калыстык, теңчилик орнооруна мен бекем ишенем, улуу таксыр.

-Мен өлкөбүздө калыстык жок болуп атат деп ойлобойм, мырза Ясо, бирок тартышып отурбайлы. Мен сизди башкы кеңешчи кызматына которууну чечтим. Айлык акыңыз мурдагыдан көп эсе жогору болот. Бүгүн эле буйрукту колуңузга аласыз. Мани Ясо дароо жооп бербей ойлонуп турганчакты Далай ламанын чыйпыйы чыгып кетти.

-Же болбосо башка кызматты каалайсызбы? Айтыңыз өзүңүз!

- Мен бир жерде такай отуруп иштей албай турган авалдамын, улуу урматтуу таксыр. Өлкөлөрдүн бардыгында болушум керек. Ошонүчүн...

- Боло бериңиз. Ишсапар деген бар. Жол чыгымдарыңыз бизден болот. Баардыгын уюштуруп берем. Бирок байыр алып бир жерде иштеш керек да.

- Мени менен иштеш сизге оор болот деп кабатырмын, улуу урматтуу таксыр.

- Эмнеге оор болот? Бая, мурдагыдай эле, чогуу отуруп адамдарды кабыл алабыз. А эгер баргыңыз келсе мына, биринчи Кытайдан баштаңыз. Алардын жетекчилери биздин айрым ламаларды дайыма чакырып турушат.

- Мен ансыз да Пекинге барганы турат элем, улуу урматтуу таксыр.

- Анда мен сизди алардын чакырыгына ылайык расмий түрдө жөнөтөйүн. Жөн эле бара бербеңиз. Мани Ясо унчукпай ойлонуп турду:

- Мунуңузга мен макулмун, – деди аздан кийин.

- Аларга да ак сыйкырдын нускамасын сунуш кылам, кандай дейсиз?

- Ха-ха! - деп Далай лама күлүп жиберди. Пекиндин коммунисттик жетекчилиги кара сыйкыр эмес, ак сыйкырын кошо кошоктоп туруп тап душман катары жоюп жибергени качан!

- Анда эмне үчүн сиздердин ламалар менен байланышат алар?

- Ошону түшүнбөйм, чын жери. Далай лама саамга ойлоно түштү да мындай деп кошумчалады:

- Сыягы ламалар менен өзүнчө иштеше турган да жагдайлары бар го дейм. Пекинди түшүнүш өтө кыйын. Мүмкүн эмес. Пекин деген бизге эле эмес, бүткүл дүйнөгө ар дайым табышмак. Мына эми сиз барсаңыз балким түшүнөөрсүз. Анда мени Пекинге жөнөтүңүз, улуу урматтуу таксыр. Бирок сиз менен жаңы нускама боюнча иштешебизби жокпу, аны али билбеген боюнча турам.

- Эмне кылышым керек ал үчүн? Далай лама жактырбагандай тике сурады.

- Иштештин үч ыкмасы бар, улуу урматтуу таксыр. Нускама менен өзүңүз жеке сүкүткө отурсаңыз болот. Экинчиден укмаматраны колдонуп башка адамдар менен чогуу иштешсеңиз болот. Эгер бул экөөнө макул болбосоңуз анда мен өзүм гипнотерапия жолу менен аракет кылам. Албетте, сиздин макулдугуңуз менен.

- Кыскасы Пекинге барып келиңизчи. Андан кийин сүйлөшөлү. Бирок айтып коюшум керек сизге. Башка өлкөгө барганда кыймыл эткениңиздин баардыгын, ал түгүл сүйлөй турган сөздөрүңүздү биз күн мурунтан болжолдуу болсо да билишибиз керек. Мындайча айтканда сиз мамлекеттик дипломаттык кызмат жолу менен барып кайра кайтасыз. Баардыгы токтом жолу менен ишке ашырылат. Ошонүчүн ээн эркин көзөмөлсүз эч нерсе жасап же болбосо башка аракет кылууга улуксаат берилбейт.

- Көзөмөлдү ким кылат?

 - Биздин тийешелүү органдар. Мани Ясо дароо сөздөн жадагандай сезимге туш болду. Чынында эле бул Далай лама менен тил табышуу, алдыдагы келечекте кандайдыр бир жакшылык иштерге барууга болгон үмүтү өтө эле тумандап кеткенсиди. Бийлик башында турган бул адам өзүнүкүнөн башка пикирди эч убакта туура көрө койчудай эмес, өзүнүкүнөн башка кызыкчылык менен эч убакта эсептеше койчудай эмес. Мындай «өзүм билемдердин» эсесин таба турган чара да бар Мани Ясонун колунда. Мындайларды дароо эле, ошол мандай-тескей отурган жеринде өзүнөн макулдуксуз эле гипноз менен транска киргизип туруп ички сезимдерин каалагандай антарып-теңтерип койсо болот. Бирок Мани Ясо ага барууга дит бакпайт. Себеби адамдын өзүнүн макулдугусуз анын кыял-жоругун же болбосо күлк-мүнөзүн өзгөртүп коюу, бул адилеттике жатпас эле. Кандай болгон күндө да бул кадамга адам өз ыктыяры менен баруусу керек.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.