Казат Акматов: Архат
ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
- Колунда эчнерсеси жокпу?
- Жок.
– Анда киргизсең киргиз. Бирок сен өзүң кошо кир. Сак бололу. Ал кара сыйкыр Додайдын шакирти да. Мани Ясо кабинетине киргенде вице-мэр ордунан козголуп; бирок утурулап басууга даабай чочулап турду.
- Ом мани падме хум!
Мани Ясо бир колун бооруна алды да ички чөнтөгүнөн алтын кырбылуу кызыл-күрөң түстөгү жибек шарфты алып чыгып вице-мэрдин каруусуна илди.
- Койнумда эч кандай куралым жок, коркпонуз менден, - деди Мани Ясо тигинин өңүн карап туруп жылмайып.
Өнү болсо чынында эле өтө жаман вицемэрдин. Эмнегедир ал таптакыр Мани Ясо күткөндөй кек сактаган, өч ала турган кебетеде эмес, тескерисинче андан катуу корккон түр менен дагы эле боюн токтото албай турду. Жашы болсо Мани Ясодон аз эле улуу көрүнөт. Бою пас, ийиндери кууш, кандайдыр көзгө толумсуз.
- Былтыр сиздин атаңыз дүйнө салганда жолугуп кайгыңызды бөлүшө албадым, - деди Мани Ясо мэрдин уулун сынай карап.
Ал болсо: «Менин атамдын өлгөнүндө сенин эмне жумушуң бар» деп ойлоп турду, бирок Мани Ясого ыраазы болгон түр жасап башын ийкегиледи.
Вице-мэрдин ички ойлорун толук окуган соң Мани Ясо таңыркады.
«Эл деген таптакыр тескери пикирди уялбастан тарата берет турбайбы. Мынабул мэрдин баласы менден өч алмак тургай, өлөөрчө коркуп турат».
Сүйлөшөөргө сөзү калбаган соң Мани Ясо кабинеттен чыгып кеткиси келди. Ошентсе да ыймандан танбаш үчүн мындай деди:
- Сиздин атаңыздын алдында менин күнөөм бар. Эгерде мүмкүн болуп калса эмдиги жаралышында болсо да мен ал күнөөмдөн арылууга аракет кылам. Мээр нуру күңүрт тартып, жумшак үлпүлдөгөн вице-мэр ичинен ыраазы өңдөнүп жылмайган болду, бирок анысы сырт кебетесинен анча билинген жок.
Ошону менен, отурбастан тикелей туруп саамга сүйлөшкөн эки адам коштошуп, тарап кетишти.
***
Отуз беш орундук Лхаса-Пекин ички маршрутундагы самолёт Кунь-Лунь бөксө тоолорунун үстүнөн өз көлөкөсү менен кошо кубалаша учуп өтүп баратты. Канат алдында улуу Кытайдын чакмак барактын бетиндей барчаланып текши иштелген сары талаалары, Янцы суусунун баштапкы куймалары, андан соң атактуу Хуанхэ дарыясы. Тибет окуусунда Кытай тарыхы менен маданияты ХХ кылымдын элүүнчү жылдарынан бери карата абдан кенен окулат. Мани Ясого мынабул талаалар, суулар, тоолор, атүгүл кезиге калып, самолётту курчаган ак булуттар да тааныш сымал. Жер үстүндөгү адам пенденин баардыгынын дээрлик үчтөн бирине жакынын түзгөн табышмактуу кытай эри жөнүндө Мани Ясо мурда эле өзүнчө кызык ойлорду көп ойлой турган, азыр болсо ошол ойлорун дааналап, эстутумуна жакындата, чукул эстеп келатты.
Өзүнүн беш миң жылдык рух тарыхында бул улуу эл кудайсыз дин жараткан, болгондо да үч динди, үч ишенимди катары менен бирдей колдонуп, башка элдердин кудайларына эч убакта көз арткан эмес, тийиштик да кылган эмес. Башка элдерди чаап алып, кудайын кыйратып, байлыгын талап тоноп, жапайы саясат жүргүзгөн эмес. Бирөөлөрдүн эсебинен жан баккан эмес, империя түзүп, кан төгүп, башка элдерди багынтуудан рахат алган эмес. Бүткүл тарыхында бул эл жалаң гана баскынчылардан коргонуп, өз элин канавайран кыргындардын баардыгынан аман сактап, адатта башка элдердин эң кунигинде да ыгы жок ташкындап турган улуттук эгоизмден негедир алыс. Ошентип ойлоп келаткан Мани Ясонун эсине:
«Биздин Тибетке келгенде эле бул ханзу туугандарыбыз калыстыктан тайып калат» деген устаты Лама Цунун сөзү эске түшө калды. Демек, бул маселеде кандайдыр бир татаалдык бар экен да! Болбосо батыш илимпоздору да «эң сабырдуу» деген ханзулар эмне үчүн бир тууган тубо элине толук эркиндик бербей келет?»
Балким ушул барышында кытай жетекчилерине Тибет жөнүндө суроо салып, андан соң алардын задисинде эмне деген ой жатканын билип келээр Мани Ясо.
Бирок Далай лама эмнегедир бул маселе жөнүндө ага бир ооз да сөз айткан жок. Дегеле Тибеттин эгемендиги жөнүндө мурда кийин анын лам деп бирооз кеп кылганын Мани Ясо уккан эмес.
Эмнеси болсо да бара көрмей. А эң негизгиси Мани Ясонун өзүнүн пландары. Далай ламанын айтуусунда ал кытай жетекчилигинин төрт кишиси менен жолугушат экен. Мани Ясо ошол төрт адамдын сырсандыгын ачып көрсө анан, андан ары кандай иш кылаары белгилүү болмок.