Казат Акматов: Архат
ОН СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ
- Сизди күнөөлөгө бизде эч кандай негиз жок, урматтуу Лама Ясо. Ал эми сиз айткан эки монахка «чек ара тартибин бузган» деген доомат коюлган. Аны териштирип бүтүүгө бир аз убакыт керек. Мани Ясо мырза Хуанды саал жактырбай карады да ошол тушта анын нарыда илинип турган офицердик кителин, кителдин погонундагы генералдык чинин көрүп калды.
- Ал эки момун адамдын абакта жатканына үч айдын жүзү болду, жолдош генерал.
- Ооба, ооба. Алардын тергөөсү эртең сөзсүз бүтүп калат, урматтуу Лама Ясо. А балким бүгүн эле бүтөт!
***
Кытай коопсуздук комитети тарабынан колго түшүрүлгөн төрт адамдын үчөө менен узак убакыттан аңгемелешип бүткөн соң Мани Ясо генерал Хуанга төмөндөгүдөй маалымат берди.
- Биринчи кишинин анык ысымы документиндегидей Чжоу Ян эмес, дал сиздикине окшош экен, жолдош генерал. Хуан Ян экен анын өз ысымы. Туулган шаары Чанша эмес Гэцзю экен. Кесиби эколог эмес физик. Кошмо штаттардын чалгын кызматына көмөктөшүп жүргөнүн мойнуна алууга аргасыз болду. Мынакей анын жооптору жазылган укмакассета.
Дагы бир тактап койчу жагдай - силердин тергөөчүлөрдүн протоколунда көрсөтүлгөн чоң суммадагы долларды бул киши эмес, Пекинде жашап, азыр Европага өтүп кеткен Айвано деген аксөөк алган экен. Сиздин аты уйкашка ал сумманын үчтөн бири да тийбептир, жолдош генерал.
-Айвано бизде көптөн бери издөөдө. Аны табууга көмөктөшө алаар белеңиз, урматтуу Лама Ясо? Ан үчүн биздин ведомство сиз каалаган сумманы төлөп берүүгө даяр, – деди жанатан бери унчукпай угуп отурган генерал Хуан жандана түшүп ордунан козголуп.
- О, аны таап берчү киши өз колуңарда, – деди Мани Ясо күлүп.
Ал Хуан Ян. Силердин туткундан бошонсо эле ал Айванону жер астынан болсо да издеп табууга даярданып отурат.
- Биздин туткунданбы? Генерал Хуан ойлонуп калды да кайрадан Мани Ясонун сөзүнө кулак төшөдү.
- Экинчи туткунуңарды мен тигиндей же мындай деп күнөөлөй албас элем. Ал болгону саясий көз карашы силер менен келишпеген адам экен. Өтө билимдүү, дал ошол себептен ал коммунисттик идеяны куру кыял, ишке ашпаган утопия деп эсептейт. Бул кишинин оюнун тууралыгын СССРдин тагдыры далилдебедиби. Же кандай дейсиз?
- Коммунисттик коомду курууга болот жана аны биз далилдеп жатабыз, урматтуу Лама Ясо. Биз коммунисттик партиянын жетекчилиги менен иштейбиз. Сиз улуу Кытай өлкөсүнүн атуулу катары бизге жардамдашсаңыз жеңишибиз тездейт эле.
- Жардамдашып жатпаймбы, - деди Мани Ясо күлүп.
- Рахмат. Бирок коммунисттик идеянын душмандарын күнөөлү эмес дегениниз жарабайт, урматтуу Лама Ясо.
- Күнөөлү деп мен мынакей силердин үчүнчү туткунду айтаар элем. Ал бир нече жолу киши өлтүрүүгө катышкан. Жүрөгү мерез, колу кандуу, эгосу ырайымсыз күч алган кылмышкер. Мен анын кылмыш иштерин гипнопедия жолу менен өзүнө толук айттырып кассетага жазып койдум. Эми силердин тергөөчүлөр ар бир эпизоддун иш жүзүндө далилдеп мойнуна коюшу керек. Генерал Пен Ли деген ким эле? Муну тымызын колдойт экен, ал киши.
- Генерал Пен Либи?! - Хуан Цзе ордунан кандай ыргып турганын өзү билбей калды. Мани Ясо болсо анын ички ойлорун эрксизден толук окуп отурду.
Генерал Пен Ли дал ушул ведомствонун эң жогорку жетекчиси экен.
- Төртүнчү кишиңер жөнүндө азырынча эч нерсе айталбайм. Ал азыр терең транста отурат. Ага кошумча - башында оор жаракаты бар көрүнөт, мээси чайкалган болуш керек. Тезинен дарылоого албасаңар зыян болот. Хуан Цзе бу кезде төртүнчү туткуну жөнүндө бирнерсе угууга жөндөмсүз болуп жалдырап калган. Анын ойпикири азыр бүтүндөй өз жетекчиси, Пен Ли жөнүндө эле.
***
Пекиндеги бир күндүк тыныгуудан кийин Мани Ясону Кытай Эл Республикасынын Башкармасы кабыл ала турган болгондугу билинди. Ошол мүнөттөн баштап «Тибеттен келген кыргызга» кездешкен, сүйлөшкөн баардык жогорку чиндердин мамилеси таптакыр башкача. Бул жагына келгенде Кытай коопсуздук кызматы башка министрликтерге жол бербей, Мани Ясону катуу кайтарууга алып, анын Гугун императорлорунун тарыхый хан сарайына, Тянань Мань аянтына болгон бир күндүк серүүндөө-саякатын эң жогорку, мамлекеттик деңгээлде уюштуруп чуркашты. Мани Ясо менен бир сааттык эле жолугушууну сураган Ички иштер, Тышкы иштер министрликтери коопсуздук кызматынын жетекчилеринен оң жооп ала албай убара болушууда. Баардык сурагандарга бир гана жооп айтылып атты: «Ишсапардын бекитилген расмий графигинен сырткары эч кандай жолугушуулар болбойт.