Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Ошого шүгүр кылып иниси Таштан чечкиндүү айтты:
– Жер оошкондо аруусу өтүп кетет. Анын үстүнө дайыма мени менен бирге болот. Жаныман чыгарбайм.
– Ал жердин тилин билбесе кантип окумак эле!
– Англис тилин бала бакчадан бери эмне, бекер окуптурбу?
Саламат эми башка бир шойкомду эстегендей инисине капысынан буркандай түштү:
– Сен муну догдур болот дейсиң. А өзүнөн сурасам башка бирнемени айтып атпайбы. Эмне мени алдайсыңар!
– Өзү эмне деди эле? – Таштан баланы шекип карады.
– Айтсаң каралдым. Өзүң эмне дедиң эле, баякүнүчү атаңа, – деп Айзада баласын кучактап өзүнө тартты.
– Архаттын окуусу дегем. Адилет мурдун жанып, атасын карап койду.
– Аа, – деди Таштан шашылып, – туура, жалпы жонунан «архаттын» окуусу десе болот. Ал – медицина деген сөз.
Иниси чынын айтпаганын Саламат сезип турду, бирок тибет сөзүн түшүнбөгөн соң анын айыбын ача албастан, айласы жок башка дооматка өттү:
– Моминтип ууру кирип чоң кырсык болуп атса, сен мага тирек болуштун ордуна кетем дейсиң. Бир тууган да сендей болобу. Сансызбайдан айырмаң кайсы?! Агасы мыкаачыга теңегендиги үчүн Таштандын өңү сурданып кетти.
– Кой-ай, Саламат! – деди жеңеси чочуп, – оозуңа карап сүйлөбөйсүңбү! Таштан эмне Сансызбай болуп калыптырбы?!
– Анан эмне демек элем. Мага бир тыйын жардамы жок!
– Эми, жардамы жок болсо, окусун да балдар. Мен делечи баламды жанымдан карыш жылдыргым жок. Антейин десең, элдин балдары тетиги эле жердин түбүнө кетип атпайбы. Мобу эле кошунанын кызын карабайсыңбы. Торонто дейби, айланайын! Ошияктан окуп атпайбы!
– Торонто деген Торонто. А Тибетте кайдагы окуу болмок эле?
Байкесинин жийиркенип айтканына Таштан күлүмсүрөп жооп берди:
– Тибетте улуу Мистриянын борбору Шамбала деген жашыруун шаар бар.
Аны мен сизге түшүндүрө албайм. Аны олуя болчу адамдар гана түшүнөт.
– Эмне, эмне?!
– Айтышпагылачы, кудай жалгагырлар. Аны коюп балаңды окутасыңбы-жокпу, ошону айтчы Саламат! – деди аялы.
Саламат мойнун буруп аялын сүзө тиктеп турду:
– А үйдөгү оокатка ким калат! Же мен эле өлөөр өлгөнчө жалгыз тыртактай береймби?!
– Экөөбүз кылабыз! Жетет!
– Эй, катын, айтып коёюн! Эгер ушул экөө Тибет-сибетине барып алып шалаң-шулаң этип, акчаны коротуп кайра келчү болсо, так сени соём!
– Сой-сой.
Айзада жоолугун оңдоп, этегин ылдый тартып, сөз бүттү го дегенсип ордунан турду…
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Катманду. Жер шарындагы асманга эң жакын өлкө делген Непалдын борбору 8-майда «касиеттүү Будданын бул дүйнөдөн кечкен» күнүн белгилеп жаткан болчу. Бүтүндөй Индокитай континенти бул майрамын шаан-шөкөтсүз, ыр-бийсиз, суз белгилөөгө тийиш. Диний зыяпаттар негизинен монастырлардын кулак мурунду кескен тынч, күңүрт жарык, али муздак бөлмөлөрүндө.
Самолёт аэродромдун эң алыскы четине токтоп, жүргүнчүлөрдү ошол жактан автобустарга салып келишти да аэропорттун дал эшигинин оозуна такап түшүрдү. Бардык жерде кокардалуу кара күрөң берет кийген солдаттар. Жүргүнчүлөрдү бура бастырбай, «тирүү коридорлор» менен чубатып, бажы кабиналарына шыкап киргизүүдө.
Адилет аркасына көтөргөн оор рюкзагын улам копшоп коюп, Таштандын артында. Баланын самолёт менен биринчи ирет жол жүрүшү. Ошол үчүн ал учуунун бардык ымыйанын, өзгөчө реактивдүү лайнердин жерден көтөрүлүп, анан кайра конгондогу добушун бүткөн бою менен кантип эсине тутуп калганын азыр жадымында кайталап келатты. Компьютердин экранында өзү канча жолу планета аралык кораблдерди учуруп айдап жылдыздарды аралады, бирок ошонун баары биригип келип самолётко бир жолу чындап түшкөнчөлүк болбойт экен.
- Кулагымдын тунганы ачылбай атат, — деди ал бажы астында кезекте зарыгып турганчакты.
- Ачылат. Башынды чалкалатып, терең дем алып тур.
- Туристтер көп экен, ээ?
- Сен экөөбүз да ушуларга окшошбуз: спорт костюм, кроссовка, рюкзак.
- Топуларыбыз башка, - деди Адилет өзүнүн башындагы ак кийизден жасалган жука топусун көрсөтүп күлүп.