Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Ансыз да кезек күткөндөр экөөнүн топусуна кызыгып карап атышкан. Алардын баары эле кыязы европалыктар. Агылжындар, немистер бойлору тартайып, сөөк-саактары каржайып, Аялдары саал азыраак, эркектери көбүрөөк. Көбүнесе кара көз айнек, анан шортучандар.

- Ушулардын баары Тибетке барабы? - деди Адилет.

- Менимче Тибетке экөөбүз эле барабыз.

Таштан чынында эле ошондой деп ойлогон. Анткени Тибет өткөндөгү Кытай баскынынан кийин отуз жыл камалып атып, араңдан зорго эркиндик алган соң чекараларын катуу жапкан, туристтердин агымын кескин токтоткон деп түшүнчү. Анын үстүнө туристтер кумурскадай каптаган, тебелеп-тепсеген кайсы гана өлкөнүн эмне касиети, эмне деген ыйык сырлары калмакчы?

Тилекке каршы андай эмес экен. Таштан менен Адилет отурган «Катманду - Лхаса» деген автобуска дал баягы чолок шым, кара көзайнекчендер топурап толуп алышты. Бир гана жакшы жери алар өз-өз топторуна бөлүнүп, гиддери бар, анан көбүнчө англисче сүйлөшөт экен. Сүйлөгөндө да кенедей кысылып коюшпай арылдашып, күлгөндө автобусту жаңырта шаракташат. Самолётто тыптынч келишкен немелер азыр тимеле ээн талаага чыккандай. Ошондон улам Адилет аларды жактырбай, ал түгүл жүзүн терезеге бурган бойдон автобустун ичин карабай отурду

Сөздүн чыны Адилет өз өлкөсүн деле анчалык аралап көрө элек кези. Ошон үчүн Тибеттин седептен бүткөнсүгөн ак мөнгүлүү тоолору, кара шагыл куюлган адыр-бөксөлөрү, анда-мында бир көрүнгөн жапыз дарактар, жолду бойлоп аккан жеңдей суу көзүнө алданемедей көрүнөт. Автобус бирде жонго чыгып, бирде ойго түшүп, жүгүнүн оордугунан кадимкидей жан үрөп баратты.

- Хе-хе! Балдар ойноп жүрөт! – деди Адилет бир кезде терең ойго чөмүлүп отурган агасын жеңден тартып. Автобус кичинекей кыштакчанын жанынан өтүп бараткан экен. Өтө эле жупуну кийинген жылаңбаш, жылаңаяк балдар асманга кагаз жылаан учуруп жүрүшөт.

 - Али Тибетке жете элекпиз, - деп агасы баланын кулагына шыбырады.

Самолётто отуруп жолдо ката Адилетке көп кызык нерселерди айтып, түшүндүрүп берем деген убадасын Таштан агасы таптакыр унуткан. Себеби, мындан үч эле саат мурун Бишкек аэропортунда болуп өткөн окуя, окуядан да мурун аэропорттун медпунктунун креслосунда ыйлаган бойдон отуруп кала берген Жылдыздын кайгылуу элеси анын бүткүл эси дартын тузактап, бир чети кубантса, бир чети бушайман кылып келатты. Болгон иш жаңы эле никеге турган жары Жылдызга байланыштуу эле.

Тибеттеги илимий командировкасынан Таштан кайтып келгиче никеге туруп алышканын эчкимге жарыя кылбай туралы деп чечишкен болчу. Ошондой болгон соң аэропортко барып Адилетти узатканы барган ата-энесине деле азырынча көрүнбөй, Таштандын жолдошторун дүүлүктүрбөй коё туралы деп Жылдыз үйүндө кала берген. Ошол үйүнөн чыгып жаткандагы ый-күлкүсү аралаш ысык коштошуу деле жетишмек. Бирок ошого карабай, Таштан, жеңеси Айзада менен иниси Адилет үчөө аэропортко келишсе үйүндө калган Жылдыз алардан мурда жетип, алдыларынан тосуп турат.

«Жылдыз эжей?» деп келинди эң оболу Адилет көрө койду. Экинчи кабаттагы парапеттен эңкейип карап турган экен. Таштан көргөн көзүнө ишенбей, артымда калды деп элестетип келаткан Жылдыздын карааны алдында турса кадимкидей нес. «Мен азыр!» деп ал Адилет менен жеңеси экөөнү алдыга жиберип ийди да, экинчи кабатка кетчү узун тепкич менен чуркап Жылдызына жетти. Караса никелүү жа рынын жүзү жошолоп жашка толгон. Экөө кучакташып көпкө турушту. Жылдыз өрөпкүп такыр басылбайт. Таштан көпкө сооротту. Кубанычтын, сүйүүнүн ыйы эмеспи деп өзүнүн да мууну бошоп, ичи элжиреди. Өткөн-кеткендер менен иште ри болбой өбүшүп да жатышты. Акыры Таштанды убакыт эсине келтирди окшойт. «Болду, ыйлаба, токтот көз жашыңды» деп Жылдызды шаштыра баштады эле, келин токтой албай өрөпкүп, жүрөгүн баса кыйналып чыкты. Аңгычакты жанда рына Адилет чуркап келди: «Регистрация бүтүп калды» – деди ал апасы айткан сөздү Таштанга угузуп. Таштандын шаштысы кетип, Жылдызды кучагынан чы гарса өңү купкуу. Кой болбойт деп ал аялын колтуктан ала жетелеп медпунктуу көздөй шашылды. Бир жагынан эжейин Адилет жөлөп алган.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.