Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Алло! Шоола, мен Тибетке кетип атам, - деди Адилет.
- Ии, Тибеткеби? Анда жакшы барып кел.
Ошону менен сөздөрү дароо түгөнүп, экөө тең арманда калышты. Же Адилет бир сөз тапсачы, же Шоола демейдеги ачык-айрым шартылдаган кыз, бир сөз су расачы! Бул өкүнүч экөөнүн тең жүрөгүнө так болуп, өмүр бою сыздатып жүрө турган окшоду...
- Биз балдарды храмга жети жашынан өтө электе алабыз. Анын себеби ушул - ашыктык сезими. Байкашымда сиз ал сезимге дуушар болгон көрүнөсүз. Көздөрүңүз калп айткан жок. Албетте он бир жаш деген - он бир жаш. Ошон дуктан айтып коюшум керек, Адилет уулум, эгер сиз өмүрүңүздү архат окуусу на биротоло арнасаңыз анда катардагы, жөнөкөй адам болуп кала албайсыз. Биз илимдин бийик чокусуна жете албаган жөнөкөй монахтарга гана үйлөнүүгө жол беребиз. Алар бизде «кызыл топучандар» деп аталат. Болгондо да алар храмдан кеткенден кийин гана ал ишке бара алышат. Анткени лама окуусу аялга муктаж болуп, үй-бүлөлүк турмуштун алкагында чектелген жашоодон алда канча жооптуу. Эгер ошону түшүнсөңүз, ошого эркиниз жетсе гана биздин окууга кириңиз. Сиз өмүрүңүздү чанда гана адамдар жете ала турган улуу нерсеге арнайсыз, аны мен азыр сизге айтып түшүндүрө албайм. Эмесе бүгүн барып жакшы ойлонуңуз.
Лама Цу айнек столунун үстүндөгү күмүш коңгуроону жумшак диңилдетип койду эле ошо замат кызматчы Дей босогодо даяр болду
-Эгее! Сынактын оору кечээ бүттү десем, көрсө балээнин баары быяктан турбайбы! – деди Таштан иниси айтып берген узун хикаяны угуп болуп.
- Эмне кылабыз эми? Сөздүн кыскасы, сен биз көнгөн, биз билген жашоодон толук баш тартышың керек турбайбы! Буюрбасын, мындай болоорун билген эмесмин. Ата энең эмне дейт муну укса?
- Кайра кетелиби? Адилет байкесин арсарсып карады.
- Билбейм. Ата-энеме кеңешейин деп айткан жоксуңбу?
- Эч нерсе эсиме келген жок.
- Бекер кылыпсың Балким эртең барып айтасыңбы? Мен барсам эч кимиси сүйлөшпөйт тура. Кечээ гана Дей бир келди, сенин маалыматынды сурап. Ошондо айткан, балаңар окууга өтсө чачын алдырып, атын өзгөртөт деп. Ага чыдаса болот ко деп ойлогом. Көрсө кеп башкада турбайбы. Балким ал эртең да келээр дейм. Ошондо сурап көрбөйлүбү Дейден.
- Эмне деп,
- Ата-энесине кеңешели. Мындай маселени бала өзү чече албайт депчи.
- Макул. Анан дагы бир нерсе, Адилет. Сенин арууң бар да. Ошону сөзсүз айтышыбыз керек, билесиңби?
- Макул. Уйкум келип атат, байке.
***
Таштан өз кагаздары менен алек болуп түн оодара көпкө отурду. Чарчаган кезде бөлмөнүн бурчундагы экранды барып чукуласа сыналгы эмес, болгону монитор экен. Жанында бир нече видеокассета жатат. Бир-экөөнү иргеп коюп көрдү эле экранда жалаң будда монастырлары, андагы чачы кырылган миндеген соку баш монахтар, табынуу жүрүп жаткан учурлар сыяктуу көрүнүштөр. Таштанга булардын баары кызык эле, бирок азыр аны көргүсү келген жок. Ал көнүмүш болгон Бишкектин көп каналдуу сыналгысын курулай издеп атканына кайыл болду да жата кетти. Бир кезде, түн ортосу небак оогон тушта Адилет тишин кычыратып козголуп, онтолоп-ооруксуп аябай түйшөлдү. «Аруусу кармап атат жадагалса түшүндө», - деди Таштан жанына келип отуруп. - «Бул байкуш баланын тагдыры эмне болот?». Таштандын азыр андыганы баланын жаак-тили. Эгер катуу түйүлсө оозун эптеп ачып туруп жууркандын четин тиштете коюш керек. Бирок Адилет бир пастан кийин тынчып, уктап калды. Кыязы түш көрүп атса керек. Он бир жашка араң келген, багалчагы толо элек жаш баланын ушуга чейинки ачуу тагдырын, андан да, эгер Тибетте жалгыз кала турган болсо, мындан аркы сүрө турган кунарсыз өмүрүн көз алдына элестетип саруулаган Таштан таң атканча кирпик какпай жатып, эми эле жаңы көзү илинип кеткен болчу. Эшик тыкылдайт. Дагы тыкылдайт. Ойгонгон эч ким жок. Ошондон дагы жарым саат өткөн кезде эшик кайрадан тыкылдайт. Ал кезде Адилет ойгонуп калган эле.
- Кадырлуу Лама Цу өзү келсе эшигиңерди ачпай койдунар. Мынчалык катуу уйкуга берилген себебин билип кел деп Лама Цу силерге мени жиберди. Эгерде Адилет бала Тибетте окууну каалабаса да баары бир келип жолугуп кетсин деди.