Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Мына эми кайтсак болот, - деди.

- Тээтиги катарды көрө кетсек кантет?

Таштан алысыраактагы эки кабат имараттын кырында илинип турган реклампаннону көрсөттү. Анда жолборе, илбирстердин сүрөттөрү турган. Дей саатын адегенде өзү карап, анан Таштанга билегин сунду:

- Убакыт калган жок. Биз азыр өргө басабыз. Кырк мүнөт керек жеткиче!

Таштан Адилетти карады, бала болсо жан-жакада тамак талашып, ыркыраша кетип аткан иттерди карап турган. Андан арыраакта ээр токулуу топоздор, аттар, эшектер. Эң кызыгы ошондой эле ээр токулуу тойпойгон понилер. Болгондо да жүгөндөрүнө асемделип күмүштөн, жезден чөгөрүлгөн. Бишкектегидей эле бир же эки дөңгөлөктүү кол араба түрткөн өспүрүмдөр. Бирок анча көп эмес. Адилеттин дагы бир байкаганы гүлдөр эле. Базардын ар кайсы бурчунда жайнаган кооз гүлдөр эң көп сатылат экен. Көздүн жоосун алат.

 

***

 

Кечкурун Таштан менен Адилет мейманканага келишип, керебеттерине сулк жыгылышты. Кечке инисинин жанында жүрүп, бирок сурай албай калган Таштанда бир суроо бар эле:

- Адилет, - деди ал акырын аяр сүйлөп, - бул жактан окуштун шарты таптакыр башка экен. Кечээ ал жөнүндө сүйлөштүк эле. Анан кантип дароо макул болдун? Өзүң эле жалгыз чечип коёсуңбу? Ата-энең эмне дейт, Адилет бир топко үнсүз жатты да, анан күлүп жооп берди:

- Мен атам менен макулдаштым.

- Кантип?

- Айтайымбы?

- Айт деп сурап атам да! Мен агаңмын го. Же мени ага кылгың келбей калдыбы?

- Кхм. Түндө түшүмдө атамды көрдүм. Ал кырмызы чапан кийип, монахтардын ичинде отуруптур. Кадимкидей кечки табынууда Лотос порумунда отурат. Дал ушул Жахан храмында. Мен табынууга биринчи жолу барыптырмын. Атам мага карап көзүн кысат. «Бери, жаныма кел» дегенсип. Барайын десем бир монах менин жолумду тосуп коё бербейт. «Бул бала али бизде окуй элек», - дейт. Анда атам ордунан туруп келди да, колуман жетелеп барып жанына отургузуп алды. «Окуй элек болсо окуйт да!», — деди ал жолумду тоскон монахка акырайып. Ойгонуп кетсем түшүм экен. Бирок баары тең кадим өңүмдөгүдөй болду. Атам улуксат берди окшойт. Таштан инисинин айтканын таңыркап укту, бирок эмне жооп айтаарын билбей, керебетинде жата берди бир топко. «Иши кылып Бишкекке кайра баргысы жок» деди ичинен. «Анда эле мейли».

- Мен атаңа сенин түшүндү айта барсам болобу?

Адилеттен жооп болгон жок, бала уктап кеткен.

 

***

 

Жахан храмы сербейип алдына келген кыргыз баласын бүгүн башкача карап тургандай. «Келдиңби, уулум? Биротоло башынды байладыңбы? «Өмүр айлампасынын» эң ылдыйкы тепкичине бут коюп, анын бийик чокусуна дейре чыгууга ниетинди биротоло бердиңби, уулум Адилет?» дегенсийт.

Адилет да бүгүн башка бала эле. Кийген кийими эле эмес, анын бүгүн дээрлик ич дүйнөсү өзгөрүлүп, бала өзүн учу-кыйырсыз чоң деңиздин жээгине келип тургандай сүрдөдү.

Храмдын короосун ал мурда кирип баратканда үстүртөн эле көз жүгүртүп өтүп кетчү. Бүгүн болсо ар бир көрүнүшүнө көз токтотуп, таңыркап карап атты. Баарынан бараандуусу кире бериштеги субурган эле. Бул бийик монумент - лама ишениминин, анын негизги формуласы болгон «Өмүр айлампасынын» символу болчу. Адилет, албетте азырынча субургандын тышкы көрүнүшүнө гана кызыгып өттү. Бир караганда эстелик адамдын тулкун элестетет.

Храмга дейре бүгүн Адилетти Таштан узатып келген. Анткени бул күн инисинин сырткы дүйнөдөгү, мындайча айтканда, акыркы күнү эле. Баланын калган өмүрү дээрлик храмдын ичинде өтмөк. Ал быякта канча жыл окуп, ким болуп, качан кайра элине кайтат? Мунун баарына Таштан эч кимден так жооп ала алган жок. Алышка да мүмкүн эмес экен.

 - Адилет, мен бүгүн түштө телефондон Бишкек менен сүйлөшөм. Ата-энене эмне айтайын?

- Салам.

 -Жылдыз менен да сүйлөшөм, –деди Таштан алдыдагы кубанычын балага жарыя кылгысы келип

 -Жылдыз эжеге да салам. Адилет Таштандын көзүнө орто жашап калган адам сыяктуу көрүнүп кетти.

 

***

 

Адилет бүгүн биринчи жолу байкады храмдын сырты төрт бурч сыяктуу көрүнгөнү менен ички коридорлору көбүнчө айланма, жарым айланма экен. Ошолордун бири менен Дей аны ээрчитип отуруп чакан бөлмөгө алып келди.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.