Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Келгиле эми, отуруп тилек тилейли!
- Аткарылабы?
- Жүздөн токсон учурда, – деди Це Цар.
Сапарчылар он мүнөттөн гана отурушту, тилекке каршы андан көп отурууга болбойт эле. Анткени, дал ошол кезде тынчтыкты бузуп, катуу-катуу кыжылдашып кытайдын бир туртобу келип калды. Алар үчүн бул жерде касиеттүү эч нерсе жоктой. Бажылдап отуруп тамак ичишип, айнек бөтөлкөлөрдү ташка уруп сындырышып, кандайдыр Тибеткеби, же анын элинеби, айтору жек көрүүлөрүн көрсөтүп жатышкансыйт. Аларды көрүп туруп Це Цардын өңү купкуу болуп, жаак эттери түйүлдү, бирок оозунан бир ооз да сөз чыгарбады.
- Мүмкүн болсо бул жерден тез кетели, - деди анан ал өзүнүн туртобуна кайрылып. Аздан кийин кеч кирет. Жатагыбызга жете баралы.
- Этьен, уулум! Сен ичинен бир каалоонду тилеп көрчү, болоор бекен, - деди Софи башкаларга угузбай шыбырап.
- Эмнени? - деди уулу тоолорду карап ийнин куушуруп,
- Жок дегенде мына бул муздак шамал басылсынчы. Тонуп кеттим.
Этьен апасынын айтканына макул болуп, ичинен тилек тиледи. Бирок шамал аны тоготпогонсуйт. Бала каалоосун дагы үч жолу кайталады эле будуң басаңдай түшкөнсүдү.
- Апа! Басыла түштү!
Этьен муну айтып оозун жыйгыча муздак шамал баланы бетке урду.
- Дароо эле боло коймок беле, - деди энеси менен баласынын шыбышын байкап калган Томас.
-Балким бул жердин шамалы Этьендин тилегин укпас. Анда эмесе «апамдын баш оорусу басылсын» деп тилеп көрчү, уулум.
- Тиледим апа. Басылдыбы?
Бир топ баскандан кийин Этьен апасына ушинтип айтты эле Софи башын таңган жолукту катуураак тартып колун шилтеди:
- Ого бетер күчөдү оорусу.
Жүрүштүн экинчи күнүндө кызыктар биринчи күнкүдөн көп болду. Анын эң негизгиси биринин үстүнө бири коюлган үйдөй болгон, андан да чоң жылмакай, бозомук, кызыл, күрөң таштар эле. Буларды ким көтөрүп биринин үстүнө бирин койгон? Азыркы көтөрүүчү техниканын биринин да күчү жетчүдөй эмес.
-Жанына барбагыла! - деди тургид дароо эскертип. Бул таштар тибеттин Бон ишенимине каршы күрөшүп жаткан кездеги улуу йог жана акын Миларепа сыйкырлаган таштар. Бирок баары эмес, кээ бирлери «кара сыйкыр менен дубаланган». Ошон үчүн аурасы жакпаган адам жанына барса басып калышы ыктымал.
- Жанына барбагыла!
- Миларепа өзү индуспу, же тибет болгонбу?
Таштандын бул суроосуна Тургид мындай деп жооп берди:
- Миларепа өзү Тибеттин дулун уруусунан болгон. Бирок Бон эмес будда дини үчүн күрөшкөн. Ал жаныбарлардын тилин жакшы билген. Ар дайым алар менен сүйлөшүп турчу. Миларепа жүргөн жерлерге дароо кумурскалар жетип келчү экен.
Аларга йог: «Э, кибиреген досторум! Бу дүйнөдө силерди эч ким тааныбайт, бирок эң мыкты уюшулган, акылдуу коомду силердей эч ким кура албайт». Аарыларга болсо: «Силердин эң таттуу эмгегинерге эч ким жолтоо боло албайт. Өнөрдүн жана ЭҢ МЫКТЫ даамдардын үлгүсүн көрсөтө бергиле». Тотукуш жанына келгенде Миларепа ага: «Сенин добушуна караганда сот же болбосо мударис болгуң бар го дейм». А жулкунган маймылга минтип эскерткен экен: «Сен кумурсканын уюгун талкалап, аарынын балын уурдап жедин Кыязы зордукчу болосуң го!»
- Мына мобул жалпак ташта калган из улуу окутуучу Миларепанын изи.
Андай көзү ачык олуя адам азырынча кайра туула элек. Бирок жакында укканыма караганда Жахан храмына алыстан бир бала келиптир дешти. Ошол баланын астрокартасын изилдегенде Миларепанын азыркы түгөйү имиш.
Муну укканда Таштандын бүйрү кызый түштү
- Ал бала кайдан келиптир? - деди ал чыдамсыз.
- Кыязы Тянь-Шандан го. Тянь-Шань тоолору биздин кошуна мекенибиз эмеспи.
- Баланын аты-жөнүн билбейсиңби?
- Жок.
Таштан эмне дээрин билбей Цезарды көпкө дейре жылуу көзү менен тиктеп турду. «Ал бала менин иним!» деп жар салып ийгиси келип, бирок антпеди. Маалымат али так эмес эле.
Миларепанын изи калган зор таштын бир капталын адам манжалары менен сүргүлөсө колуна кыпын-чаң жугат. Ошол туз даамданган чаңды тилге тийгизип, ичтен келме келтирүү да ишараттардын бирөө.
Андан ары барган кезде бийик асканын чекесинде дубал сыяктуу кыр турат. Кырдын адам бою ченинде жарым кулачтай тешик бар. Ошол тешиктен жүргүндөр баш салып төмөн жакты кароодо. Тимеле кезекке тизилип алышыптыр. Таштандар да барып турушту. Болгону Софини анча-мынча түтөк басып, аял башым деп көп нерсеге кызыкпай, оңу келген эле жерден отура калып чыкыйын мыкчыйт, үстү үстүнө таблетка ичет.