Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Эгерде алдыдагы дагы бир таңкаларлык окуя болбогондо Ранкиндер, өзгөчө Софи, бул ааламда сырдуу табышмактар, касиеттүү кубулуштар, адам акылы али жетпеген нерселер бар экенин биротоло танып баса беришмек беле.

Үчүнчү күнү сапар ортолоп калган ченде Ранкиндер тобу обочодогу эски монастырга келип өрүү болушту.

- Баса дейм да, учурдагы илим-билимсиз, ушул кунарсыз тоолордон башка эч нерсени көрүп-билбеген тибеттиктер кайдан эле астралдык касиетке ээ болсун.

Кийгендери байыркы тери тон, мингендери топоз болсо, - деп Софи жаңы эле кесир сөздөрүн күйөөсүнө айтып болгон.

Аңгыча Тургид сунуш кылып калды:

- Мына бул монастырда Кайласты жүз сегиз мерте айланып, толук Корага жетишкен лама жашайт. Кааласаңар жолуккула.

Таштан бул сунушка дароо макул болду. Софи албетте көңүлкош кол шилтеди, бирок күйөөсү, уулу баралы дегенден кийин жалгыз калгандан чочуп чогуу келди.

Келаткандарды тосо чыккан жаш монах ламанын жардамчысы экен. Ал топ менен кошо аял киши Софинин киришин адегенде ичкери барып лама менен макулдашып чыккандан кийин баарысы тең кууш өтмөк менен чубап, лама отурган бөлмөгө киришти. Бөлмөнүн дубалдары будданын жана башка касиеттүүлөрдүн сүрөттөрү менен шөкөттөлгөн. Түпкүрүндө адаттагыдай эле «Өмүр айлампасы» деп аталчу чортен (статуя) турат. Жапыз айнек столдун астына буттарын сунуп коюп кош жаздыкта кырмызы чапанчан, чачын кыска кырктырган лама отуруптур. Курагы бир топ эле жашап калгандай. Алдыга кирген Це-цар ламага чөк түшө калып жүгүнүп, анан туртобуна отурууга улуксат сурады. Лама башын көтөрүп жылмайды да «отургула» деп ишарат кылды. Андан кийин лама өз ишине киришти. Кандайдыр бир кагаздарды карап отурган экен. Столунда турган кызыл термостон өзүнө чай куюп алды. Келгендерге кыпындай көңүл бурган жок.

Бир маалда, беш мүнөтчө өткөн кезде ламаны карап отурган Таштандын кулагы тунуп, бөлмөдөгү аба коюланып кеткенсиди. Андан соң капкайдагы таң каларлык суроолор мээсине келе баштады. Кимдир бирөөнүн тааныш эле үнү ал суроолорду Таштанга угуза берсе Таштандын үнү аларга жооп берип атты. Суроолордун кээси татаал философиялык аныктамалар экенине карабай Таштандын жообу таптак. А кээлери Таштан мурда укпаган суроолор жана жооптор.

Таштан сыяктуу эле Ранкиндер да көздөрү алаңдап, бирин бири карап таңданышууда. Алар антип атса кырмызы чапан лама эч нерсе укпаган, көрбөгөн болуп кагаздарын барактайт. Жайбаракат ууртаганы чай.

Ламадан чыгаар менен болгон окуяны төртөө тең кызуу талкуулай кетишти.

- Сизге кандай суроолор берилип атты? - деди Це-цар Софинин чөккөн көңүлү ачылса экен деген аракетте жылмайып.

- Онкология боюнча.

- Өзүңүз онкологсуз да?

- Кесибим ошол.

- А сизге кандай суроолор берилди, Этьен?

- Мага эч кандай суроолор берилген жок. Математикадан эсептерди чыгарып аттым.

- Томас, сизчи?

- Мага жалаң эле ишиме байланыштуу ойлор келип атты. Шефим менен бир нерселерди талаштым.

- Туптуура. Биз кирген лама Тибеттеги атактуу телепат. Адамдын оюн окуй алат. А эң негизгиси адамдын мээсинин иштөө процессине өзүнөн чыккан электромагниттик нур менен таасир этет. Мисалы, сиздин аң-сезимиңизде кандайдыр бир ойлор кыймылсыз уктап жаткан болсо ошолорду ойгото алат, дүүлүктүрөт. А мээнин мүмкүнчүлүгү чексиз экенин билесиңер да.

- Анда эмне үчүн бул тоонун башында жалгыз отурат. Элдин арасына барып иштебеген мээлерди иштетпейби, – деди Томас юмор менен.

- Жакында эле Кытайдан келди. Кытай мамлекетинин чоңдору бу кишини дайыма чакырып турат. А өзү болсо «Архат» даражасына жетүү үчүн келет бул жакка

- Ал эмне, академик даражасыбы?

- Олуялык даража.

- Канча жыл окуш керек ага жетиш үчүн?

- Өмүр бою.

-Үйлөнбөгөн болуш керек? - деди Софи.

- Албетте кечил. «Дзон Капанын сары топучандары» дейт мындай монахтарды. Үйлөнүшпөйт.

- Мындай жашоонун кимге кереги бар? Түшүнбөйм! Өзү деле карып бүтүптүр.

Билимдин эми буга эмне кереги бар?

- Менин билишимче бул лама өлгөндөн кийин качандыр бир кезде кайра жаралат. Ошондо бүтпөй калган илимин кайра улантат, – деди Таштан сөзгө аралашып.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.