Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- «О, кудай, биз бейишке келиппиз!» – деди Анжела араңдан зорго эриндерин кыбыратып. Мен болсо үнсүз турдум. Көргөн көзүмө ишенбейм. Алдыбыз жомоктогу бейиш багындай. Өмүрүмдө мен көрбөгөн чоң-чоң жалбырактуу өсүмдүктөр. Азыр эле тонуп келаткан жаныбыз ысыктан дем ала албай тердеп чыктык. Аба кандайдыр күмүш нур чачкансып жылтырап, бүтүндөй коктунун таманынан буу буланат. Дал биз турган жерден оргуштап чыккан бир жеңдей суу ылдый карай тызылдайт. Баарыдан таңкалыштуусу коктунун чөбү белден. Миң түркүн гүлдөр жайнайт. Биз, экөөбүз тең жогорку билимдүү адамдар, геологияны жакшы эле окуганбыз, гейзер деген эмне экенин билчүбүз, мен Камчаткадагы кыштыр-жайдыр бууланып жаткан гейзерлерди телевизордон да көргөм, бирок момундай укмуштуу, элүү градус суукта көк муздун ичинде бейиштин болооруна ишенчү эмесмин. Эми мынакей өзүбүз үстүн бутубуз менен басып турабыз.

Анжела акырын эңкейип жанындагы ташка, чөпкө колун тийгизип көрдү да, мени карап «чын эле экен» дегенсип башын ийкеди. Андан соң мен да ошенттим, сууга да колумду салып баратып кыйкырып ийе жаздадым - кайнак экен.

Биз канчалык энгиреп турсак да акыры эсибизге келдик. Коктунун орто ченине чейин барып бир кургак жер таптык. Нечен доорлор бою тынымсыз өскөн чөптөр үстү-үстүнө жыгылып, куурай берип, тимеле көң болуп калыптыр. Эч кандай керебеттин кереги жок. Ошол жерге, борчукка такай палаткабызды тигип алдык. Экөбүз тең трусычан жүрөбүз. Бизден бир элүү метрдей жерде көл бар экен. Жакындап барсак абанын ысыктыгы кадим мончодогу парилкадай. Ошол кайнак көлдүн ичинде да камыш сыяктуу өсүмдүктөр өсүп, алтүгүл суунун чет жакаларында түрдүү жандыктар жүргөнсүп кыймыл байкалат.

Анжела экөөбүз сыйкырлап койгон кишилердей өтө аяр кыймылдап, үн чыгарбай шыбырашып сүйлөшөбүз. Бир маалда ал онтолоп жибергенсиди, карасам мага бир нерсе көрсөтүп атат. Бул жерде кадимки эле тоодогу жапалак арчалар

бийик дарак болуп узарып кеткен түрү бар, ошол дарактардын бутактары тропик токойундагы сыяктуу узун арканга айланып, дарактарга жылаандай оролуп өсөт экен. Ошол бутактар менен кошо жарыша жүзүм сыяктуу өсүмдүк өсүп, ал түгүл мөмөсү самсаалап турат. Кадимки эле жүзүм сыяктуу, бирок ар бир данынын чоңдугу абрикос өрүктөй. Биз жанына келдик да алып жесекпи деп бир шингилин кыркып алдым. Өтө ширин мөмө экен, бирок ичинде данеги жок. Данектен эмес, башкача жол менен көбөйгөн өсүмдүк окшойт. Даамы жүзүм эмес, шабдалы сыяктуу десем болот. Бара-бара биз тойгончо жей баштадык. Бирок көп өтпөй ичибиз өтө баштады. Анжела бир жакка, мен экинчи жакка тынбай чуркап калдык.

Бир сапар Анжела калчылдап коркуп келди да, мындай деди: «Мен дайыма бизди андыган бирөөлөрдүн көз карашын сезип атам» - дейт. Дал ошол сезим менде да бар болчу, бирок Анжелага айткан эмесмин.

- Коркпо, - дедим. Бул жерде киши кийиктер болушу мүмкүн, бирок алар бизге тийбейт. Коркок болот.

«Киши кийик» дегенди угаар менен Анжела дароо өңүнөн кетип менин жаныман таптакыр чыкпай жабышып калды. Экөөбүз аябай үңүлүп айлананы карайбыз, кулак төшөп тыңшайбыз. Бир сапар куураган бутакты сындырган дабыш алысыраактан угулду. Жүрөктөр болк этти, Анжела болсо палаткага кире качты. Мен шашкалактап тапанчаны октодум. Ошондон баштап биз эч иш кылбай эле айланабызды аңдып калдык. Акыры мен тапанча менен палаткадан чыга баштадым. Болору болсун дедим, эгер киши кийик кол салса атып таштоого туура келет. Эгер кол салбаса, аны көрөбүз. Жаныбыздагы агып аткан сууну ичсе болот экен. Жытына караганда күкүртү гана көбүрөөк окшойт. Ага карабай эле кайнатып ичели деген ойдо мен биринчи жолу от жактым. Өрт чыгарып албайын деп аябай сак кыймылдап атам. Кудай жалгап от ал жерде катуу жалындабай тынч күйөт экен.

-Анжела! - дедим мен акырын үн чыгарып, - кел отко жылын. Өзүбүз ысыктан дем ала албай энтигип аткандагы айткан биринчи тамашам ошол болду окшойт.

- Иети оттон коркот да, ээ? - деди Анжела палаткадан башын чыгарып.

- Коркпогондо. Түтүнгө келсе жөтөлүп атып өлөт болуш керек.

Баса, түтүн да анча булабайт экен. Абадагы нымдын коюулугу ушунчалык. Чай кайнатып ичип ич өткөгүбүздү басууга аракет кылдык эле, жардамы тийди окшойт.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.