Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Аз-аздап кайрадан мөмөнү жей баштадык. Ашказан көнсүн деп атабыз. Айланада киши кийиктер жүргөнүн эми даана эле билип калдык, себеби дабыштар көп. Атүгүл алардын үндөрү угула баштады. Мышыкча «мяу» деген сыяктуу, андан кийин горилланыкы сыяктуу «күрк-күрк» эткен добуштар угулуп атты. Бирок канча күн жатабыз бири да көзгө көрүнбөдү. Чынында эле өтө сак жаныбар сыяктанды.

Акыры бир күнү Анжела мөмө тергени барып, чаңырып ийди. Мен жанында эле болчумун, карай салсам жүзүмдүн далдасында, он метр ченде киши кийик бизди тиктеп туруптур. Бою эки метрге жакын, колдору узун, маңдайы өтө эле жапыз, чачы көзүнө түшкөн, ээги жокко эсе, тумшугу бери чыгып, көздөрү адамдыкындай экен. Күрөң-кызыл жүнү өтө эле жука өңдөндү. Кыязы ысыкка ыңгайлашып кеткендей.

Анжеланы карап жылмайгансып турду. Мен аны коркутуп коймок болуп тапанчамды асманга көтөрүп туруп курогун бассам от албай калды. Дагы бир бассам дагы от албайт. Оюма бир нерсе түшө калып жүрөгүм шуу этти. Мынчалык нымда балким патрондор нымдашып кеттиби! Дал ошондой болуптур. Бир да патрон от албайт. Денемди заматта кара тер басты. Чынымды айтайын, иним Адилет, өлөт деген ушул экен дедим. Жанагындай жерде тапанчадан айрылат деген эмне шумдук! Мен ок ата албаган соң коркконуман бычагыма жүгүрдүм. Кайра келсем киши кийик жок.

- Сен палаткага чуркаганда эле тигил дароо качып кетти, – дейт Анжела. Демек коркунучту бат сезет экен. Атам айтканы чын сыяктанды. «Алар өтө коркок болот» деген.

Рюкзагымдагы патрондор да жарабай калыптыр. Мен шашканыман алактап союл, таяк, таш-туш издей баштадым. Аларды таап келип босогого жыйып коюп, эпадам кандайдыр бир себептен тигилер кол салса кантип коргоноорумду ойлонуштура баштадым. Ойлогонум эле ошол болуп калды. Башка эч нерсе эсиме келбейт. Бычакты союлга таңып найза жасайын десем ал ар мүнөттө оокат кылганга керек. Ошентип «бейиштин төрүндө» мен үчүн эң жаман күндөр башталды.

Киши кийиктерден үч-төртөөнү көрдүк. Баягы биринчи жолукканы күн сайын бизге жакындай баштады. Алар да тигил жүзүм менен тамактанышат окшоду.

Күндө ошонун арасынан жолугушчу болдук. Биздин да негизги тамагыбыз эми жүзүм. Ысык сууда балык жок, жылан сыяктуу соймондогон жаныбар жүргөнсүйт.

Киши кийиктер ошону да жейт экен. Биз азырынча ага жете элекпиз.

Байкасак «кошуналарыбыз» бизге жамандык кылчу деле түрү жоктой. Кичине эле шектенсе дароо жылт коймой адаттары бар экен. Ошондон улам биз эми чочулабай калдык.

- Булар да адам сыяктуу жаралган, бирок башкача эволюцияга туш келишкен го, — деди Анжела да ой-жүгүртүп, анча коркпой.

Бир күнү «Антонго» бир момпосуй берип койду Анжела. Баягы киши кийикти биз дос катары көрүп, «Антон» деген ат коюп алганбыз. Ал биздин палаткага дейре коркпой келе алат, калгандары болсо жүзүмдүн арасынан шыкаалап турушат. Момпозуйду жеген соң Антон аябай ыраазы болгон сезимдерин билгизип катуу-катуу күркүлдөп, төшүндөгү жүндөрүн жулуп жиберди. Дагы бер дейт момпосуйдан. Анжела өзүнүн калган запасынан дагы эки-үч момпозуй алып чыкты эле, Антон күтүп турбай эле дароо колунан жулуп алып, кычырата чайнап кирди. Ошондо мен анын тырмактарын даана көрүп үрөйүм учкан. Тимеле беш манжасында бештен кинжал жүргөнсүйт.

Антон үчүнчү жолу момпосуй сураганда мен дароо өкүнө түштүм, буга таттуу берип бекер кылган экенбиз деп. Ал болсо биздин достукту чындап кабыл алган бойдон момпо издеп палаткага өзү киргени жүрөт. Анжела «кирбе» деп анын жолун тосту эле киши кийик чөгөлөй калып аялды жыттагылап кирди. Уят болсо да айтайын, иним, эркектик жапайы сезим менен аялдын жыныс жытын издеп жанталашат. Бул жапайы жаныбарда кадим иттики сыяктуу жыт сезими күчтүү белем, Анжела качса да болбой тумшугун анын этегине тыгат.

- Барлас, кетир нары муну! - деп Анжела чаңырып ийгенде мен союл менен киши кийикти чаап жибердим. Ошондо ал дароо жырткычка айлана түштү да, мага кол салды. Ушундай болуп калды, иним, мынабул денедеги тырыктын баары ошондогу кармаштан калган. Адам качан да болсо алданат экен го, чиркин! Ошол киши кийикке ишенгениме ушул убакка дейре айраң калам. Көрсө аны биз жырткыч катары эмес, киши катары кабыл алыппыз. Байкуш Анжелам да өзгөчө ишенчээк жан болчу. Мен тиги менен кармашып атканда анын бакырып, чаңырып атканы ушул убакка дейре кулагымдан кетпейт. Бир гана арманым - ошондо бычагыма жетпей калганым. Сыртта калган экен, а тигил айбан болсо босого жакты тосуп калган. Анын максаты Анжеланы менден талашып алып кетиш болду. Палатканын ичи тар болгондуктан мен аны союл менен чаба албай буйдалып калгыча тигил арбайган курч тырмактары менен көздөрүмдү бир нече жолу апчып, андан соң Анжеланы сүйрөй качты.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.