Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

А мындай алганда Адилеттин ички дүйнөсүнүн, ал кызыккан кыялдардын Таштандын илимине тийешеси жоктой. Ошентсе да баланы ушул Бишкек чөйрөсүнөн алыс алып кетүү агасынын оюнда дайыма уялап жүрчү. Муну ишке ашыруунун эң эле оңтойлуусу – Тибет. Анткени өзү ал жака барганы турат. Каражаты жок. Эгерде Адилетти өзүнө кошуп алса апасы Айзада каржылашы мүмкүн деп ойлоп, Таштан көп күндөр мурун жеңесин көндүргөн. «Кыргыз балдары Американы, Европаны кой Түркияга, Мекке, Мединага дейре кетип, окуп атышат. Алардын келечеги чектелүү – молдо же имамдан ашык адам боло алышпайт. Ал эми Тибет окуусу таптакыр башка билим, башка дүйнө. Ал жерде бүткүл ааламдын, планеталардын сыры катылган. Улуу ойлор топтолгон. Адамзаттын келечек тагдырын айткан илим-билим бар ал жерде. Кыргыздан али бир да бала барып окуй элек. Адилет биринчи болот. Бизден деле бирөө жетсин да Шамбалага1. Рух дүйнөнүн эң бийик чокусуна. Кийин баладан кандай адам чыгаарын бир Алла билет.

Көкүрөгүндө бир нерсе бар немени алып баралы ошол жакка. Жок эле дегенде тибет медицинасынын устаты болуп келет» деп Айзаданы абдан ишендирген. Сөздүн чыны, тибет окуусунун чоо-жайын Таштан өзү да даана билчү эмес, Айзадага да түшүндүрө алган жок. Бирок баласы демейдеги «бизнес», «юрист», «маркетинг», «менеджмент» кесиптерин айтса эле баш чайкап тургандыктан, Айзаданын айласы куруп жүргөн. Ошондуктан Таштандын айтканын өзүнүн ой жоруусу менен толуктады да, баласын Тибетке жиберүүгө макул болду. Бишкектин өзүндө эле «Тибет медицинасы» деген канча борбор ачылды. Ошолордун бириндей эле борборду Адилет уулу келечекте ачып алса болбойбу? Албетте болот! Бирок бул чоң маселени эми атасы Саламат менен макулдашуу керек эле…

– Адик, – деди биртопко унчугушпай баскандан кийин Таштан, – мектеп жөнүндө сөздү бүтөлүчү.

– Мен Жылдыз эжеден окуюнчу, байке!

– Жо, мен сени бир жака зордоп жиберейин деп аткан жокмун. Дегинкисин айтам. Башка мектеп жөнүндө сүйлөшкүң келбесе, анда мен да сөздү токтоттум.

– Жылдыз эжени кайдан табабыз?

– Тапса болот. Бирок аны адегенде апаң, атаң менен кеңешели … Коётур, Адик! Дагы бир сөз бар. «Ляп» деген эмне экенин билесиңби?

– Ляп?

– Ооба.

– Апийим го дейм.

– Сен тартасыңбы?

– Ляп эмес. Бир жолу кара куурай тартып көргөм.

– Кандай болот экен?

– Эки бала тартканбыз. Күлүп атып боорубуз эзилген. Ал мени карап алып күлөт. Мен аны. Күлгөн сайын кебетебиз укмуш бузулуп, анан ого бетер күлүп.

– Анан?

– Класстагы балдарга айтып берсек алар бизди шылдыңдап коюшту.

– Эмне деп?

– Мактанышат. Биз небак «стеклого», промедолго өткөнбүз. А сен экөөң сопляк, сасыган кара куурайды биринчи жолу тартыпсыңар деп.

– Анан?

– Болду. Ошону менен дагы бир жолу тарттык, анан тартпай калдык.

– Эмнеге?

– Билбейм. Жөн эле тартпай калдык.

– А тиги балаңдын аты ким?

– Аны экинчи жолу тартканда атасы кармап алып сабап салган. Ошондон кийин жолобойт.

– Экинчи тартпайбы аның. Ишенесиңби?

– Унутуп да калды.

– А сенчи?

– Мен дагы.

Адилет байкесин карап ууртунан күлүп койду.

 

* * *

 

«Восток-5» кичирайонундагы «Иэзабель» менчик еврей лицейи мурдагы бала бакчанын биринчи кабатын ээлеген экен. Жылдыз эжейин ал жерден табуу кыйын болгон жок. Бирок, танаписке чейин фоеде күтө турууга туура келди.

– Мен еврей тилин билбейм да, – деди Адилет Таштанды жеңден тартып саруулап. Таштан мостоюп тамашалады:

– Кыргызча окугуң келбесе, еврейче окуйсуң да…

Аңгычакты балдар топурап танаписке чыгышты. Адилет балдардан сүрдөп, атүгүл тердеп кетти. Чурулдаган немелердин көбүнүн кулагында же мойнунда илинген радионаушниктери бар экен. Кийингендери башкача.

Жылдыз Карабаева фоедеги тааныш адамдарды көрүп, таңыркай калды:

– Адилет, сенсиңби?

– Саламатсызбы, эжей. – Адилет жер карады.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.