Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Жер бетинде айбандар менен бирге жашап, Адам ата, Обо эне тукуму аябай көбөйөт. Бир күнү алар чогулуп « Биз эмне үчүн өлбөс эмеспиз, эмне үчүн түбөлүк жашабайбыз, муну биз Кудайдан сурап, талап коёбуз, ага жетебиз», — деп Баабил шаарындагы дөбөгө бийик мунара сала башташат. Баабил мунарасы күндөп-түндөп бийиктей берет. Акыры Кудайга жете турган болгондо Кудай таала амал ойлойт. Адамдардын өңдөрүн да, тилдерин да ар башка кылып салат. Ошондо Баабил мунарасын салып аткандар бирин-бири түшүнбөй калат. Мунара токтойт. Адамдар болсо ошентип өлбөс боло албай, жерде айбандар менен биротоло жашап калган экен, алар адилетсиз.
Анткени эң эле биринчи кылмышты Адам ата, Обо эненин өз балдары баштаган. Эмне үчүн Кабл өз иниси Хаблды өлтүргөн? Көрө албас, ичи тар болгондугу үчүн. Энеси Обо кичүү уулу Хаблга айткан болчу: «Агаңды шайтан азгырып дос кылып жүрөт, сак бол, ичиңдеги кубанычыңды ага айтпа», – деген. Бирок Хабл айтып койгон. «Мен Адам атам бөлүштүргөн боюнча малдын пири болгон соң, Алла таалага бир кара койду курмандыкка чалсам, ал зыяратымды кабыл кылды. Кудай мени жакшы көрдү», — деп мактанган. Эртеси эле «мен дандын пиримин» деп Кабл толтура кап буудайды Аллага багыштаса ал кабыл кылбай коёт. Ошого ичи күйгөн агасы инисин таш менен башка уруп өлтүргөн. Ал экөөнөн тең көп балдар калган. Баарынын тең канында жакшылык менен кошо жамандыктын бүртүгү жүгүрүп турат. Ал бүртүк токтоосуз көбөйө берген…»
Төртүнчү класстын баласы жазган дил-баянды окуп бүткөн соң, кош сызык дептердин эки барагын кармалап, Таштан күлүмсүрөп отурду. Адилеттин зиректигине, уккан-билгенин, Таштан өзү берген китептерден Кудай жөнүндө окугандарын бүт эптештирип жазганына ичи элжиреди. «Карасаң, Вавилонду «Баабил» деп шумерче өз аты менен бергенин. Алардын жомогун анык кыргыздыкындай кылып койгонун кара! Балким түбү бир болсо керек… Бул баладан чыгат! Бирок…» Телефондун үнү Таштандын оюн бөлдү. Трубканы алса Жылдыз эжей экен.
Үнү негедир кубанычтуу.
– Адилет биздин лицейден окууга макул болду! – деди Жылдыз сүйүнчүлөгөндөй.
– Кандайча? Еврей лицейиненби?
– Окуу бизде негизинен орусча, англисче. Мен буларга кыргыз тилинен сабак берем. Иврит сабактарынын ордуна Адилет орус, англис тилин окуй турган болду. Деректир менен сүйлөшүп койдум.
– Мм… апасы чечсин. Ансыз болбойт.
– Албетте. Бирок сиз сүйлөшүңүз. Же болбосо мен сүйлөшөйүн.
– Мен апасын сизге алып барсам кандай болот? Окуунун акысын да макулдашыш керек го?
– Ооба. Бул өзү кымбат лицей. Мен Айзаданы жакшы билем да. Апкеле бериңиз! Баса, сочинениесин окудуңузбу Адилеттин? Төртүнчү класста жазган. Кайра өзүмө бериңиз! Мен аны катып жүрөм.
– Бала сизге сырын айттыбы деги?
– Негизинен сизге айткандарды мага да айтты окшойт.
– Гравитациялык коридорлор жөнүндөчү?
– Ошону түшүнгөн жокмун, кечиресиз. Планеталардын аралыгында дейби, ошондой коридорлор бар имиш.
– Анда сизге да четин айткан экен. Ошону издейм деп жүрүп бу шайтан сабагын таштап атпайбы. Бирок сиздин тилиңизди алат. Ошого ишенебиз. Калганын барганда сүйлөшөлү ээ?..
* * *
Үч күндөн кийин Адилет Нарбаев «Иэзабель» еврей лицейинин бешинчи классына отуруп окуй баштады.
– Биз кыргыз мектебинен балдарды өзүбүзгө албайбыз, аны жакшы билесиз. Жалаң гана сиздин сөзгө ишенип алдык. Эгер бу балаңыз төрт классты бешке окуганы чын болсо, көрөбүз,.. – деп лицейдин кожоюну Анри Брудный Жылдызга сылык айтып, мойнуна тымызын доомат илип койду.
– Балага ишенем!, – деди Жылдыз чыгып баратканда деректирдин кабинетинин эшигин демейдегиден катуу жаап. Анри Брудный артынан карап, башын чайкады. Ал Жылдызга тийишип жүрчү.
Адилет түштөн кийин мектептен келген бойдон жазуу үстөлүнөн алыс жылбайт. Мындай тартипке чымырканып жүрүп көнүп да алды. Болгону анда-санда компьютерине отура калып ойнойт. Көбүнчө жылдыздарга саякат жасаган видеокассеталарын тегеретип, ааламдагы гравитациялык коридорлорду издейт.