Казат Акматов: Архат

Тогузунчу бөлүм

Казат Акматов: Архат

Ошол кычыкка алпарып Дей Мани Ясого деген Лама Цунун үч катын кошо катты. Бул ишти ал көкүрөгүндө пайда болгон, бирок өзүнө да белгисиз бир шекшинген, же болбосо жоопкерчилик сезимдин күчү менен жасап салды да эшикке чыкканда: «Эмне болсоң ошо бол» деп өзүн сооротконсуду.

Бирок таңаткыча уктай алган жок. Панчен-лама дагы түнү бою жалаң ошол каттарды эле эстеп жаткансып эртеси Дейди дал таңкы табынуунун маалында чакыртып ийиптир.

- Канакей каттар? - деди ал Дей киргенде саламын албай туруп эле. Түрүнө караганда ачуусу келип калгандай.

 - Урматтуу Панчен-лама, каттар Лама Ясодон башка бир дагы адамдын колуна тийбесин деген эле.

 - Ким?

- Лама Цу. Менин ардактуу жетекчим.

- Демек, сенин ардактуу жетекчин башка кишилерден жашыра турган сөз жазса керек Мани Ясого. Көрөгөч Далай-лама бекеринен издетип аткан жок ал каттарды. А сен, кембагал Дей, ардактуу жетекчиндин артынан кеткиң барбы, же болбосо дагы жашайсынбы?!

- Жашагым бар, урматтуу таксыр.

 -Апкел андай болсо катты. Табынуу бүткүчө апкеле кал. Кечиксең таарынба Ансыз да улуу көсөмдү кечээтен бери күттүрдүн! «Улуу көсөмдү күттүрдүң!» деген сөзду ректор монах Дейди калтек менен башка чапкандай доош менен айткандыктан, ал бөлмөдөн чыгып баратып теңселе түшкөндөй болду. «Далай-ламаны күттүрүп койдумбу?» деди андан ары бара түшкөндө жүрөгү оозуна тыгылып. Көрсө ыйык Далай-лама өзү суратып аткан турбайбы!» «Далай-лама!»

Дей куру кыялында нечен-нечен көкөлөп, далай жакшы, бийик зоболого жетип кайра түшүп жүрчү, бирок моминтип реалдуу турмушта Далай-Ламанын дал өзү менен кандайдыр бир жагдайда байланышып, болгондо да аны зарыктырып күттүрүп коём деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Кирмек да эмес. Бирок турмуш дегениң кээде кадим эле жомок сындуу боло берет турбайбы.

Монах Дей өз бөлмөсүнөн өтө түшүп анан подвалга кирмекчи болуп баратты эле, ошо кезде аны бир зор күч этектен тарткандай токтотуп, атүгүл бөлмөсүнө зордоп кийирип салды. Ал эмне күч экени белгисиз, айтор кежигеси кежейип эле подвалга баргысы жок. Каттарга жологусу жок.

Дей бөлмөсүн ичинен илип алды да, өзүнүн көптөн берки кир, жыты буруксуган төшөгүнө көмөрүлүп жатып алды. «Таңкы табынуу бүтпөй турса экен» деп адегенде анын жүрөгү ошого кыпылдады. Ага болбой эле таңкы табынуу бүтүп, атүгүл атайын Дей уксун дегенсип тарагандар анын эшигинин дал түбүнөн бакашака сүйлөшүп өтүп кетип жатышты. «Андай болсо Панчен-лама мени унутуп, чакырбай коё турса экен» деп анын жүрөгү эми ошого кыпылдады. Турмушуң түшкүр ага да болгон жок.

Панчен-лама тезинен келсин деп атат! - деди үн.

Бул, албетте жардамчынын үнү. Атаганат, бул турмушту алдоого түк болбос! Монах Дей жаткан тейинде бүкүлү турду да үндүн күчүнө багынып илкип берди. Панчен-Ламада кишилер бар экен, ошого карабай эле ал Дейди «кирсин» деп коңгуроосун ачуулу басып-басып алды.

- Ал каттарды кармоого кандай акың бар?! Сен кимсиң анте тургандай?! Ал деген ыйык Миларепага арналган каттар! Эмне үчүн апкелбейсиң?! Ал каттардын мамлекеттик мааниси бар. Сен түшүнөсүңбү ушуну? Же түшүнбөйсүңбү?! Же мамлекеттик ишке тоскоол болоюн дедиңби?! Айт жообунду?!

Тигиндей бирукмуш бийик сөздөрдөн кийин монах Дей өзүн таптакыр жоготуп тургандыктан Панчен-лама: «Айт жообуңду!» деп дагы бир жолу кыйкырууга мажбур болду.

Ошентсе Дейдин капыстан өңү бузула түштү. Жаак эттери түйүлүп, бетинин чүкөсү чыга калды, бирок өзү баягыдай эле унчукпастан жер тиктейт.

- Эмне тилиң кесилдиби?! - деди Панчен-лама эмнегедир Дейдин өңүнүн кубарып кеткенин байкабай эле кайтадан кыйкырып.

Ошондо Дей токтоно албай калды. Ыйлап жиберчүдөй оозун кемшиндетип:

-Лама Цунун өзүнөн сурап алгыла каттарын! Ал көрүндө тирүү отурат. Эмне мени кыйнайсыңар?! -деп киркиреп жиберди. Андан кийин бөлмөдөн шарт чыга качты...

 

***

 

Далай-лама жеңил халатын үстүнө жамынып, ажатканасына кирсе, желелүү бурчта бир жөргөмүш түнкү көпөлөктү торуна түшүрүп алып өлтүрө албай арбаңдап чуркап аткан экен. Ары бир кетет, бери бир кетет. Уулуу тумшугун денесине матырайын десе жандалбас урган көпөлөк канаты менен каккылап жолотпойт азырынча. Күтө турайын десе жөргөмүштүн жаны чыгып, курсагы ач. «Табигат өзү дал ушундай жаралган. А менин тибеттик лама туугандарым ушуга каршы» - деди Далай-Лама: бирөө чымындай жаны үчүн, бирөө ач курсагы үчүн кармашып жаткан эки макулукка мыйыгынан жылмайып.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.