Казат Акматов: Архат
Онунчу бөлүм
ОНУНЧУ БӨЛҮМ
Лама Бусмен бул түнү аябай жаман уктады. Ары оодарылып, бери оодарылган сайын жапжаңы Джиптин арткы орунтугу кычырабаса деле кычыраган сыяктуу. Түн ортосу оогондо алар токтогон тыптынч эле дөбөнү кайдан-жайдан келген жаан аралаш добул уруп-сабап, үч тоннадан ашык машинаны тимеле жулкулдатат. Андан соң добул тып эле басылып калды.
Лама Бусмен болсо добулдун басылганына ишенбей күтүп жата берди, жата берди. Уйку-соодо көп жаман нерселер түшүнө киргенсиди, бирок бирин да эстей албай калыптыр. Акыры таң супа салып, айнектер агарып кетти, бирок добул ошол бойдон кайтып келген жок.
- Тургула, мырзалар, – деди салондун потологун тиктеген тейде, түндөгү капыстан келген добулду ичинде жакшылыкка жоруй албай акырын сүйлөп.
- Тургула. Уч ай үч күн өттү. Ыйык Миларепаны бүгүн сүкүттөн чыгарышыбыз керек. Ал бизди күтүп жаткандыр. Тургула. Үңкүрдүн оозу дал баягы үч ай, үч күн мурдагыдай экен. Эч өзгөрүү жок. Ташы-таштай, куму-кумдай дегендей бардыгы тең орду-ордунда. Буерге эч бир жандык, атүгүл канаттуу куш конбогону билинип турат. Лама Бусмен дасыккан пандит эле. Адамды сүкүттөн чыгаруу өтө кылдат, опурталдуу иш экенин ал билчү. Эпадам олдоксон иш кылып чочутуп алсаң, сүкүттөгү адам майып болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан Лама Бусмен адегенде үңкүргө жалгыз өзү келди. Эч дабышсыз келип тешикке кулагын тосту. Эпадам сүкүттөгү кишинин дем алуусу угулса, анда ошол ыргакка кошула дем алып оту руп Лама Бусмен акырындап Мани Ясонун сезимине ойготуучу психикалык сигнал бере баштамак. Антейин десе сүкүтчүнүн дем алуусу угулбады. Бир аздан кийин Лама Бусмендин өзүнүн сезимдери дүргүп чыкты. Анткени айлана-чөйрө өзү үңкүрдүн бопбош экенин сездирип турду.
Ошентсе да ал абайлады. Колуна кармай келген жыпар чөптү күйгүзүп үңкүрдүн тешигине кармады. Жыттуу түтүн ээн үнкүрдүн ичине толуп чыкса да эч натыйжа берген жок. Ошондо Лама Бусмен анык чочуду, жата калып үңкүрдүн ичин карады -эч нерсе көрүнбөйт, угулбайт, сезилбейт.
-Эй, мырзалар, тез келгиле! -деди ал ошондо тигиндейрээкте жалдырап турган жансакчыларды шашылыш чакырып.
Жансакчылар жүгүрүп келди да, Лама Бусмендин буйругу менен үңкүрдүн оозун ача башташты. Анчалык ачып деле кереги жок болду себеби, үч-төрт ташты алганда эле көрүндү үнкүрдүн ичи ээн экен. Ыйык Миларепадан, же болбосо Лама Ясодон дайын жок!
-Ээ, эй! - деди Лама Бусмен эмне айтаарын билбей. Калгандарынын да оозуна сөз келбей дапдаарып турушту.
- Улуу урматтуу Далай-ламага кандай жооп беребиз? Лама Бусмендин эптеп тили чыккансыды.
Бирок анын сөзүнө эчким жооп айта алган жок. Акыры жансакчы Чоро мындай деди:
-Үңкүрдүн оозун толук ачып аржагын карайлычы, балким аркасында чыгып кетчү жери бардыр. Дароо ошентишти. Бирок аркасында тешик тургай эчнерсе жок. Мани Ясонун төшөгү, идиш аягы, бардыгы тең орду-ордунда экен, өзү гана жок.
- Кайдан издейбиз?! - деди Лама Бусмендин өңү бозоруп. Ал тургандардан эч жооп укпаган соң бул суроону эми өзүнө-өзү дагы бир мерте кайталады.
- Ыя, кайдан издейбиз, ыйык Миларепаны?..
***
Ыйык Миларепа бу мезгилде дропалардын жолбашчысы Лурган-ла менен жайма жай сүйлөшүп отурган. Өткөн жолкудай эле бөлмөнүн ортосундагы жез табактагы аңкыган чөптүн жыты.
Болгону, бу сапар бөлмөдө көптөгөн беткаптар пайда болуп калыптыр. Сары, жашыл, кызыл, ак беткаптардын кебетелери бирок мынабул дропаларга окшобойт. Беткаптар сулуу десең сулуу, бир ажайып адамдардын алдаканча жылдыздуу өндөрүн берип турат.
-Биз дагы өз майрамыбызга даярданып жатабыз, – деди Лурган-ла беткаптарды жандили менен карап турган Мани Ясого.
- Эмне майрам, качан болот?
- Биздин майрам «Сириус үч» планетасы Сириустун өзүн 50 жолу айлангандыгына карата өткөрүлөт. Силердин жыл эсеп менен алганда он жылда бир.
- Мынабул беткаптар силерге такыр окшобойт ко? - деп Мани Ясо жылмайды.
-Окшобойт. Жерге түшкөндөгү дагы бир жоготконубуз ушул өзүбүзгө өзүбүз окшобой калдык. Менимче азыркы мынабул ырбыйган кебетебиз кислороддун аздыгынан жана кургакчылыктан улам пайда болду окшойт. Бул жер абдан бийик экен, биз үчүн.