Казат Акматов: Архат
Он экинчи бөлүм
ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
__________________________________________________________________
Мындайды эчким күткөн эмес. Лама Тойбанын кыял-жоругу айдын төртүнчү күнүндө, Лхасанын Түштүк монастырында дарс окуп жаткан кезде таңкаларлыктай өзгөрүп кетти. Зал толтура эл болчу. «Тибеттин учурдагы финансы саясаты» деген темага кызыккандар көп эле. Демейде токтоо, алибеттүү, өзүн салабаттуу кармаган Лама Тойба капыстан эле кучактап турган жыгач трибунадан жийиркенген сыяктуу боюн ала качып, залдагы угуучуларын үстүртөн карагансып, кекирейип калды. Биртоптору аны чүчкүргөн атат ко деп ойлоп турушкан. Лама Тойба чүчкүрүгү жок эле ошол керсейген кебетеси менен бир башкача сүйлөй баштады:
- Мен Будда Саки Мунини түшүмдө көрүп жүрөм. Бир эмес көп жолу көрдүм. Кадимкидей кол алышып, сүйлөшүп, досторчо эле дидаарлашып жүрөбүз. Канакей, Тибеттен менден башка ошондой лама барбы? Албетте жок. Эгер болсо көрсөткүлөчү!
Залдагылар таңкалганынан үнсүз дымып калышты эле Лама Тойба кайрадан күчөдү:
- Ии, көрсөтө албайсынарбы?! Ошон үчүн менин ар бир айткан сөзүмдү илип алып, мээңерге бекем түйүп койгула. Каржы кредит боюнча силерге эчким мендей билим бере албайт. Баардыгын тескери жасашат!, - деди аңгыча ал кимге дир ачуусу келип албууттанып.
- А Далай-лама болсо дал ошол каңгыбаштарды угат! Ошолордун сасык саясатын жүргүзөт. Натижада Тибет эмне болду? Банкрот!
Угуучулардын ичинде биртоп жооптуу кызматкерлер, өздөрү дарс окуган пандиттер да бар болчу. Алар бирин-бири карашып, Лама Тойба өкүмдардын дал өзүн уламдан-улам күчөп сынга алып, трибунадан ыргып кетчүдөй обдула баштады. Алар бардыгы тең билишчү Лама Тойба Далай-ламанын жердеши, атүгүл тууганы экенин. Ошондуктан Лама Тойба жакында эле кызматынан түшсө да, баары бир кайрадан чоң креслого отурат деп эсептешчү. А биерде андай болбой тескери кетип атпайбы өзү.
- Мен мындан ары чындыкты эч жашыра албайм! Болгонун болгондой айтам. Себеби, аны мен айтпасам ким айтат? Бардыгыңар башыңарды тизеңерге катып отурасыңар!, -деди да Лама Тойба андан ары оолугуп отуруп Далай-Ламага жалпы баарыбыз каршылык көрсөтөлү дегенге чейин жетип албууттанды.
- Мындайды угуп көрбөгөн тибеттиктердин чынында эле үрөйү учту. Эпадам ушунун баарысы Далай-Ламага жетсе: «Залда отургандардын жок дегенде бирөө келжиреген Лама Тойбага сөз кайрып, токтотуп койбоптурбу?» деген доомат туулбайбы. Андан ары залда кимдер отуруптур деген закондуу сөз чыгат. А кимдер отурганын тактай коюш кыйынбы? Албетте кыйын эмес...
Кийинки жумада Лама Тойба өзү төрага болгон соодагерлер коомунун кезектеги жыйынын өткөрүп, ошол жерде да Далай-ламага каршы катуу чакырык жа сайт. Өзү иштеген коомдук уюмда анын абройу зор болгонуна карабастан, ал жердегилер төраганын эч түшүнүксүз чабуулуна макул эмес экендиктерин айтып экиүчөө сөз сүйлөйт.
-Силер Далай-ламага кошомат кылбагыла! Чындыкты сүйлөгүлө. Болбосо биздин уюмдан чыгып кеткиле! - деп Лама Тойба сүйлөгөндөрдү коркуга баштайт.
Ошондо соодагерлер коомундагы жыйын чоң чатакка айланып, отургандар Лама Тойбаны трибунага тургузуп алышып, туш-тушунан камап сурака алышат:
-Урматтуу Лама Тойба сизге эмне болду? Булугу жок, асманда чагылган чартылдабайт эле го. Сиздин бужоругуңузду кандай деп түшүнсөк болот? Дагы бирөө айтты:
- Кадырлуу төрага, мурда Тибеттин бир дагы Далай-ламасы соодага, акчага, өлкөнүн байлыгына мынчалык эркин жол аччу эмес эле. Жалаң рух дүйнө деп калган турмушту карачу эмес. Эми болсо биздин гүлдөгөн доор келди. Соодагерлер качан эле Тибеттин эң ардактуу адамдары болчу элек? Качан да болсо ламалар, ал түгүл жөпжөнөкөй монахтар башыбызга чыгып турчу эмес беле. Анан моминтип биздин күн келгенде сиз өкүмдарга каршы турганыңыз кандай?
Лама Тойба ушундай деп өзүнө тике караган, зал толтура көздөрдөн бираз жалтангансыды, бирок анын ички ой туюму биротоло өзгөрүп, башкача болуп калган болчу. Ал азыр залдагы өзүнүн шериктештерине ушунчалык кыжыры кайнап, жанагы суроо узаткан экөөнү тимеле залдан айдап чыккысы келип турду.
- Силерге кор болгон кайран мен! – деди ал көпкө ойлонуп тургандан кийин, калчылдап.